Сириянын убактылуу өкмөт башчысы тынчтыкка чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мохаммед ал-Башир Сириянын өткөөл өкмөтүнүн премьер-министри болуп дайындалган соң Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин "тынчтык жана туруктуулуктан" ыракат ала турган учур келди деп билдирди.
Козголоңчулардын Хаят Тахрир аш-Шам (көп өлкөлөрдө тыюу салынган уюм) жана анын өнөктөштөрү өлкөнү 2025-жылдын мартына чейин башкаруу ишин Мохаммед ал-Баширге тапшыргандан кийин, Идлиб провинциясынын козголоңчу администрациясынын мурдагы башчысы Al Jazeera телеканалына атайын маек курду.
Шейшембиде ал жаңы өткөөл өкмөт менен Асаддын мезгилиндеги өкмөттү Дамасктагы чоң жыйынга чогултуп, бийликти өткөрүп берүү маселелерин талкуулаган жыйынга төрагалык кылды.
"Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдүк. Биз Сирия элине кызмат кылууга жарамдуу конституциялык түзүлүштү калыптандырганга чейин алдыдагы эки айдагы ишти жеңилдетүү максатында мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүн, Идлиб жана анын айланасындагы аймактардын айрым жетекчилерин чакырдык",- деди Аль-Башир жаңы курган маегинде.
"Биз Сирия калкына кызмат кылуу үчүн мекемелердин ишин толугу менен кайра жандандыруу максатында башка дагы жолугушууларды өткөрдүк",- деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сириядагы чукул бурулшка чейин Мохаммед ал-Башир Сириянын түндүк-батышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактардан тышкаркы жерлерде анчейин деле белгилүү фигура болгон эмес.
Таржымалында көрсөтүлгөндөй инженер-электрик кесиби боюнча билим алып, жарандык согуш башталганга чейин газ тармагындагы заводдордо иштеген.
Сирияда козголоңчулар өлкөнүн түндүк-батышындагы аймактарды башкаруу үчүн уюмдашкан эле. Ошентип өткөн январь айында Башир өздөрүн Сирияны куткаруу өкмөтү деп атаган топтун премьер-министри болуп дайындалган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чындыгында алар абдан чакан альтернативалуу мамлекет сыяктантып түзүп алышкан жана алардын министрликтери, мекемелери, сот жана коопсуздук кызматары, ошондой эле диний кеңеши да болгон.
Алар болжол менен төрт миллиондой адамдан турган аймакты көзөмөлдөшкөн. Калкынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ар башка аймактарынан келгендер эле.
"Идлиб чама-чаркы чектелүү чакан аймак экени талашсыз, бирок алар баарын башынан баштагандыктан көп өтпөй чоң тажрыйбага ээ болду", - деди Мухаммед ал-Жулани. Ал бул тууралуу дүйшөмбү күнү Дамасктагы жолугушуу учурунда айтты.
Козголоңчулардын лидери Абу Мухаммад аль-Джулани, эл алдына чыккан учурларда өзүнүн Ахмед аль-Шараа деген чыныгы ысымын атап, сириялыктарды кыйноого жана согуш кылмыштарына тиешеси барт мурдагы жоопту жетекчилерге чара көрүлөрүн убада кылган эле.
Ал жакында эле Sky News телеканалына берген маегинде Сириянын калкы согуштан чарчап бүткөнүн жана андайга кайтуу ниети жок экенин айтты. Ал Сириянын келечеги тууралуу кооптонууларды жокко чыгарып, эл аралык коомчулукту ынандырууга аракет кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Кооптонууларга [Асаддын] режими себеп болгон. Өлкө өнүгүү жана калыбына келтирүү багытына түшүп баратат. Бардыгы акырындап турукташууда", - деп кошумчалады аль-Жулани.
БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен 10-декабрда Женевада журналисттерге кайрылып, "Сирия коомунун жана сириялык партиялардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүн" камтуу үчүн бийликти тынчтык жолу менен алмаштыруу зарылдыгын айтты.
"Эгер бул ишке ашпай турган болсо, анда дагы бир чыр-чатак чыгуу тобокели бар", - деди ал.
Евробиримдиктин дипломатиялык башчысы Кажа Каллас да секталар аралык зомбулуктун жана экстремизмдин кайра жанданышы мүмкүн экенин эскертти.
"Биз Ирак, Ливия жана Ооганстандагы үрөй учурган сценарийлердин кайталанышына жол бербешибиз керек" деди ал.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Вашингтон Сириянын болочок өкмөтү азчылыктарды урматтаган, ишенимдүү, мыйзамдуу процесстеди сактай турган болсо, толук колдоого алынарын билдирди.
"Сириянын келечегин сирия эли аныктайт. Бардык өлкөлөр инклюзивдик жана ачык-айкын процесстердии колдоого жана сырткы кийлигишүүлөрдөн алыс болууга убада бериши керек", - деди ал.








