Орусиялык газды албай койгондо, европалыктардын асманы түшүп кетпеди

Жада калса кайтыш болгон европалыктар да Евробиримдикке Орусиядан газ сатып алууну кыскартууга огожо болушту

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жада калса кайтыш болгон европалыктар да Евробиримдикке Орусиядан газ сатып алууну кыскартууга огожо болушту
    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Батыш Европа жарыкты жана жылуулукту үнөмдөп, ишканалар менен сөөк өрттөө жайларынын (крематорийлердин) мештеринин кубатын басаңдатып, көчөлөрдүн жана дүкөндөрдүн терезелеринин жарыктандыруусун өчүрүп жатат. Мунун бардыгы Орусия Украинага басып киргенге чейин эле Евробиримдикке каршы ачкан газ согушунда туруштук берүүгө багытталган. Деги, алгачкы натыйжалар кандай?

Кышкы жылытуу мезгилинин үчтөн бир бөлүгү артта калды жана аракеттердин натыйжасы жагымдуу таасир калтырды. 450 миллион калкы бар Евробиримдиктин 27 өлкөсү өз газ керектөөсүнүн төрттөн бирин кыскартууга жетишти. Мындан улам эми европалыктар быйылкы кыштан электр жарыгын капысынан өчүрүп албастан чыгаарына дээрлик ынанып турушат.

Деги алар муну кантип жүзөгө ашырышты, канча чыгым болушту жана бул калыптан жазбастан кетүүгө алардын жетишерлик акчасы менен чыдамкайлыгы бар болду бекен?

Мелдештин алгачкы айлампасында Европа жеңди

Мунай менен таш көмүрдөн айырмаланып, газ кууру европалык санкцияларга дуушар болгон эмес, анткени Евробиримдик арзан жана салыштырмалуу таза болгон дал ушул күйүүчү отундан баш тарткысы келген эмес. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзү газ куурунун оозун бир тараптуу бекитип салды: Орусия аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага жапырт басып киргенде, Кремл көзөмөлдөгөн Газпром компаниясы газ менен Евробиримдикти жабдуусун ар кандай шылтоолорду айтып, 80%га кыскарткан.

Евробиримдик Орусиядагы газдын жалпы көлөмүнүн 40%ын сатып алып келгендигин жана Орусиядан башка атаандаш жабдуу булактарынын газын өтө кымбат баада дагы табуу оңой-олтоң болбогондугун эске алганда, Батыш Европа өлкөлөрү үчүн өнөр жайдын бир катар тармактарынын кезекке ылайык убактылуу токтотулушу жана ызгаарга тоңгон калайыктын жапырт толкундоолору орун алат ко деген санааркоолор күч алган болчу.

Бирок кырдаал андай коркунучтуу учурга жеткен жок. Анын төмөнкүдөй беш негизги себеби бар:

  • Орусия газ менен жабдууну толук токтоткон жок.
  • Газ кампалары өз сыйымдуулугунун дээрлик жогорку чегине чейин толтурулду.
  • Калайыкка жана ишканаларга субсидиялык жардам берилди.
  • Быйылкы күздүн октябрь жана ноябрь айларында аба ырайы демейдегиден эң жогорку көрсөткүчкө жеткендей жылуу болуп турду.
  • Европалыктар газды үнөмдөөгө үйрөнүштү (же сарамжалдуулукка аргасыздан барышты).

Бул себептердин ичинен эң акыркысы гана – газды керектөөнүн кыскартылышы, – толугу менен ЕБ өлкөлөрүнүн өз колунда турат. Мындан ары европалыктар Кремл менен болгон биринчи кышкы газ салгылашуусунда гана эмес, бүтүндөй отун-кубат согушунда дагы таасын жеңишке жетиш үчүн дал ушул аргага – газ керектөөнү кыскартууга – басым жасамакчы.

Ал эми Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен ушул аптада:

"Азыр биз келээрки кышка даярданууга көңүл бурушубуз керек. Бул кышка эмес, кийинки кышка. Биз бул кышта – коопсуз абалды камсыз кылдык", – деп баса айтты.

"Албетте, биз бул үчүн чоң баадагы акыны төлөдүк", – деп ал айым кошумчалады.

Париж жарыкты үнөмдөөнү (майрамдан тышкаркы учурларда) уланта бермекчи

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Париж жарыкты үнөмдөөнү (майрамдан тышкаркы учурларда) уланта бермекчи
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Евробиримдик өлкөлөрү отун-кубат кризиси менен күрөшүү үчүн 600 миллиард евро бөлүп койгон; анын дээрлик жарымы Евробиримдиктин эң ири экономикасы жана согушка чейин орус газынын негизги импорттоочусу болгон Германияга туура келди.

Ал эми Bruegel талдоо борборунун эсебинде, Евробиримдикке кирбеген Улуу Британия үй чарбаларына жана ишканаларга 100 миллиард еврого жакын субсидия сарптоо пландарын түзгөнүн эске алып айтканда, Кремлдин газ согушу эмитен эле Европага 700 миллиард еврого тете зыян келтирди.

Экинчи (келээрки жылдын күзүнөн кийинки) кыш үчүн, мындай берешендик булагы эч жерде жок, анткени ковидден араң оңоло баштаган Европа аймагы Орусиянын Украинага басып киришинин айынан экономикалык кризиске башка өлкөлөргө салыштырмалуу бат эле чөгүп жатканын көрүүгө болот. Башка жабдуучулардын же жашыл отун-кубаттын эсебинен Евробиримдик Орусиядан отун-кубат жаатындагы көз карандысыздыкка жетишсе деле болмок, арийне, мындай нук – узак мөөнөткө жана кымбатка да турат.

Ошондуктан азыркы таптагы европалыктардын негизги милдети – сарамжалдуулук.

"Керектөөлөрдү азайтуу менен бирге биз электр кубатына болгон төлөмдөрдү, зыяндуу газдарды жана орусиялык газ оюндарынын кесепеттерин азайтып жатабыз, – деди Еврокомиссиянын вице-президенти Франц Тиммерманс. – Суроо-талапты азайтууга бармайынча эч нерсе жүзөгө ашпайт".

Европа газды кантип үнөмдөйт?

Евробиримдиктегилер жай айында отун-кубат үнөмдөөгө ич ара келишип алышты. Ага чейин Путин оболу бир жылдай газ куурунун оозун бүлбүлдөтүп азайта берди да, андан кийин кескин кыскартууларга өттү. Кремлдин кожоюну дал ушул чекитке бир тараптуу жеткенде, Евробиримдик сарамжалдуулукка кыйшаюусуз өттү.

2022-ж. май айына карата Орусиянын газы үч жыл мурдагы туу чокусунан эки эсеге кыскарып, суткасына 250 миллион куб метрге жеткен деңгээлге төмөндөдү. Ал эми июль айынын башында алар тарыхый эң төмөн деңгээлге түшүп, суткасына 80 миллиондон төмөн куб метрге түшүп кеткен. Июлдун аягында Евробиримдиктин 27 өлкөсү Орусия өздөрү үчүн отун-кубат ресурстарынын ишенимдүү жабдыгычы катары ролун биротоло жоготуп койду, деген чечимге келген. Дал ошол чакта алар газ керектөөнү өткөн беш жылдыктагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 15 пайызга кыскартууга убада беришкен.

План ашыгы менен аткарылды.

Германиянын Түндүк деңизинин жээгинде суюлтулган газды кабыл алуу үчүн негизделген жаңы терминалдан Гамбургга карай кетчү газ кууруна жумшалчу түтүктөр. Европа орус газ куурун тез аранын ичинде суюлтулган газга алмаштырып салууга киришти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын Түндүк деңизинин жээгинде суюлтулган газды кабыл алуу үчүн негизделген жаңы терминалдан Гамбургга карай кетчү газ кууруна жумшалчу түтүктөр. Европа орус газ куурун тез аранын ичинде суюлтулган газга алмаштырып салууга киришти

Жылытуу мезгилинин алгачкы эки айында – октябрь жана ноябрда – ЕБде газды керектөө 24% га кыскарган. Муну ICIS изилдөө борбору эсептеп чыкты. ЕБнын эки өнөр жай дөөлөтүндө – Германия менен Италияда – газга суроо-талаптын төмөндөшү 21% дан ашты. Евробиримдик менен коштошуп кеткен Улуу Британияда быйыл ноябрда бул көлөм көрсөткүчү 19%ды түздү.

Алар муну кантип жүзөгө ашыра алышты? Мында ыктыярдуулук менен мажбурлоочулук эриш-аркак жүрдү.

Европада газга болгон суроо-талаптын 40%га чейини жеке кишилерге туура келет: алар газ менен үй жылытат, суу ысытат жана тамак-аш бышырат. Жалпы суроо-талаптын 30%га жакынын өнөр жай тармагы керектейт.

Өнөр жайдагы суроо-талап негизинен мажбурлоо менен кыскартылат, ал эми калкка келсек, алардын газды керектөөнү кыскартуусу негизинен ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат, анткени кишилер үчүн субсидиялар ишканаларга караганда теңдешсиз жогору болот да, баалар төмөн келет.

Газга болгон бардык өнөр жайлык суроо-талаптардын жарымынан көбүрөөгү туура келген отун-кубатты көбүрөөк сарптай турган өндүрүш тармактары (металлургиялык жана цемент ишканалары, айнек өндүрүүчүлөр жана чопо бышыруучулар, жер семирткич өндүрүүчүлөр жана мунайзат химиясынын башка түрлөрү менен алектенгендер) башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк үнөмдөөгө баруусу зарыл болду.

Эгерде кырдаал оңолбой турган болсо, анда суроо-талаптын убактылуу төмөндөшү туруктуулукка айланып кетиши ыктымал. Бул жагдай Евробиримдиктин өнөр жай пайдубалына өлчөөсүз зыян келтирет. Андай кесепеттүү кырдаалда кээ бир компаниялар башка өлкөлөргө, мисалы, мунай жана газ көп өндүрүлгөн АКШга көчүп кетиши ыктымал. АКШда болсо отун-кубат менен камсыздоо кыйла арзаныраак, демек, бул өлкөдө отун-кубат жеткиликтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк.

Отун-кубатты азыраак талап кылган ишканаларда жана мамлекеттик менчик тармагында тандоо шарты оңоюрааак. Эрежелерди жеңилдетүүлөр, кайра жаралуучу отунга өтүү же жөн эле көнүмүш адаттардан баш тартуу – аларга газды керектөөнү азайтууга мүмкүндүк пайда кылат.

Шаардын мэриясынын башкеңсесин же борбордук аянттагы фонтанды жарыктандыруу – абдан сонун, жакшы жылытылган китепканада же кеңседе отуруу – өтө жагымдуу, түнкү маалда дүкөндөрдүн жаркыраган жарнамаларына көз чаптыруу – аябай кызыктуу келет. Бирок ушул жылдын күзүндө белгилүү болгондой, Европадагы согушту токтотуу үчүн европалыктар отун-кубатты ысырапчылык менен колдонууга түрткөн мындай эски кардарлык адаттардан баш тартууга даяр болуп чыгышты.

Францияда, Испанияда жана башка өлкөлөрдө эми жабык турган дүкөндөрдү түнкүсүн кооздоп жарыктандырууга, ал эми күндүз болсо жылуулук системасы же кондиционер күйүп турганда, имараттын эшик-терезесин ачык таштап салууга тыюу салынды. Көчө шамдарынын жарыктары кескин азайтылды, коомдук имараттарда күндүзгү жылуулук +19°С ашпайт (түнүчүндө ал үйлөр анчейин жылытылбайт), ал эми дааратканаларда ысык суу жок болду.

Жада калса дүйнөдөн кайткандар да орус газына болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган жалпы ишке көмөкчү болуп жатышат.

Германияда маркум сөөгүн өрттөгөн жайлар (крематорийлер) газды отун катары коротууну 80%га үнөмдөөнүн шартында кантип мурдагы көрсөткүчтөгү маркум сөөктөрүн өрттөөгө жетишүүгө боло тургандыгын эске алган өздөрүнүн жаңы планын сунушташты.

Мештердин бир бөлүгүн өчүрүп, башкаларын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүп, абанын ысыктыгын (температураны) 850°тан алда канча төмөн 750° чейин төмөндөтүү керек деп да бул планда сунушталды.

Мындай сарамжалдык сунуштарынын баарын аткарууга бийликтердин уруксаты гана керек, деп Германия крематорийлер биримдигинин башчысы Свенд-Йорк Соболевски мырза "Рейтерс" агенттигине курган маегинде билдирди.

Берлиндеги собор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол эле учурда, өнөр жай тармактарынын тийешелүү адистеринин айтымында, британиялык үйлөрдөгү жылуулук деңгээлин болгону 1°C төмөндөтүүнүн өзү эле газдын көлөмүн 7%га чейин үнөмдөйт. Ушундай эле чара Европанын биринчи кезекте Италия, Нидерландия жана Германия кирген көптөгөн ири экономикалары үчүн өтө ургаалдуу, анткени алар имараттарды негизинен газ менен жылытышат.

"Кышкы сууктун алгачкы текшерүүсү"

Ошондуктан Европанын орус газына болгон көз карандылыгын азайтуу үчүн жалгыз үмүт – бул эч кандай өнөр жай тармагы эмес, калайыктын өзү болуп турат.

Азыркы тапта бийликтер калкты дотация жана газга болгон тарифти чектөө менен колдоп жатышат. Мындан улам кишилердин көпчүлүгү үнөмдөөнүн зарылчылыгын туя беришпейт. Жарыктын жана жылуулуктун баасы, эгерде алар өссө да, анчейин көп эмес, дал ошондуктан калайык газ керектөөнү кыскартууга муктаждыкты сезе беришпейт. Мында суроо-талапты ойрондоонун эркин базардык механизми чидерленип мүдүрүлүп турат.

"Көптөгөн өлкөлөр суроо-талапты азайтуу талап кылынган жерде дагы эле жаңылыштык менен отун-кубатты керектөө жаатын субсидиялап жатышат, – дейт Еврокомиссар Тиммерманс. – Бул сыяктуу ыкма тобокелчиликтерге туш кылышы ажеп эмес. Эгерде мамлекеттик колдоо соолуп кетчү болсо, анда базарга карата ишеним бузулат, Орусияга каршы санкцияларды киргизүү иши кыйындайт жана өндүрүлгөн зыяндуу "күнөсканалык" газды кайра зыянсыздаштыруунун наркы кыйла эле кымбатыраак болуп калат".

Европага аба ырайы ысык болгон октябрь менен жылуу ноябрдын ордун алмаштырган адаттан тыш ызгаардуу декабрь башпакты. Эдинбург, Шотландия, Улуу Британия. 2022-жылдын 9-декабры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европага аба ырайы ысык болгон октябрь менен жылуу ноябрдын ордун алмаштырган адаттан тыш ызгаардуу декабрь башпакты. Эдинбург, Шотландия, Улуу Британия. 2022-жылдын 9-декабры

Суроо-талаптын кыскарышы – өзгөчө ургаалдуу, анткени Орусиядан келчү отун импортунун көлөмү 80%га азайганына карабастан, Европага жылытуу мезгилинин башталышын кыйналбай аман алып чыгууга мүмкүндүк берип жаткан берки төрт өңүт жакында жок болуп кетиши деле ыктымал.

  • Орусия дагы деле Европаны газ менен камсыздоосун улантып жатат, бирок каалаган учурда ал газ куурунун оозун бүтөп салышы ажеп эмес. Евробиримдик газдын баасынын шыптык чегин Жаңы жылга чейин бекитүүнү убада кылууда. Путин болсо мындай шыптык чек келишимине кол койгондордун бардыгына газ жеткирүүнү токтотуп салам деп буга чейин эле алдын ала опуза кылган.
  • ICISтин талдоочулары кийинки жылдын күзүндө башталчу жылытуу мезгилине карата газ кампалары быйылкыдай 95% эмес, болгону 65% гана толтурулат ко деп санашууда. Анын башкы жүйөөсү – бул Кремл тарабынан башталышы ыктымал болгон Европага каршы газ "камалоосу".
  • Кишилерге жана ишкердик чөйрөлөргө берилээри каралган азыркы көлөмдөгү субсидиялар алынып салынды. Биринчиден, алар суроо-талапты колдоп, керектөөнү кыскартууга жол бербейт. Экинчиден, аларда жөн эле мамлекеттик казыналык акча таптакыр жетишсиз. Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, мамлекеттик колдоонун 70%ы – бул эң муктаж болгондордун дарегине эмес, ар кимге эле чет-четинен акча жаадыруу аркылуу сарпталып келчү каражат. Мындан ары каражатты үнөмдөө үчүн бийлик эң жакыр жана аялуу жарандарды гана субсидиялоого өтөт. Берешендик менен сыйлык таркатуу фестивалы эми аяктады.
  • Аба ырайы жылуу болгон күз өз ордун ызгаарлуу суук болчу кышка бошотту. Түндүк Европада адаттан тыш ызгаардуу декабрь өтүп жатат. Германияда газды керектөө, – жергиликтүү жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, – акыркы аптада 14%га өстү. Соңку беш жылдык орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу үнөмдөө дагы эле 13%га жакын, бирок бул көрсөткүч быйыл ноябрда 23%ды жана октябрда 26%ды түзгөн көрсөткүчтөрдөн бир кыйла төмөн болууда.

Жалпысынан алганда, Европада окшош эле кырдаал жаралды.

"Биринчи ызгаар сууктун сыноосуна кош келиңиздер!" (TT)