ЖККУ: Москвадагы мааракелик саммиттин максаты эмне?

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

ЖККУга кирген өлкөлөрдүн лидерлери Москвада бул аскердик уюмдун 30-жылдыгына арналган мааракелик саммитке чогулду. Орус президенти келген президенттердин ар бири менен саммиттин алдында өз алдынча жолугуп сүйлөшөрү күтүлүүдө. Путин аларга Украинадагы согуштун мындан аркы өнүгүшү жөнүндө эмне деп айтары бүйүр кызытып турган учур.

ЖККУга беш өлкө мүчө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кремлдин өкүлү билдиргендей, ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Украинадагы кырдаалды дагы талкуулашат. Бул саммит Россия Украинага басып кирип, согуш күчөгөн маалда өтүп жатат. Соңку кабарларга караганда, орус аскери Харьковдон чегинүүдө. Украин аскерлери активдүү позицияга өтүүдө. Мындай шартта, эртеби-кечпи саммитте саясий-аскердик уюмга мүчө өлкөлөрдү Украинадагы согушка тартуу боюнча сөз козголбойбу деген дагы кабатыр пикирлер айтылып жатат.

"Учурда Орусия дээрлик Украинадан жеңилип жатканы бул анык. Ошондуктан, балким, ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн аскерий күч жардам сурашы мүмкүн. Биз мындай жардамды бербешибиз керек, себеби бул согуш башталардан мурун биз менен Москва акылдашкан эмес. ЖКУнун уставы боюнча эгер мүчөлөрүнүн бирине сырттан кол салуулар болгон чакта гана жардам берилет деген жери бар, бул жерде тескерисинче Орусия тынч жаткан Украина өлкөсүнө аскерлерин киргизип согуш баштаган. Эгерде биздин бийлик аскерлерибизди жана аскерий техникаларыбызды согушта колдоно турган болсо, сөзсүз нараазылыгыбызды билдиришибиз керек деп ойлойм",-деп жазды Фейсбуктагы баракчасына АКШда жашаган кыргыз жараны Медербек Эсеналиев.

Ошол эле учурда башка эксперттер Путин ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен Украинадагы согушка аскер алууну эмес, башкача олуттуу стратегияны сүйлөшөт деген пикирде болуп жатышат.

"Жыйырма жылдан бери, отуз жылдан бери ЖККУда жүрөбүз. Кырдаал курчуп калды, реалдуу коркунуч бар. ЖККунун бир мүчөсү согуштук абалда. Ага кошул-ташыл санкциялар болуп жатат. ЖККУ эмнеге жаралды эле, ошонун тагдырын чечиш керек. Он жылдык стратегияны белгилеп коюш керек. Москвада чечим даяр деп ойлойм, стратегиялык план бар. Мүчө өлкөлөрдү чакырат, кол койгула дейт. Ким кол койбосо, алар менен башкача сүйлөшөт. Менин оюмча, азыр Украинаны, санкцияларды эске алганда, кеминде он жылдык стратегияны алдын ала ойлонуп, кандай акыбалда, кандай даярдыкта болобуз, кай жерде кандай согуштар башталат, каяктан чабат, Афганистанданбы, Ыраак Чыгыштан чабабы, ошонун баары эсептелип, чалгын маалыматтар баары түшкөн Путинге",-дейт аналитик Турат Акимов.

Путин саммитке келген президенттердин ар бири менен өзүнчө да сүйлөшмөй болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин саммитке келген президенттердин ар бири менен өзүнчө да сүйлөшмөй болду

Коопсуздуктун кепили

СССР таркап, анын ордуна КМШ түзүлгөндөн кийин жаңы интеграциялык бирикменин катышуучулары мурдакы союздун аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, куралдуу конфликттердин эскалациясын токтотуу үчүн бирдиктүү коргоо мейкиндигин сактоого аракет кылып башташкан.

Жамааттык коопсуздук келишимине 1992-жылы 15-майда Ташкентте КМШнын алты мамлекети - Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары кол койгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1993-жылы келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган. 1999-жылы апрелде Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2002-жылы 14-майда түзүлгөн, ошол себептүү бир эле учурда анын түзүлгөндүгүнүн 20-жылдыгы да болуп жатат.

ЖККУнун максаты анын уставында келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп көрсөтүлгөн. ЖККУ уюмга мүчө өлкөлөрдүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргойт жана ички ишине кийлигишпейт.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги саммит алдында тараткан билдирүүдө ЖККУ кыска убакытта көп иштерди жасаганга жетишкени айтылат. «Мүчө-мамлекеттердин жалпы аракети менен коопсуздук менен байланышкан маселелерди биргелешип чече турган, дүйнөлүк аренада жамааттык кызыкчылыкты коргой турган бүтүн, эффективдүү структура түзүлдү. ЖККУ азыркы учурда регионалдык туруктуулукту сактоодо орчундуу ролду аткарууда, уюмга кирген өлкөлөрдүн аймагында коопсуздуктун бекем кепили болуп турат»,-деп белгилейт министрлик.

ЖККУнун карамагында саны 18 миң чамалуу ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөр , үч жарым миңдей тынчтык күчтөрү бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖККУнун карамагында саны 18 миң чамалуу ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөр , үч жарым миңдей тынчтык күчтөрү бар.

Жамааттык ыкчам аракеттеги күчтөр

Уюмдун жогорку саясий органы болуп Жамааттык коопсуздук кеңеши эсептелет, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары кирет. Жогорку координациялык орган – башкы катчы башында турган катчылык. 2020-жылдын 1-январынан бери ЖККУнун башкы катчысы болуп Беларустун өкүлү Станислав Зась иштеп жатат. 2021-22-жылдары уюмда Армения төрагалык кылып жаткан убагы.

ЖККУнун карамагында саны 18 миң чамалуу ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөр , үч жарым миңдей тынчтык күчтөрү бар. Ошондой эле жамааттык авиациялык күчтөр жана регионалдык топтор бар. Ошондой эле Борбордук Азия, Чыгыш Европа (Россия-Беларус), Каказ (Россия-Армения) ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрү бар.

Россиянын тышкы саясат мекемеси ЖККУнун ийгилиги катары ушул жылдын башында Казакстанда массалык тополоңду басуудагы ролун баса белгилеген.

 Ал эми андан мурда 2021-жылы апрелде Тажикстан тараптан куралдуу топтор Кыргызстан менен чек арага чектеш айылдарга басып киргенде ЖККУ Тажикстандын тизгинин тартып койгон жок деп нааразылык көп айтылды.

“Негизи ЖККУ өзүнүн ичинде ушундай чыр-чатак чыкканда өзү басып коюш керек. Кезексиз саммит чакырып маселени чукул карап, чара көрүш керек эле, бир блоктогу союздаш өлкөлөр чабышып атат. Алар Рахмонго болушат, ошон үчүн карап турат. Рахмон ошондон пайдаланып атат. Мындай болушу керек эмес. Биз ЖККУда калганга аргасызбыз. Кыргызстан качан жардам сураганда алардын аскери кирет. Бул саясат. Аскердик каражаттар менен саясий оюн болуп атат. Беш миң жылдан бери болуп жаткан принцип, бөлүп-жарып анан башкар деген. Бири менен бирин согуштурат, анан келип тартип орнотот”,-дейт Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов.