Казак президенти 15-мартка жаңы Конституция боюнча референдум дайындады. Эмне өзгөрөт?

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Administration of the President of Kazakhstan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жыйынында
    • Author, Айсымбат Токоева
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-мартка Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду. Негизги өзгөрүү - парламент эки палатадан бир палаталуу моделге өткөнү жатат жана Конституциянын эл аралык келишимдерден үстөмдүгү бекитилмечи. Буга чейин ММКларда жарыяланганган маалыматтарга карабастан, орус тилинин макамы өзгөрбөйт, ал расмий эмес макамында калат.

Токаев 11-февралда Конституциялык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен таанышып жана өзгөртүүлөрдүн соңку версиясын колуна алды. Ошол эле күнү кечинде президент референдумду өткөрүү күнүн дайындады.

Буга чейин Казакстандын жаңы Конституциясынын тексти 80% жаңыланганы жана 77 беренеге өзгөртүүлөр кирип жатканы айтылган.

Токаев бир күн алдын, өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен "Казакстандын өнүгүшүнө катуу түрткү берилет жана ал ар бир жарандын мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга көмөктөшөт" деп айткан эле.

"Соңку жылдардагы саясий реформаларга үнүлсөк, Казакстан суперпрезиденттик башкаруудан биротоло баш тартып, таасирдүү, абройлуу парламенти бар президенттик республикага өтүүдө", - дейт Токаев.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар Баш мыйзамдын жаңы долбоору, тескерисинче, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип, башка мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүгүн алсыратарын айтып жатышат. Мындан тышкары, жаңы өзгөртүүлөр Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо деген жүйө менен жарандарга көзөмөлдү күчөтүшү да мүмкүн.

"Мурункудан да авторитардык жана суперпрезиденттик"

Казакстандын Адам укуктары боюнча эл аралык бюросу (КАУЭБ) жана Укуктук медиа-борбору жаңы өзгөртүүлөргө карата бийликке сунуштар жана сын-пикирлер менен чыкты.

КАУЭБдин башкы эксперт-консультанты Евгений Жовтис Би-би-сиге жаңы Конституциянын долбоору "мурункудан да авторитардык жана суперпрезиденттик" мүнөзгө ээ экенин айтты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Азыр Конституциялык соттун төрагасын дайындоодо парламенттин макулдугу керек, ал эми президент талапкерлерди гана сунуштайт. Жаңы долбоордо бир катар кызматтар боюнча парламенттин макулдугу талап кылынбайт, президент өзү дайындайт. Ал эми макулдук талап кылынган учурларда, мисалы премьер-министр же судьялык кызматка талапкерлер боюнча, эгер депутаттар эки жолу макулдук бербесе, президент парламентти таратууга укуктуу болот", - деди юрист.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөр парламенттин түзүмүн эки палаталуу системадан бир палаталуу системага өткөрүүнү карайт, муну менен депутаттардын ыйгарым укуктары кыйла кыскарат. Ошондой эле парламенттин аталышын Курултай деп өзгөртүү сунушталууда.

Сунушталган реформаларга ылайык, парламент Башкы прокурордун, Жогорку соттун төрагасынын жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кол тийбестигин алып салуу укугунан ажыратылат. Мындан тышкары, жаңы редакцияда парламент республиканын бюджетин бекитет, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизет деген жобо жок болууда.

"Ачыгын айтканда, бул Конституция боюнча суроолор көп. Менин оюмча, ал азыркы редакциядан начар. Саясий технологиялар президенттик бийликти күчөтүп, ага "мыйзам жана тартип" сыяктуу идеологиялык түшүнүктөрдү тыгышкан. Жаңы Конституция бийлик тарабынан дал ушул бийлик үчүн кабыл алынууда. Убакыт өтөт, аны да өзгөртүшөт. Буга менин шегим жок", - деди КАУЭБдин эксперт-консультанты.

Сөз эркиндигинин алсырашы

Конституциялык комиссиянын төрайымы Эльвира Азимова 11-февралда президент менен жолугушууп жатып, Баш мыйзамдын жаңы тексти "жарандардын жана эксперттик коомчулуктун демилгелеринин" негизинде даярдалганын билдирди.

Бирок буга чейин укук коргоочулар жана юристтер өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга аларды да кошуп алууну суранышып, иштелип жаткан жаңы долбоорду сынга алышкан.

Мисалы, Укуктук медиа-борбор жаңы долбоордогу 23-берене бүдөмүк түшүнүктөрдү камтырын, ал ММКларга басымды күчөтүп, сөз эркиндигин чектеши мүмкүн экенин белгилеген.

"Сунушталган өзгөртүүлөр кызмат адамдарын сындоону чектөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Ал эми заманбап конституциялык өнүгүү, тескерисинче, маанилүү маалыматты билүү укугунун бекитилишин талап кылат", - дешет укук коргоочулар.

Конституциянын эл аралык келишимдерден үстөмдүгү

3-февралдагы Конституциялык комиссиянын жыйынында жаңы Конституция эл аралык келишимдерден жогору юридикалык күчкө ээ болору айтылган.

Мажилистин (парламенттин төмөнкү палатасынын) депутаты Мурат Абенов: "Эл аралык мамилелердеги туруксуздук шартында эл аралык милдеттенмелерди кабыл алуу жана аткаруу Казакстандын суверенитети жана конституциялык түзүлүшүнүн негиздери жагынан бааланууга тийиш", - деген.

Ал социалдык кепилдиктер казак жарандарына ошондой эле жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн жарандарына гана колдонуларын кошумчалады.

Эксперт-консультант Евгений Жовтис Би-би-сиге берген маегинде бул өзгөрүү менен эл аралык укук Казакстандын мыйзамдарынан артыкчылыктуу болбой калат деп түшүндүргөн.

Орус тилинин макамы

Буга чейин ММКларда жаңы Конституция долбоору Казакстандагы орус тилинин макамын "төмөндөтөт" деген маалыматтар чыккан.

Эксперт-консультант, юрист Евгений Жовтистин айтымында, өзгөртүүлөр орус тилинин макамын өзгөртпөйт, болгону формулировкасы алмашат.

Азыр Конституциянын 7-беренесинде мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында казак тили менен катар орус тили да расмий колдонулат деп жазылган. Жаңы долбоордо "катар" деген сөз "ошону менен бирге" дегенге алмаштырылган.

""Катар" же "ошону менен бирге" деген сөздөр жумшак формулировка болуп саналат. Башкача айтканда, адам мамлекеттик органга орус тилинде кайрылса, ал орус тилинде жооп алууга укуктуу. Макам жагынан дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Орус тили мурда да расмий тил эмес болчу, азыр да расмий тил болуп калбайт", - деп түшүндүрдү юрист.