"Сирияга барбай эле койгула": реабилитация бүттү, алдыда - интеграция
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Сириядан алынып келинген кыргызстандык кыз-келиндердин жана жаш балдардын үч жарым айлык реабилитациясы аяктап, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эми аларды коомго аралаштыруу милдети турат. Бул узак мөөнөттү жана аларга көзөмөлдү талап кылган оор жана татаал процесс.

Сүрөттүн булагы, 24.kg
Кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардын көмөгү менен быйыл февралда Сирияга азгырылып кеткен 18 кыз-келин жана 41 баланы атайын борт менен Кыргызстанга алып келген эле.
“Аялдар эркектерге караганда диндар”
Дин иштери боюнча мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов соңку айларда реабилитациялык иш-чараларга активдүү катышкандардын бири. Ал Сириядан келгендер менен иштешкен теологдордун командасын жетектеди:
“ Биз ал аялдар менен теологиялык коштоо жаатында иш алып бардык. Иштин соңунда ар бир аялга өзүбүздүн теологиялык корутундубузду чыгарып бердик. Башында алардын диний абалы, көз карашы кандай аныктаганбыз. Реабилитациядан чыгып бара жатканда кандай өзгөрдү, ошолорго байкоо салдык. Согуштук аймактардага барып келген аялдар менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, албетте, болот. Аялдар бир нерсеге берилгенде эркекке караганда көбүрөөк маани берип, баарын сезимталдык менен кабыл алат. Адамды психологиялык, экономикалык, социалдык жактан калыбына келтирүү оңой, жолдору бар дегендей. Ал эми идеологиялык жактан анын аң-сезимин буруу абдан оор. Бир нерсеге берилип ишенгенден кийин анын ишенимин жокко чыгаруу татаал нерсе. Арасында бир аз опурталдуурактары, адашып кетип барганы, эч нерсе түшүнбөгөндөрү да болот. Арасында ар кандайы бар”.
Сириядан келгендер менен иштешкен адистер алардын коомго интеграция процесси кеминде үч жылдык убакытты талап кыларын айтып жатышат.
Аселдин окуясы
Сирия менен Иракка кеткен аялдардын көбү ал жакка алданып барып калгандар. Мисалы, арасында динге берилген күйөөсүн же сүйгөнүн ээрчип баса бергендер көп. Түркияга, Сирияга барып, бай күйөө тийип, бизнес кылып акча табам деп жеңил акчага кызыкккандары да бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Асель Сирияга кеткенге чейин намаз окуп, дин жолунда жүргөн кадимки эле көп кыздардын бири эле. Ал интернеттен түрк жараны менен таанышып, сүрөттөрүнөн көрүп жактырып, Түркияга барат. Бирок ал жактан жактырган кишиси сүрөттөгү жигит эмес, башка эле адам болуп чыккан.
“Көргөндө жаккан жок. Кайра келе бердим. Бишкекке келгенде телефон номеримди да өзгөрттүм. Бирок ал киши эжем аркылуу мени кайра эле таап алды. Анан сүйлөшүп баштадык. Ал эми мага турмушка чыкпасаң да анда чогуу бизнес кылалы деп сунуштады. Анан эле мага Сириядагы жихад менен сүрөт-видеолорду жөнөтүп баштады. Аларды көргөндө мен дагы ишенип калдым. Барып Сирияны көрүп келели деди, макул болдум”.
Асел Сирияга Түркия аркылуу кантип жол тартып барганын УКМКга ушинтип айтып берген. Сирияда аны жанкечти кылуу максатында атайын машыгуулардан өткөрүп, автоматтан атуу, гранатаны кантип жардыруу керек дагы окутушкан. Бирок ал барган күндөн тарта эле алданып калганын түшүнүп, үйүнө кайтуунун аракетин жасап, акыры Мекенине кайтып келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Мен барганыма өкүндүм, алданып калганымды билдим. Бардык мусулман аялдарына кайрылат элем. Сирияга барбай эле койгула”, - дейт Асел.
Ал мындан бир нече жыл мурун Сирияга барып келген кыргызстандык айым. УКМК буга чейин мындай аялдар тууралуу байма-бай видеолор жарыялап, алардын окуяларын сабак кылып келген. Бирок соңку жылдары атайын кызмат мындай ачыктык саясатынан тайып, Сирия, Ирактан келгиндер тууралуу маалыматтарды такыр эле жашыруун кармоодо.
Ал тургай келгиндер менен тикелей иш алып барган Социалдык өнүгүү министрлигине да ашыкча маалымат беришпеди.
Жабыктык саясаты
Социалдык өнүгүү министрлиги Сирия, Ирактан кайтып келгендердин аты-жөнүн, даректерин эле эмес, алар менен кандай иш жүргүзүлүп жатканы тууралуу да маалымат берүүдөн тартынып турат. Бул, биринчиден, ал жарандардын жеке коопсуздугу үчүн жасалууда. Айталы, кезинде согуштук аймактарга чыгып кеткен жарандарга карата өлкөдө жээрүү маанайы басымдуу экени байкалат. Коомдук сайттарда, аларды каргап-шилеген, урушкан комментарийлер жетиштүү. Экинчиден, Сирия менен Ирактан келгендер өздөрү ачыкка чыккылары келбейт.
“Аялдарды, жаш балдарды Кыргызстанга алып келди. Бирок алар менен кандай иштешүү болуп жатат маалымат жок. Менин оюмча, бул туура саясат. Себеби, Кыргызстанда террордук уюмга мүчө болуу кыргыз мыйзамдарында өтө оор кылмыш. Эгер Сирияга, Иракка билип туруп кетишкен болсо, аларга мыйзам чегинде мамиле болушу мүмкүн да. Күйөөсүн угуп эле, ээрчип кеткендери да бар. Эми алар реабилитация иштеринен өткөндөн кийин, туугандарына коомго аралашып кетишсе жакшы, бул жагынан алганда алардын ЖМКга чыкпай койгону эле туура да”, -дейт теолог Улан Калмурза уулу.

Теолог Кыргызстанда репатриация маселесинде чоң боштук болуп жатканын белгиледи, айтымында Кыргызстанда дин психологиясы боюнча адистер жетишсиз болууда.
“Дин комиссиясы да моюнга алып атат. Дин-психолог, дин-социолог, дин-педагог адистер Кыргызстанда жок экени билинип атат. Жакынкы беш-он жылга биз бул жаатта адистерди даярдашыбыз керек экен. Биз теологдор он жылдан бери эле айтып келе жатабыз. Биз азыр радикалдуулуктун кесепети менен күрөшүп жатабыз. Жакшысы, биз алдын алуу иш-чараларына басым койсок жакшы болмок. Туура эмес, салттык эмес агымдардан да кабар беришибиз керек. Мектептерде былтыртан баштап динди окута башташты. Бул абдан жакшы болду. Кечиккен аракет болду, бирок ошого да сүйүнүп атабыз. Эми өзгөрүү көп убакытты талап кылат”, - дейт Улан Калмурза уулу.
Сирия менен Ирактан келген балдар менен иштешүү кандай жүрүүдө - бул өзүнчө бир тема, кыргыз өкмөтү азырынча ал балдардын жарандыгы, билим алуусу боюнча маселелер кандай чечилип жатканы тууралуу да маалымат бере элек.
Сириядан кыз-келин, жаш балдарды алып келүү - Кыргызстандагы мындай масштабдагы экинчи репатриация чарасы. Кыргыз бийлиги Ирактан жарандарын былтыр кайтарып келген.








