ChatGPT чат-ботун артта калтырган DeepSeek тиркемесине кибер чабуул жасалды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын DeepSeek жасалма интеллект чат-боту ChatGPT жана башка атаандаштарын артта калтырып, АКШ, Англия жана Кытайда Apple түзмөктөрүндө эң көп жүктөлгөн акысыз колдонмо болуп калды. Мунун артынан эле кибер чабуулдан улам жаңы колдонуучуларды каттоону убактылуу чектей тургандыгы айтылды.
Январь айында ишке киргизилген колдонмо кыска убакыттын ичинде көпчүлүккө таанылып, АКШнын жасалма интеллект жаатындагы лидерлигине болгон ишенимди солкулдатты.
АКШ президенти Дональд Трамптын 27-январдагы билдирүүсүндө DeepSeek АКШнын технология тармагына болгон чоң чакырык экени айтылды.
DeepSeek моделин иштеп чыгуу үчүн 6 миллион долларга жетпеген каражат жумшалган. Бул өзүнүн атаандаштарынын короткон каражатынан кыйла аз.
DeepSeek-R1 иштей баштаганда компаниянын продукциясы математика жана код жазууда ChatGPTнин түзүүчүсү OpenAIдын эң акыркы моделине теңата иштей аларын көрсөткөн.
ChatGPT жана DeepSeek сыяктуу жасалма интеллект моделдеринин өнүгүүсүндө чиптердин мааниси чоң. 2021-жылдан бери АКШ бийлиги Кытайга сатылган жогорку ылдамдыктагы чиптерди чектөөнү күчөттү.
Кытайдын AI иштеп чыгуучулары күчтүү чиптер туруктуу импорттолбой жатканынан улам колунда бар каражаттарды бири-бири менен бөлүшүп ишти улантууда. Мындан улам алар технологияда жаңы ыкмаларды жасап көрүштү.
Ошентип, мурдагыдан алда канча аз эсептөө күчүн талап кылган жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тармакты бир силкинтүүгө жарай тургандай арзан баада технология өндүрүү башталды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
27-январда эртең менен АКШдагы Nvidia, Microsoft жана Meta сыяктуу жасалма интеллект менен иштеген компаниялардын акциялары кескин ылдыйлап, Европанын баалуу кагаздар базарына да таасирин берди. Ошондон кийин Трамптан билдирүү келди.
Голландиядагы чип жабдыктарын өндүрүүчү ASML компаниясынын акциялары он пайыздай арзандап, ал эми жасалма интеллект жабдыктарын чыгарган Siemens Energy компаниясынын акциялары 21 пайызга баасын жоготту.
City Indexтин рынок аналитиги Фиона Синкоттанын айтымында, арзан баадагы идеялар планда жок болчу, ошондуктан рынокту бираз таң калтырды.
Сингапурдагы технологиялык капиталдын кеңешчиси Вей-Серн Линг Би-Би-Сиге берген маегинде "бул абал AI жабдыктарын камсыздоодогу демөөрчүлүктү жолдон чыгарарын" айтты.
Өткөн аптада АКШдагы технология компаниялары менен чет элдик демөөрчүлөр биригип, Техаста жасалма интеллект инфраструктурасына 500 миллиард доллар сарптай турган The Stargate Project аттуу компанияны ишке саларын жарыялады.
DeepSeek чат-ботту ким жасады?
Компания 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында Лянг Венфенг тарабынан негизделген.
Маалымат жана электроника инженериясы факультетин аяктаган 40 жаштагы Лянг DeepSeek тиркемесин колдогон хедж-фондун негиздеген.
Лянг ушул тапта өлкөнүн сыртында Кытайга экспорттоого тыюу салынган Nvidia A100 чиптеринен бир кампа жасаганы айтылууда.
Кампадагы бул чиптер экспорттоого мүмкүн болгон арзаныраак жана сапаты төмөн чиптер менен бириктирилип DeepSeek чат-боту ишке киргизилгенин эксперттер айтып жатышат.
Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын тармактык эксперттер менен болгон жолугушуусуна Лянг да катышып, 2024-жылдын июль айында The China Academy берген маегинде жасалма интеллекттин мурдагы версиясына болгон реакцияга таң калганын айтып, баа маселесинин мынчалык аяр тема болорун күтпөгөнүн билдирди.
"Биз болгону өзүбүздүн темпибизге карап, чыгымдарды эсептеп, ошого жараша бааларды коюп жаттык",- деп кошумчалады Лянг. (JK)











