Сириядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: жаңы парламентке бир нече аял өттү

Дамасктагы добуш берүү учурунда шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дамасктагы добуш берүү учурунда шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү

Дүйшөмбү күнү жарыяланган алдын ала жыйынтыктарга караганда, өткөн апта соңунда шайланган Сириянын жаңы өткөөл парламентинде аялдардын жана диний азчылыктардын өкүлчүлүгү төмөн болду.

Бул өткөн жылдын аягында Башар Асад бийликтен кулатылгандан берки биринчи шайлоо болду. Жаңы парламент жаңы туруктуу Конституция кабыл алынганга чейин жана жалпы элдик шайлоолор өткөрүлмөйүнчө иштей турганы күтүлүүдө.

Элдик жыйынга жалпысынан 210 депутат кыйыр түрдө шайланат. Шайлоо коллегиялары үчтөн экисин (140 адам) тандайт, калган мүчөлөрүн убактылуу президент Ахмед аш-Шараа дайындайт.

Коопсуздук жана саясий тынчсызданууларга байланыштуу бийлик үч провинцияда, анын ичинде күрттөр көзөмөлдөгөн Ракка жана Хассакеде, ошондой эле өкмөттүк күчтөр менен друз кошуундарынын ортосундагы кандуу кагылышуу болгон Свейдада добуш берүүнү кийинкиге жылдырды.

Дем алыш күнү болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында парламенттин 119 мүчөсү шайланып, Элдик ассамблеядагы 21 орун бош калды. Сирия лидери ушул аптада дагы 70 кишини дайындоосу күтүлүүдө.

Жаңы парламентке алты аял кирди. Буга чейин жергиликтүү шайлоо комиссиясы 1500дөн ашуун талапкердин 14% аялдар экенин билдирген болчу.

Ошондой эле парламентке дин жана этностук азчылыктардын 10 өкүлү шайланды. Алардын арасында курддар, христиандар жана Асад үй-бүлөсүнө кирген эки алавит бар.

Шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Навар Нежме пресс-конференцияда шайланган 119 мүчөнүн 4% гана аялдар экенин белгилеп, бул сандын «Сирия коомундагы аялдардын абалын жана алардын саясий, экономикалык жана социалдык жашоодогу ролун чагылдырбайт» деп белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ошондой эле шайлоодо болгону эки христиан жеңип чыкканын айтып, христиандардын Сириядагы үлүшүнө салыштырмалуу бул "абдан аз" деп белгиледи.

Нежме белгилегендей, президент дайындай турган талапкерлер коомдун толук кандуу өкүлчүлүгүн камсыз кылууга жардам бериши мүмкүн, бирок парламентте квоталар системасын киргизүүнү четке какты.

Добуш берүүнүн алдында талдоочулар процесстин ашыкча борборлоштурулганына жана айрым райондордо шайлоонун токтотулушуна бардык жамааттар адилеттүү катыша албайт деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Нежме журналисттерге берген маалыматында күрт аймактарында шайлоо өткөрүү ошол жерлерди интеграциялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине жараша болорун айтып, бийлик бул региондордо да шайлоо өткөрүүгө "олуттуу ниетте" экенин баса белгиледи.

Мандатты Сириянын борборундагы Хомс шаарынан алган укук коргоочу жана саясий активист Нур ал-Жандали жаңы парламентарийлерге "чоң жоопкерчилик жүктөлөт" деп билдирди.

Ал жаңы Элдик Ассамблеянын алдында олуттуу милдеттер турганын, анын ичинде «эркиндикке жана адилеттикке негизделген мамлекетти кантип кайра куруу керек» деген маселе турганын белгилеп, мамлекеттик саясатты калыптандырууда «аялдар реалдуу жана активдүү роль ойношу керек» деп кошумчалады.

Сынчылар түздөн-түз элдик добуш берүү болбосо, шайлоо демократиялык принциптерге туура келбейт деп эсептешет жана шайлоо коллегиясынын системасы керектүү байланыштары бар адамдардын гана позициясын бекемдейт эсептешет.