"Бул шайлоо таптакыр башкача болот". БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Би-Би-Сиге маеги
- Author, Элеонора Куленбекова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Жогорку Кеңешке бул жолку шайлоо өнөктүгүнүн биринчи этабы кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөткө байланыштуу ызы-чуу, кызганычтын айынан балта көтөрө чуркаган талапкердин окуясы жана лайк басууга чектөөлөр менен эсте калды.
Учурда шайлоо өнөктүгүнүн экинчи этабы - үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Би-Би-Си кезексиз парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн айланасындагы соңку тенденциялар тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров менен маектешти.
Би-Би-Си: Адегенде эле соңку эскертүүңүздөн баштайлы. "Кол тийгис адамдар жок" деп эскерттиңиз. Муну жалпы талапкерлерге багытталган алдын ала эскертүү катары эле карасак болобу же кайсы бир категориядагы талапкерлерге багытталган билдирүүбү?
Тынчтык Шайназаров: Талапкерлерге тең укуктуу шарт түзүү максатында ушундай кайрылууну жасадым. Негизги максатым - үгүт иштери башталган күндөн баштап баары мыйзам чегинде болсун дедим. Анткени кээ бир талапкерлер биз тиешелүү чараларды көрө баштадык. Бул башкаларына да сабак болсун дедик.
Би-Би-Си: БШК бир нече талапкерди үгүт өнөктүгүнүн эреже-талабын бузган деп айыпка жыкты. Жалпысынан кандай мүнөздөгү эреже бузуулар болуп жатат жана аларды кантип аныктап жатасыздар?
Тынчтык Шайназаров: Биз жарандардын кайрылууларынын негизинде, ошондой эле социалдык тармактарга чыккан маалыматтарга таянып атабыз. Эреже бузуулардын көбү үгүт эрежелерин бузуу болуп атат. Айып пулдун алды жеке жактарга үчүн 7,5 миң сом, ал эми юридикалык тараптар 28 миң сомго чейин жетип атат.
Би-Би-Си: Админресурс ар бир шайлоодо негизги көйгөй экени белгилүү. Бул ирет бийлик ага жол берилбейт деп ишендирип жатат. Мамлекеттик кызматкерлерге ал түгүл лайк басууга тыюу салынды. Ошолорду ким көзөмөлдөп атат? Мисалы кайсы орган?
Тынчтык Шайназаров: Аны Борбордук шайлоо комиссиясы көзөмөлдөйт жана кайдыгер карабаган жарандар. Эгерде ошондой фактылар аныкталган болсо, биз текшерүү жүргүзүп, андан кийин чара көрүп жатабыз. Бир мамлекеттик орган ушул багытта иш алып барып атат деген жок. Шайлоону ачык, таза өткөрүү бир гана БШК эмес, бүт мамлекетттик органдардын милдети. Жарандардын да милдети болуш керек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Катардагы мугалим талапкер тууралуу маалыматка лайк басып же репост кыла алабы? Эгер анте албаса бул ашкере чектөө эмеспи?
Тынчтык Шайназаров: Илгертен эле шайлоого эң активдүү катышкан - бул мугалимдер болгон. Анан талапкерлердин баары мугалимдерге чуркап барышат. Мугалимдердин көз карашы кандайдыр бир деңгээлге таасирин тийгизиши мүмкүн. "Биздин мектептин директору же мугалими бул талапкерди колдоп атыптыр"деши мүмкүн. Эми кандай десем, бул жалпы саясат да. Ошол мугалимдер, медиктер, мамлекеттик кызматкерлер кандай болсо дагы шайлоого аралашпасын деген сөз. Жарандык укугун чектөөбү дегенде эми жолугушууларга барсын, талапкердин программаларын уксун, маселе жок. Шайлоо күнү келип каалаган талапкерине добуш берсин да.
Би-Би-Си: Бул жолу кеминде эки талапкер кримтөбөл Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшкөнү үчүн каттоодон өтпөй калды. Бул чечимди кабыл алууда БШК сүрөткө эле таяндыбы же кандай кошумча маалыматтарды топтой алды?
Тынчтык Шайназаров: Эки эле жаран эмес, андан көбүрөөк болду. Мындай маселеде БШК Ички иштер министрлиги менен кызматташат. "Президенти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамда ошол ченем бар. ИИМдин расмий түрдө берген маалыматына таянабыз. Чогуу сүрөткө түшүп койду деген эле негиз менен чечим кабыл алган жерибиз жок.
Би-Би-Си: Депутаттыкка талапкер кызганычтын айынан балта менен тап берген окуя болду. Бирок БШК ал талапкерди буга чейин шайлоодон четтеткен жокпуз деген. Ошол талапкердин окуясы эмне болду?
Тынчтык Шайназаров: Адам катары мен андайларды жолотпойт элем. Бирок мыйзам бар да. Ал окуя резонанс болду. Талапкер, билишимче, камакта. Биринчиден, ал өтпөйт. Камакта отурса, эми кантип, ким ушул окуядан кийин ага добуш берет деген ой. Бирок талапкер катары ал катталып турат да. Эртең бюллетенге кирет. Бирок жеке мен адам катары каршымын. Бирок биз сезимге берилбешибиз керек да. Мыйзамга таянып, жумуш алып барышыбыз керек. Мыйзам боюнча ал талапкер катары кала берет. Сот тарабынан ага айыптоо өкүмү чыгып, ошол айыптоо күчүнө киргенге чейин.

Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg
Би-Би-Си: Акыры 467 талапкер катталды. Алардын бир бөлүгүн парламенттин соңку чакырылышынын депутаттары түзөт. Бул шайлоодо бийликке кескин сын-айткан же оппозициялык маанайдагы талапкерлер аз, балким жокко эсе. Соттуулугу бар же чет жакта болгон адамдардын шайлоого катышуусуна бөгөт койгон мыйзамдык чаралар түрдүү позициядагы талапкерлердин шайлоого катышуусун чектеп койгон жокпу?
Тынчтык Шайназаров: Кандайдыр бир деңгээлде ал бар. Айрыкча сыртта жүргөндөр боюнча. Кайра эле мыйзам талабын аткаруу максатында биз кээ бир талапкерлердин каттоосунан баш тарттык. Талапкер катары каттабадык. Бул ченемди келечекте дагы бир карап көрүш керек. Анан сиз "бийликке сын айткандар" деп атасыз. Аны биз айта албайбыз. Сиз башта айткандай, 467 киши катталса, азыр 464 талапкер калды. Эми аны келечекте көрөбүз, ким сын айта алабы же айта албайбы... Бирөөгө бир нерсе деп айтыш кыйын го.
Би-Би-Си: Буга чейинки шайлоолордо добуш сатып алуу боюнча айыпталган ошол эле Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбековдун бул жолу мүмкүнчүлүгү болгон жок да? Талапкерлер коомдун ар кайсы катмарынан бара жатат деп айта алабызбы, бул шайлоого?
Тынчтык Шайназаров: Айта алабыз. Негизинен мамлекет максималдуу түрдө шарт түзүп берди. Ар бир жарандын өзүнүн эрки да. Биз шарт түзүп бердик. Азыр жаңы системаны киргизип атабыз. Шарт түзүп бердик. Мыйзам жол берсе, барсын да. Анан өздөрү барбай туруп эле "бизге тоскоол болду", "бизге тыюу салынды", "биз бара албадык", "бизге шарт болбоду" деген туура эмес. Баарына тең бирдей шарт түзүлдү.
Би-Би-Си: Бул шайлоого ар кандай саясий көз караштагы, анын ичинде оппозициялык маанайдагы саясатчылар эркин, чектөөсүз бара жатат деп айтканга кандай негиздер болуп жатат?
Тынчтыкбек Шайназаров: 100% деп айта алам. Себеби, шарт түзүлдү да. Анан кайсы бир саясатчы соттолгон болсо, же сыртта жүрсө... Анан соттолгон саясатчы мага мүмкүндүк берген жок деп айта албаса керек. Соттолгон болсо бара албайт да. Мыйзам жол бергендерге тыюу жок. Барсын.
Би-Би-Си: Талапкерлердин арасында тууганы же жакыны бийликте отурганда жок эмес. Андай талапкерлер бар кеминде бир округда шайлоого барамдар деген аз экен. Эмнеге деп ойлойсуз?
Тынчтык Шайназаров: Ал ар бир жарандын конституциялык укугу. Кээ бир округдарда талапкерлердин саны аз болгону... эми мен күчкө салып койдура албайт экем да. Онуңар чыккыла, экөө-үчөө эле болуп калды деп. Туурабы? Ал адамдын эрки го.
Би-Би-Си: 30 округдун кайсынысында атаандаштык курч болчудай?
Тынчтык Шайназаров: Мисалы, №10 округ. Талапкерлери көп, анан белгилүү саясатчылар талапкердин катарында. Анан Ысык-Көл облусундагы №27 округда дагы талапкерлер көп. Бишкек шаарында дагы ошондой. Азыр мобул жеңил округ деп айтыш кыйын.
Би-Би-Си: Бул шайлоонун алдында 300 миң сомдук кайтарымсыз күрөө коюу талабы, миң кишиге чейин үгүтчү жалдоо мүмкүнчүлүгү талкуу жаратканы белгилүү. Мындан улам бул шайлоо капчыгы калыңдардын шайлоосу болуп калдыбы деген кабатырлануу бар. Сиз буга эмне демексиз?
Тынчтык Шайназаров: Кээ бир округдарды географиялык түзүлүш боюнча алсак, бир башынан экинчисине чейин 400 километрге чейин бар. Мыйзам кабыл алынып атканда Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары "алыстыкты эске алуу менен үгүтчүлөрдүн санын көбөйтөлү" деп айтышты. Агитаторлор болуш керек деген ойду. Бирок жеке менин оюм бул сан көп.
300 миң сомго мен макулмун. Бул менин жеке оюм. Жөнөкөй мисал айтып кетейин. 2021-жылы президенттик шайлоодо 80 адам талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына, тажрыйба көрсөткөндөй, көп жарандар өзүн-өзү көрсөтөт. 100 миң сомду төлөйт. Анан үгүт иштери, шайлоо башталганда башка бир күчтүү талапкер менен соодалашууга барып, кандайдын бир келишимге келип өзүнүн талапкерлигин алып коет. Болгону бир кагазга бир сап менен "мен талапкерлигимен баш тарттым" деп. Аларга биз "мына сен талапкер болдуң", "мына сен өкүлсүң", "мына сен ишенимдүү адамысың" деп күбөлүк беребиз. Бул канча деген жумуш. Анан эле бир күн келип "мен шайлоодон баш тарттым" болот. Анан биз кайра ошолорго чечим чыгарабыз. Анын каттосун, ишенимдүү адамдарын жокко чыгартуу керек. Ошондуктан 300 миң сомго көбөйткөнүн мен туура деп көрөм. Бир аз жоопкерчилик болсун.
Ошого карабастан, бүгүнкү күнгө, ар кандай себептер менен өздөрү баш тарткандардын (ред. талапкерликтен) 70 болду. Кайра эле баягы.
Би-Би-Си: Бул жолу парламенттик шайлоо толугу менен мажоритардык система менен өтүп жатат. Акыркы парламенттик шайлоо жарым жартылай партиялык тизме жана мажоритардык система менен өткөн. Бул шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөнөт деп ойлойсуз?
Тынчтык Шайназаров: Бул шайлоо таптакыр башкача болуп өтөт. Жарандардын шайлоого конституциялык укугун камсыздоо максатында аралыктан добуш берүү системасын киргизип атабыз. Бул кандай? Шайлоочулар тизмесинде турган биздин жаран шайлоо күнү кайсыл жерде болбосун каалаган шайлоо участкасына барып, шайлай алат.
Мурда сыртта 59 шайлоо участкасы болсо, Азыр биз анын санын жүзгө чыгардык. Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен ачылды. Элибизге максималдуу түрдө шарт түзүп берип атабыз. Эч бир алдын ала арыз сурап, тактоосуз эле үч документтин негизинде: эл аралык паспорт, ID card, Түндүк тиркемеси. Каалаган шайлоо учаткасына барат, жаранга "пропискасы" боюнча ошол округдун бюллетенин беришет. Ошол бюллетендеги талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат.
Би-Би-Си: Боршайкомдун төрагасы катары келе жаткан шайлоодон эмнени күтөсүз?
Тынчтык Шайназаров: Кудайдан тилейм, шайлоо ачык-айкын, таза өтүшүнө. Ошол шайлоонун жыйынтыгына эл ыраазы болушун тилейм. Эң чоң көйгөй бул - шайлоого катышуу. Ушул шайлоонун натыйжасында бул катыш жогорулайт деп үмүттөнөм.
















