"Суу товар болсун". Борбор Азиядагы суу тартыштыгы

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Барган сайын Кыргызстанда сугат маалында суу тартыш болуп бара жатат.

Бул өзгөчө 2021-жылы курч маселе болду эле, быйыл дагы суу тартыштыгы жергиликтүү дыйкандардын чоң баш оорусу болду.

Сүрөт-иллюстрация. Орто-Токой суу сактагычы

Сүрөттүн булагы, Влад Ушаков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орто-Токой суу сактагычы.

Ал арада Кыргызстан жыл сайын сугат маалында өзүнүн суу ресурстарынын көбүн сыртка, кошуналарга кое берүүгө мажбур.

Эмне үчүн Кыргызстан кошуналарга бекер суу бөлүп калган?

Бул Советтер союзу маалында макулдашылып калган келишимдердин негизинде жүрөт. Ал үчүн Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандын ирригациялык системасына колдоо көрсөтөт.

Мындай кызматташуу протоколу 1983-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кабыл алынып, ага ылайык, Чүй облусундагы сууларды биргелешип колдонуу макулдашылган. Мисалы, Кыргызстанда бул суулардын 42% казак тарапка кое берилет, 58% ички керектөөгө кетет.

“Жалпы жонунан биз өзүбүздөгү суу мүмкүнчүлүгүнүн 20% эле пайдаланабыз. Калган 80% сыртка кетип атат. Ал эми мынабу Нарын дарыясынын күчүнүн 1,5% эле пайдаланабыз да, 98% башка өлкөлөргө кетип жатат. Мына быйыл кургакчылык болуп, биз суунун башында турсак да арпа-буудайдын түшүмү такыр эле болбой калды. Тоют да начар болгону жатат. Малдар арыктап, жайлоолор начарлап жатат”,- деди академик Жамин Акималиев.

СССР убагында Кыргызстанда Орто-Токой, Киров, Токтогул өңдүү бир катар ири суу сактагычтар курулган. Аталган суу сактагычтар Кыргызстан эле эмес, кошуналардын суу керектөөсүнө иштейт. Жалпылап алганда бул суу сактагычтарда жылына 34 млрд кубдай суу топтолот.

Советтик заманда кошуна өлкөлөр суу үчүн башка табигый ресурстары менен бөлүшчү же Москва анын кенемтесин чыгарып берчү. Бирок азыр алмашуу тең эмес жүрүп жатат дейт Акималиев. Андыктан ал сууну кошуналарга товар катары сатуу мезгили келди деп эсептейт:

“1990-жылдары мен ошол кезде легендарлуу парламенттин өкүлү элем. Биздин аксакалыбыз Турдакун Усубалиев ушул маселени көтөрүп, сууну коңшу өлкөлөргө товар катары сатышыбыз керек, алар деле өзүнүн газын бизге акчага берип атпайбы деп чыккан. Легендарлуу парламенттин да ошондой чечими чыккан. Суу товар болсун, ага сырткы мамлекеттер да төлөп берсин деп парламенттин токтому чыккан. Тилекке каршы, ошол кездеги президент жумшактыгынан казак, өзбек президенттерине айта албай, мыйзамды пайдаланбай, мурдагы советтер союзундагыдай калып калды. Бирок анда биз сууну берсек да Москва анын ордуна төлөп берчү да башка товарлар менен кайтарып берчү да”.

Жамин Акималиев, академик, экс-депутат

Сүрөттүн булагы, who.ca-news.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жамин Акималиев, академик, экс-депутат

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев эгемендиктин алгачкы жылдары ал кездеги кошуна өлкөлөрдүн президенттери Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов Трансчектеги суулар тууралуу конвенцияга такап, Кыргызстанга сууну товар катары сатууга мүмкүндүк берген эмес дейт.

Борбор Азияда аймагында Кыргызстан менен Тажикстанда суу башында, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу этегинде жайгашкан.

Сугат суудан чектөө: Киров суу сактагычында суу аз

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле 1983-жылдагы кыргыз-казак макулдашууларына ылайык, Талас дарыясынын бассейниндеги суу ресурстарынын 80% жакыны Казакстанга, 20% Кыргызстанга берилет. Бул бассейндеги суулар Киров суу сактагычына топтолот.

Сугат басаңдап калган кезде - августта Кыргызстан Казакстанга Киров суу сактагычынан сугатка суу берүүнү убактылуу токтотконун билдирди.

Мындай келишимге тараптар июль айында Бишкекте өткөн жолугушууда жетишкен. Казак тарап ал жолугушууда Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиз болуп, Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын айткан. Мындан улам Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө кое берүүнү суранышкан.

"Алар 18-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Киров суу сактагычынан сууну мурда макулдашылгандай секундасына 40 куб метрден эмес, 45 куб метрден кое берүүнү сурашты. Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден кое бергенде Казакстандын жалпы 3,54 млн. куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан", - дейт Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги.

Казакстан, Жамбыл облусу, эгин себүү маалы

Сүрөттүн булагы, eldala.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан, Жамбыл облусу, эгин айдоо маалы

Ал эми Казакстандын расмийлери Кыргызстан Казакстанга 4-августтан тарта Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтотконун ырасташат. zakon.kz сайтынын маалыматына ылайык, Казакстандын түштүк облустарында сугат суу тартыш болуп, 4 миң гектарга жакын пияз жана кант кызылчасы себилген айдоо жери кургакчылыкта калып жатат. Казакстандын экология министринин орун басары Галидулла Азидуллин ушу күндөрү Жамбыл облусуна келип, кырдаалдан чыгуунун аракетин кылууда.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги сугат суу маселеси кыргыз тараптын өзүндө – Таласта дагы бүгүнкү күндө курч бойдон турганын жүйөө келтирет.

Мисалы, Киров суу сактагычына ушу тапта секундасына 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын маалымдоодо. Былтыр болсо бул маалга суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү он эсеге көп болгону айтылат.

"Суу – товар"

Июнда казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен “Астана эл аралык форуму” өтүп, анда кыргыз президенти Садыр Жапаров Кыргызстан Улуттук суу стратегиясын кабыл алганын билдирди:

"Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт", - деген ал форумда Жапаров.

Ал тапта кыргыз парламентинде буга чейин бир нече жолу сууну товар катары колдонуу керектиги тууралуу талаш-талкуулар болду. Соңку жолу быйыл апрелде депутат Чынгыз Айдарбеков маселе көтөрүп, энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк Банк бул тууралуу маселе көтөрүп жатканын айткан. Министрдин айтымында, азыр Кыргызстан жаз-жайында берген сууну кышкысын коңшулардын электр энергиясына айырбаштап жатат.

“Биз мындан 5-6 жыл мурун эле сууну товар катары карашыбыз керек эле. Бирок Советтер союзу маалында түзүлүп калган келишимдерди, институционалдык базаны башкача иштеп чыгышыбыз керек эле. Коңшулар менен чек арадагы суу ресурстарын биздин өлкөгө ылайыкташтырып бөлүштүрүп, көзөмөлдөш керек. Көп эле байкалат, биздин суулар ошондой келишимдердин негизинде бекер эле агып кетет”, -дейт кыргызстандык эксперт Гүлбара Оморова.

Кыргызстан Борбор Азияда суу ресурсуна бай мамлекет. Өлкөдөгү өзөн, дарыялар чогулуп келип Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Чүй, Тарим, Иле, Талас сыяктуу чоң дарыялардын бассейндерин толтурат. Дарыялардын жылдык агымынын көлөмү 48,7 километр кубду түзүп, мунун ичинен Кыргызстан орточо эсеп менен 5,2 миллиард метр кубун пайдаланат. Калганы коңшуларга кетет.

Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам соңку жылдары аймактагы бул өлкөлөрдө кышкысын электр энергиясы, ал эми жайда суу тартыш болуп жатат. Өрөөндөгү дарыялар жээгинде орто жана чакан ГЭСтерди куруу бул эки көйгөйдү чечмек эле дешет эксперттер.