Георгий тасмачасына кайсы өлкөлөрдө тыюу салынган?

тасма

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS

Орусияда Георгий тасмачасын жакында аскердик даңк символуна теңештирип, аны кордоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилиши мүмкүн. Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө аны аскерий агрессиянын үгүтөөчү символ катары алып жүрүүгө жана орнотууга тыюу салынган.

Мамлекеттик Думага “Бирдиктүү Орусия” (“Единая Россия”) партиясы киргизген мыйзам долбооруна ылайык, Георгий тасмачасын эл алдында кордоо үчүн кылмыш же административдик жоопкерчилик каралат. Ошондой эле тасмача башка максатта колдонгон учурлар токтотулат.

Аскердик даңк символун эл алдында кордоо үчүн юридикалык жактарга үчтөн беш млн рублга чейин айып пул салынат, ал эми жеке жактарга үч млн рублга чейин айып пул же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Интернетте Георгий тасмачасын кордоо үчүн экиден беш млн рублга чейин айып пул салуу же беш жылга чейин абакка кесүү сунушталууда.

“Биздин милдетибиз Георгий тасмачасын мыйзам деңгээлинде таануу жана биздин биримдик менен жеңиштин символун расмий түрдө коргоо”, - деди мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Мамдуманын жарандык коомду өнүктүрүү, коомдук жана диний бирикмелер маселеси боюнча комитетинин төрага орун басары Ольга Занко. Анын айтымында, кээ бир өлкөлөрдө бул тасмачаны тагып жүргөн адамдар “кысымга кабылып, кордолуп, ур-токмокко алынат”.

Кордогон же сабаган учурлар тууралуу так маалымат жок, бирок бир катар өлкөлөрдө бул символду алып жүрүүгө чынында тыюу салынган же аны колдонуу айтылбаганы менен жактырылбайт.

Контекстке ылайык

Георгий тасмачасын пайдалануу контекстине ылайык мааниси өзгөрөт. Орусияда бул согушту эстөө символу болуп таанылат, ал көптөгөн адамдар тарабынан кубатталат жана таратылат. Ал эми чет өлкөлөрдө (көбүнчө постсоветтик мейкиндикте) тасмача биринчи кезекте аны тагып жүргөндөрдүн орусиялык, консервативдик жолду кармангандыгы жана жергиликтүү бийликке берилбегендигин билдирет.

Георгий тасмачасы 1769-жылдын 26-ноябрында (7-декабрда) ыйык Георгийдин орденинде пайда болгон, аны Екатерина II согуш майданындагы жеке эрдик үчүн негиздеген. Тасмачадагы кызгыл сары түс жалынды, ал эми кара түс түтүндү билдирет деп эсептелет.

2000-жылдары Орусияда бул символ жаңы мааниге ээ болду: ал 9-май улуу ата мекендик согуштун эстелиги катары пайдаланыла баштады. Георгий тасмачасын тагып жүрүү акциялары Орусияда 2005-жылы башталды. Жаңы салт бийлик тарабынан демилгеленгени менен ал коом тарабынан жалпысынан жакшы кабыл алынган.

2014-жылы Георгий тасмачасы иш жүзүндө Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчил активисттердин расмий белгиси болуп калган. Мындан улам аны көпчүлүк терс кабыл ала баштаган. Ал эми постсоветтик өлкөлөр аны орусиялык пропаганданын символу катары карап, тасмачаны колдонуудан баш тарта баштаган.

Кайсы өлкөлөрдө Георгий тасмачасын тагынууга тыюу салынган?

Украина: 2017-жылдан тарта салынган тыюу

Украинанын Жогорку Радасы 2017-жылы Георгий тасмачасын жасоо, тагынуу же эл алдында колдонууга жоопкерчилик тууралуу административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген.

Документте Георгий тасмачасын эл алдында колдонууга, демонстрация же тагынуу үчүн 850дөн 2 550 гривнага (28ден 86 долларга) чейин айып пул каралган.

Өлкөдө коммунисттик символиканы чыгаруу жана таратуу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Литва: Орусиянын Клайпедадагы консулдугунун маңдайында украин желегинин түсүндөгү тасмалар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Литва: Орусиянын Клайпедадагы консулдугунун маңдайында украин желегинин түсүндөгү тасмалар

Литва: “Аскердик агрессияны пропагандалоо”

Литванын парламенти ушул аптада административдик укук бузуулар кодексине жана жыйналыштар жөнүндө мыйзамга “аскердик агрессияны пропагандалаган белги жана символдорго” тыюу салган өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өлкөдө Георгий тасмачасына тыюу салуу менен чектелбестен “Z” жана “V” белгилерине да тыюу салган. Өзгөртүүлөр “тоталитардык жана авторитардык режимдердин аскердик агрессия, адамзатка каршы жана аскердик кылмыштарды жасоо үчүн колдонгон же колдонуп жаткан символдорду илгерилетүүгө жана демонстранциялоого” тыюу салат.

Бул бузуулар үчүн Литвада физикалык жак 300дөн 700 еврого чейин айыпка жыгылат, ал эми юридикалык жакка 600дөн 1000 еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Латвия: “Демократиялык тартипке коркунуч келтирүү”

Латвиянын Сейми өткөн жылдын ноябрь айында оюн-зоок жана коомдук иш-чараларда, жөө жүрүш, пикет жана чогулуштарда Георгий тасмачаларды колдонууга тыюу салган.

“Орусиянын Украинага экспансиясын жана анын мурдагы СССРдин өлкөлөрүнө карата тоталитардык идеологиясын эске алуу менен Латвиянын өзүнүн демократиялык тартиби менен коопсуздугуна толук кандуу кооптонууга негиз бар”, - деп билдирген адам укуктары жана коомчулук менен байланыш комиссиясынын төрагасы Артусс Кайминьш.

желек

Сүрөттүн булагы, GINTS IVUSKANS/AFP VIA GETTY IMAGES

Ошондой эле Латвияда СССРдин, анын республикаларынын жана нацисттик Германиянын желегин, гербин, гимнин, ошондой эле нацисттик свастикаларды, СС белгилери менен советтик символдорду - беш бурчтуу жылдыз менен орок жана балканы пайдалануу максаты “тоталитардык режимдерди даңктоо же жасалган кылмыштарын актоодон” тышкары колдонууга тыюу салынган.

Тыюуну бузгандарга эскертүү же айып пул түрүндө жаза каралган: физикалык жактар үчүн 350 еврого чейин, юридикалык жактар үчүн 2900 еврого чейин.

Молдова: “Аскердик агрессиянын контекстинде”

19-апрелде Орусиянын Украинага каршы “аскердик агрессиянын контекстинде” Георгий тасмачасын Молдовада колдонууга тыюу салынган, бул тууралуу мыйзамга президент Майя Санду кол койгон.

Укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөр Георгий тасмачасын кийүүгө, ошондой эле “Z” жана “V” символдорун көрсөтүүгө тыюу салат. Бул үчүн 4,5 миңден 9 миңге лейге чейин (243 доллардан 486 долларга чейин), юридикалык жактар үчүн 30 миң лейге (1621 доллар) чейин айып пул каралган.

“Бул 77 жыл мурунку согуштун символдоруна каршы тыюу эмес, ал Украинадагы бүгүнкү согушка байланыштуу”, - деп ишендирди президент Майя Санду.

“Бүгүн украиндердин өлтүрүүлөрүн актагандар эртең же болбосо бүгүн молдовандардын өлүмдөрүн талап кылышы мүмкүн. Бүгүн согушту айыптабагандар өз убагында талоон, Холокост жана депортацияларды айыптабагандарга окшош”, - деди ал.

Эстония: “Чагымдардын алдын алуу үчүн”

Эстония ушул аптада башка өлкөлөрдүн артынан 9-майга карата “чагымдарды алдын алуу үчүн” аскердик символиканы колдонуу менен коомдук чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салды.

Полиция жана чек ара күзөт департаментинин башчысы Эльмар Вахер ERR басылмасына билдиргендей, эгерде Таллин шаарындагы Коло аскердин эстелигине демонстрацияга баргандар Георгий тасмачасын кийген же орок жана балканын же орусиялык желекти көтөрүп чыкса, анда полиция аралашат.

Тасмачаны кийип жүргөнү үчүн азырга чейин жаза караштырылган эмес - мүмкүн полиция аны алып таштоону суранат. Өлкөдө Георгий тасмачасын, “Z” жана Орусия менен байланыштуу символикага тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатат.

“Мыйзам долбоорунун максаты - агрессияны актаган же согушка чакырган ар бир символго тыюу салуу. Эгер адамды сөз менен тартипке чакыруу мүмкүн болбосо, кылмыш иши козголот”, - деп түшүндүрдү Эстониянын юстиция министри Марис Лаури.

Грузия жана Борбор Азия өлкөлөрү: Тымызын тыюу

Грузия жана Казакстанда Георгий тасмачасына тымызын тыюу салынган. Грузияда ал Орусиянын өлкөгө каршы аскердик аракеттери жана Абхазия менен Цхинвал аймагын оккупациясы менен байланыштырылат. Георгий тасмачасын тагынып жүргөнү үчүн кылмыш же административдик жоопкерчилик каралган эмес, бирок аны жергиликтүүлөр кубаттабайт. Өлкөдө бир катар советтик символдорго тыюу салган Эркиндик хартиясы иштейт.

2018-жылы Казакстанда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоо символу пайда болгон - мамлекеттик туунун түсүндөгү тасмача. Аны активисттер 2008-жылдан бери өлкөдө активдүү тараган Георгий тасмачанын ордун алмаштырууну сунуштаган.

Өзбекстанда кызгылт сары-кара түстөр мамлекеттик туунун түстөрүнө алмаштырылды. 

Ал эми Кыргызстанда жарандык активисттердин нааразылыгынан улам 2015-жылы Георгий тасмачасы “улуу жеңиш символу” макамынан ажыратылган. Анын ордуна кызылт-сары түстө Жеңиш тасмачасы колдонула баштаган. (EB)