"Азырынча эч кимди кызматтан кет деп айта элекмин": Бир катар министрлер кызматтан бошотулду

Сүрөттүн булагы, Social
Садыр Жапаров кол койгон жарлыктардын негизинде Кыргызстанда бир катар министрлер ээлеген кызматынан бошотулду.
Расмий маалыматка ылайык, Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан алынды. Анын ордуна Талантбек Солтобаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Солтобаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Дагы бир жарлык менен Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна убактылуу Акыл Токтобаев дайындалды. Анын талапкерлиги да парламентте каралат.
Ошондой эле Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан алынды. Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, президент Жапаров "Кабар" агенттигине берген соңку маегинде өлкөдөгү саясий окуялардан улам кызматтан кетип жаткан айрым жогорку даражалуу адамдар тууралуу пикирин билдирген.
Анын айтымында, ал эч кимге кызматтан кетүү тууралуу көрсөтмө берген эмес.
"Саясатка аралашпай ар кимиңер өз милдетиңерди аткарып иштей бергиле дедим. Өз арыздары менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат",- деди Жапаров.
Садыр Жапаров өз жакындарынын бирөөнү да мамлекеттик жогорку кызматтарга жолотпогонун, саясатка аралаштырбаганын белгилеген. Ал ошондой эле министрлердин уурулуктары аныкталса, ким болбосун жоопко тартыларын эскерткен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мен буга чейин дайыма өкмөт башчыдан баштап бардык министрлерге айткам. "Кызматкерлерди аларды жакын тууган, дос, жердеш, бажа деп албагыла. "Мени авам сактап калат же акам сактап калат" деп, андайлар коркпой уурдайт" деп эскертип келдим. Тээ жаңы келген кезде "эки кудасы бийликте олтурат" деп сындап чыгышканда экөөнү тең кетиргем. Экөө тең мен келгенге чейин эле ошол системада иштеп жүрүшкөн. Бирок ошого карабастан, "Туугандар, туура түшүнгүлө мага сөз тийип жатат, кызматтан кетип тургулачы" деп кызматтан алгам",- деген Жапаров.
2026-жылдын 10-февралында президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин Кыргызстандын кадрдык саясатында бир катар олуттуу өзгөрүүлөр болду.
Ташиев менен катар УКМК жетекчисинин бир нече орун басарлар да ээлеген кызматынан бошотулду.
Алар УКМК төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев жана Антитеррордук борбордун директору Элизар Сманов.
Ошол эле күнү Чек ара кызматы УКМКдан бөлүнүп, кайрадан Мамлекеттик чек ара кызматы болуп түзүлдү. Анын башына президенттин чечими менен Абдикарим Алимбаев дайындалды.
Алимбаев буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары жана УКМКнын Чек ара кызматынын директору болуп иштеп келген.
12-февралда болсо парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал өзүнүн жеке чечими экенин айтып, эч ким кысым көрсөткөн жок деп түшүндүрдү.
"Бизде саясий маданият болуш керек. Эч кандай ызы чуусу жок, ар кандай бүдөмүк ойлорго талкуу жаратпастан, бүгүн төрага кызматынан өз эрким менен кетүү чечимин кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Сөздү көбөйтпөйүн дедим, бизде стабилдүүлүк болуш керек, президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар аягына чыгыш керек. Мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алып жатам",- деди ал.
Ушул дем алыш күнү айрым маалымдоо каражаттары Транспорт прокуратурасынын башчысы Нургазы Матисаков кызматтан алынганын жазып чыкты. Анда Матисаков УКМКнын мурдагы төрагасы Ташиевдин жээни экени айтылган.
10-февралда Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбеков да кызматынан алынганы тууралуу маалыматтар тараган. 16-февралда атайын кызмат Жакыпбеков кармалганы тууралуу расмий маалымат берди.
Мындай кадамдар коомдо УКМКнын мурдагы жетекчиси Ташиевге байланыштуу деген пикирлерди күчөтүүдө.




























