ЛГБТга кеткен гранттардын чуусу

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга бөлгөн грант каражаттар ЛГБТга кетип жатканы Жогорку Кеңеште катуу сынга кабылды. Бул маселенин парламентте байма-бай көтөрүлүшү өлкөдө жыныстык азчылыктарга каршы маанай барган сайын курчуп жатканын көрсөтүүдө.

8-мартта Бишкектеги маршка ЛГБТ символикасы менен чыккан жаранга милиция айып пул салды

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 8-мартта Бишкектеги маршка ЛГБТ символикасы менен чыккан жаранга милиция айып пул салды

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга бөлгөн грант каражаттар ЛГБТга кетип жатканы Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" жана "Мекенчил" фракцияларынын жума күнкү жыйынында катуу сынга кабылды.

«Бул акчалар кыргыз элине бөлүнгөн, анын бир бөлүгү ЛГБТга кетип жатат. Биз ЛГБТ-жамааттарын күчтөндүрүп жатабызбы? Ушунча жылдан бери комитет эффективдүү иштей албаганын көрсөттү»,-деди Жылдыз Садырбаева.

Министрлер Кабинетинин төрагасын орун басары Эдил Байсалов өз кезегинде сынга жооп кылып, Глобалдык фонддон грант каражаттарды алып келген ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү комитетин таратуу керектигин белгилеп, Глобалдык фонд, ПРООН менен сүйлөшүү жүргүзүнү убада кылды.

Эдил Байсалов Глобалдык фонддон келген каражаттары бөлүштүргөн коомдук координациялык комитеттин төрагасы болуп саналат, ошол себептен гранттар боюнча сын-дооматтар анын дарегине айтылып жатат.

Жогорку Кеңеште бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Депутат Жылдыз Садырбаева бул маселени биринчи жолу март айында да козгогон болчу.

“Глобалдык фонд үч жылда бир жолу Кыргызстанга ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүү үчүн каражат берип турат. 2024-жыл үчүн 29 миллион доллар бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул өлкө пайдасына колдонула турган ири сумма. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу БУУнун Өнүктүрүү программасы болгон. Бирок өлкө муну өз алдынча өздөштүрүп, эң башкысы көзөмөлдөшү керек. Өзбекстанда, Тажикстанда дагы ушундай чечимге келишкен. Алар грантты Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу ишке ашырышат жана отчет берип турушат. Ал эми ПРООН өзгөчө статуска ээ болуп, каражаттын бөлүштүрүлүшү боюнча отчет беришпейт” , - деген Садырбаева.

Депутаттын маалыматы боюнча, 2014-жылы Глобалдык фонд Кыргызстан үчүн бөлүп жаткан каражаттын 884 миң доллары гомосексуалдарды колдоого, 226 миң доллары коомчулуктарды колдоого (депутат буга эмне экенине да кызыгат), 607 миң доллары секс-кызматкерлердин жана алардын шериктеринин оор илдеттерди жугузуп албашы үчүн алдын ала чараларына жумшалганы жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева

Акча эмнеге бөлүнөт?

ВИЧ жана кургак учукка каршы комитетинин төрагаcынын орун басары Айбар Султангазиев сырттан гранттык эсепте келе турган акчанын бөлүштүрүлүшу боюнча маалыматка тактоо киргизди.

Анын айтымында, Глобалдык фонд тарабынан бардыгы 27,8 миллион доллар бөлүнгөнү жатат. Бул каражат негизинен эки оору - ВИЧ менен кургак учукка каршы күрөшүүгө багытталган. Мисалы, дары-дармек жана медициналык каражаттарды сатып алууга 13 миллион доллардай каралган. Ага кургак учукка каршы препараттар, лаборатория, тест-реагенттер жана башкалар кирет. Дагы 2,5 миллион доллары Саламаттыкты сактоо министрлигин колдоого бөлүнөт. Бейөкмөт уюмдарына да каражат каралган.

Айбар Султангазиев

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбар Султангазиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ал жакта бейөкмөт уюмдарына да өзүнчө компонент каралганы анык, анын жалпы суммасы 5 миллион доллардай болот. Бул каражат жарандардын алты тобуна: ВИЧ менен жашаган, кургак учук менен ооруган, баңгизат колдонгон, эркектер менен эркектер секс тажрыйбалаган топко, трансгендерлерге жана абактагыларга каралган. Эмне үчүн? Мисалы, ВИЧтин баңги зат колдонгондор арасында жайылышы 16,5% түзөт. Трансгендерлер арасында бул көрсөткүч кеминде 19% түзөт. Ал эми эркектер менен эркектер жыныстык катнашты тажрыйбалагандар арасында ВИЧ 10,8% көбөйүп кетти. Ошондуктан Глобалдык фонд ВИЧ көп жайылып жаткан топторго акча бөлүүнү карайт", - дейт Айбар Султангазиев.

"Бул топторду карабасак биз Африкадай, 90-жылдары Украинада же 2000-жылдары Россиядагыдай абалга жетип калабыз. Россияда калкынын 1% азыр ВИЧ менен жашайт, Украинада 300 миңден ашык ВИЧ менен оорушат, биз бул оорунун жайылыш тобокелчи жогору топтор менен иштебесек, бат эле ошол деңгээлге жетип калабыз",- дейт эксперт.

Ал буга чейин гранттын акчаларды Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу бөлүү боюнча да аракеттер болуп, бирок жүйөөлүү себептер менен ал ишке ашпай калганын кошумчалады.

"2020-жылы андай сунуштар болуп, бирок ковид пандемиясы чыгып министрлик азыр андайды башкара албай турганын айткан. Ал убакта бул системада көп кылмыш иштери ачылып, көп изилдөөлөр жүрүп жаткан маал эле".

Кыргызстандага “Политклиника” медиасы фактчек жасап, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаеванын ПРООН гранттык каражаттардын бөлүштүрүшү боюнча отчет бербейт деген сөзүн жокко чыгарган.

Журналисттер БУУнун Өнүктүрүү программасы былтыркы жыл үчүн отчетуна таянып, Баткен облусуна эле былтыр 3,4 миллион доллар жардам көрсөткөнүн, ал эми билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына 500 миллион долларга жакын акча бөлгөнүн тактады.

Кыргызстанда жыныстык азчылык өкүлдөрүнүн саналуу гана уюмдары бар. Алардын бири “Лабрис” уюму 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, кыргыз ММКларында бир жыл ичинде ЛГБТ коомчулугу тууралуу 381 материал жарыяланган. Алардын ичинен 258 ЛГБТ коомчулугуна каршы жек көрүүгө жана зомбулукка үндөгөн материалдар болгон.

Ошондой эле “Лабрис” уюмунун изилдөөcүнө ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө карата маалыматтык чабуул көбүнчө 8-мартка байланыштуу иш-чараларда, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөдө, парламенттик шайлоодо, ошондой эле митингдерде жана бийлик алмашуу учурунда байкалат.

Ал эми постсоветтик өлкөлөрдөгү гомофобия боюнча Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогорку көрсөткүч менен айырмаланат.