"Былжырбай" кайрылууларды окуганга убактым деле жок". Садыр Жапаров Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп берди

жапаров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика боюнча айткандарына жооп берип, дооматтарын четке какты.

Жапаров "былжырбай" кайрылууларды окубай турганын, ошентсе да жооп берүүнү туура көргөнүн, өлкөнүн энергетика тармагы Атамбаевдин тушунда "сазга батканын" билдирди.

Президент бул тармакта 2020-жылга чейин коррупция, уурулук схемалары болгонун, анын баары жоюлганын айтып, 2027-жылдан тарта кирише түшө баштай турганын дагы бир жолу кайталады.

"Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул деген сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган. Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен кредит алып, эмгек акы берип калат деген эмне деген маңкуртчулук. Мындай жорукту дүйнөдө эң артта калган мамлекеттер деле кылбаса керек. Мисалы, 2010-жылдан 2020-жылга чейин РСК банктан 201 миллион сом үстөгү менен кредит алып, баса белгилеп айтам, болгондо дагы үстөгү менен алып энергетика тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп жүрүшкөн. Мен муну куру сөз менен айтып жаткан жокмун. Кагаздардын баары банктын жана энергетиктердин архивдеринде "документально" турат. 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин айлык акыларды төлөө үчүн деп биз банктан 1 тыйын алган жокпуз. Тескерисинче, 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 137 миллиард сом карыздын 112 миллиард сомун жаап бүттүк. Калган 25 миллиард сом карызын эмдиги жылы жаап бүтөбүз", – деген Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров майнинг темасына да токтолуп, өлкөдө эки эле майинг ферма иштей турганын, экөө тең өз көзөмөлүндө экенин белгиледи:

"Бирөө Кеминде, экинчиси Камбар-Ата-2де. Кеминдеги "Соларкоин" майнинг фермасы 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жатат. 100 пайыз Орусиядан Казакстандын КЕГОК компаниясы аркылуу импорт транзит кылып келип иштетет. Баары ачык көрүнүп турат. Министрликтен текшерсеңер болот. Жашыруун эч нерсеси жок. Электроэнергия бул темир же көмүр эмес. Жашыруун өткөрүп кеткидей. Бизден 1 кВт албайт. Биздин Казакстан менен чек арадагы 500 кВттык "Фрунзе" станциясынан баштап Кеминге чейин 1 кВтына 38 тыйын транзит да төлөшөт. Энергосистемабыздын эсебине алардын транзитинен түшкөн пайда бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом болду. Республикалык бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом төлөштү. Жумушчу орундарын түздү. Ток этер жерин айтканда, биздин өлкөбүзгө үч жагынан пайда алып келип жатат. Камбар-Ата-2деги майнинг боюнча силерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Оозун чоюп, демагог, популист болуп коррупция бар деп сүйлөп аткан саясатчыларга мындан ары майнинг жөнүндө сөз кылышса ишене бербегиле. Ал майнинг дагы 30 МВт менен иштейт. Ал майнингди ал ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. Эмне үчүн? 2009-жылы ал ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок жаңы трансформатор менен жаңы линия курулбастан андан чыккан энергия эски, баягы эле 60-жылдардагы трансформторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган. Эски линиялар менен трансформаторлордун күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген. Ошол кубаттуулукту бекер кетирбей ошол 30 Мвт кубаттуулукту сатып алып жатышат. Ошол үчүн майнинг Камбар-Атанын ичине салынды".

Жапаров экөө тең мамлекетке миллиондогон пайда алып келип жатканына карабай жабылганын айтты.

Президент "Датка–Кемин" линиясын Атамбаевдин эмгеги экенин белгилеп, бирок долбоор "эки эсе кымбатка курулганын" айтты.

Бишкек ЖЭБ модернизациясы жөнүндө да кеп кылып, 386 млн долларга болгону эки меш жаңыланган, бул акчага жаңы ЖЭБ курса болмок экенин айтты.

Токтогул ГЭСинин генераторлору 2022–2025-жылдары жаңыртылганын белгиледи.

атамбаев

Сүрөттүн булагы, facebook

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 10-ноябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровдун энергетикадагы абал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кайтарган.

Атамбаев 2017–2018-жылдары электр энергиясынын импортун толугу менен токтотконуна сыймыктанарын, бул мезгилди Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атап келгенин айтты.

Мурдагы президент 2010-жылдан кийинки мезгилде "Датка–Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана "Датка" көмөк чордону курулуп, ишке берилгенин, бул энергетикалык көз карандысыздыктын өзөгү болгонун жазды.

Ал бийликте турганда Токтогул ГЭСин масштабдуу реабилитациялоо иштери башталганын, Бишкек ЖЭБи модернизацияланганын, ошол эле маалда анын учурунда баары эле идеалдуу боло бербегенин, бирок 2010–2017-жылдардагы бүтүндөй бир доорду "кара тешик" деп атаганга таптакыр каршы турарын айтты:

"Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан "купуя" деп жарыяланган эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган. Бишкек ЖЭБи үчүн жабдууларды сатып алуу тендерлери да ар дайым депутаттарга жана журналисттерге ачык болуп, аларга эч качан "купуя", "ДСП" деген белгилер коюлган эмес",– деген Алмазбек Атамбаев.

Таалайбек Ибраев

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энергетика министри Таалайбек Ибраев

Көп узабай өлкөнүн башкы энергетиги 11-ноябрда "Баракелде" сайтына маек куруп, Атамбаевдин сын-пикирине каяша жооп кайтарган.

Таалайбек Ибраев Атамбаевдин тушунда деле өлкө коңшулардан электр кубатын сатып алып турганын белгиледи. Министр энергетикалык объектилер сапатсыз жана кымбат баада ремонттолгонун, эки жыл импортсуз жашоого мурдагы бийлик эмес, ал кездеги табият себеп болгонун билдирген.

"2017-2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 куб метрге чейин көбөйгөн. Бул запас кийинки жылга чейин жетип, ошол мезгилде өлкө чындап эле эки жыл импортсуз жашаган. Болгон ийгилиги ошол. Бирок бул да жаратылыш шартынын убактылуу натыйжасы болгон", – деген Таалайбек Ибраев.

Ал Атамбаевдин учурунда бир дагы ГЭС курулбаганын айткан:

"Тескерисинче, тармак карызга батып, долбоорлор эки эсе кымбат жана коррупциялык схема менен ишке ашкан. Бул – расмий далилденген факт. Атамбаевдин "импортту токтоттук, ГЭСтерди реконструкцияладык" деген билдирүүлөрү карандай калп. Мени менен мелдешем десе, далилдеп берем".

Бир нече күнгө созулган кайым айтышуулардан кийин өлкөдөгү майнинг фермалар жазга чейин ишин токтоткону белгилүү болгон.

Быйыл 1-ноябрдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.