Орусия Европага газ жеткирүүнү кантип токтотууда?

Владимир Путин "Газпром" ишканасынын

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин "Газпром" ишканасынын "Сила Сибири" түтүгүнүн ачылышында. Якутск, 2014-жыл

Орусия жакынкы айларда экинчи жолу “Түндүк агым 1” газ куурун жаап, Европага газ жеткирүүнү токтотту. Орус тарап, ага оңдоп-түзө иштери жүйө болгонун билдирди.

Орусия газ экспортун азайткандыктан дүйнөдө газ кымбаттап кетти. Бирок Москва, энергияны саясий курал катары колдонбогонун айтууда.

“Түндүк агым 1” деген эмне жана ал канча газ жеткирет?

“Түндүк агым 1” - 1,200 чакырымга созулуп, Орусиядан Германияга газ жеткирген негизги газ түтүгү. Ал 2011-жылы ачылып, Орусиядан Германияга күнүнө максимум 170 метр куб газ жөнөтө алат.

Германия мындан сырткары буга чейин “Түндүк агым 2” газ түтүгүн курууга макулдук берген, бирок Орусия Украинага кол салгандан кийин ал токтотулган.

Орусия газ берүүнү кантип токтотуп койду?

Түндүк агым 2

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Май айында, “Газпром” компаниясы Беларусь жана Польша аркылуу Германия жана башка Европа өлкөлөрүнө газ жеткирген негизги газ куурун жаап койгон.

Июнда, “Түндүк агым 1” аркылуу газ берүүнү күнүнө 170 метр кубдан 40 метр кубга түшүрүп, 75 %га азайткан. Кийин июлда бул куурду 10 күнгө жаап, оңдоп-түзө иштери жүрөрүн айтышкан.

Кайра ачылгандан көп өтпөй, “Газпром” дагы 20 метр кубга азайтып, жабдыгы бузулганын билдиришкен. Азыр Орусия газ кууру аркылуу Европага газ жеткирүүнү биротоло токтотту. Газ берүү эмне үчүн токтотулду? Орусия, Түндүк агым газ куурунун соңку ирет жабылышына турбинанын тешилгенин жүйө келтирди.

Бирок газ түтүктөрүн чыгарган Siemens Energy компаниясы, түтүктүн андай тешилиши “адатта турбинанын операциясына кедергисин тийгизбейт” деп билдирди.

“Ал газ куурунун жабылышына себеп болбошу керек. Бул газга болгон бааны манипуляция кылып, Европанын энергия түзүмүнө кысым жасоо боюнча Путиндин соңку кадамы.” - деп билдирди Брейгель институтунун энергия саясаты боюнча эксперти Бен Маквильямс.

Мындан сырткары, Владимир Путиндин басма сөз катчысы, газ түтүгүнүн үзгүлтүккө учурашына Батыштын санкциялары да өз кедергисин тийгизгенин маалымдаган. Февраль айынан бери Евробиримдик Орусияга каршы бир катар санкцияларды жарыялады, анын Орусиянын ичинде энергия тармагы да бар. Бирок Евробиримдиктин өкүлү Би-Би-Сиге, газды Европага жеткирүүдө санкция режими кедергисин тийгизбейт деп билдирди.

Европа канчалык кыйналып жатат?

Европа, өзгөчө Германия, мурунтан бери орус газына көз каранды болуп келген. Июль айында Орусия газ берүүнү чектей турганын маалымдаганда, бир күндүн ичинде эле Европада газдын баасы 10% га кымбаттаган.

Британия Орусиядан аз эле көлөмдө газ импорттосо да, газ дүйнө жүзүндө кымбаттап, учурда былтыркы жылдын ушул маалына караганда 450 %га көтөрүлгөн.

“Учурда дүйөлүк базарда газ жетишсиз болгондуктан, газ жеткирүү үзгүлтүккө учураган сайын баалар өсүп жатат. Ал нерсе Европанын экономикасынын өсүшүн басаңдатып, рецессияны тездетет”, - дейт Crystol Energy компаниясынын жетекчиси Кэрол Нахле.

Газдын токтотулушуна Европа кандай реакция жасап жатат?

Атомдук станция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинанын президенти Владимир Зеленский “газ менен бириккен Европага каршы ачык согуш” жүргүзүп жатат деп эсептейт.

“Орусия газын курал катары колдонуп жатат. Алар энергия дале чоң кубат экенин көрсөтүүгө аракет кылып, Европанын санкцияларына каршы өч алууда,” - дейт Британиядагы Энергия институтунун окумуштуусу Кейт Доуриан.

Орусия Украинага кол салганга чейин, Германия керектеген газдын 55 пайызын Орусиядан алчу. Алар газды керектөөнү 35 пайызга азайта алышты, эми газ импорттоодон биротоло баш тартарын айтышууда. Анын алкагында, алтернатива катары Германия газды Норвегия жана Нидерланддардан алууга аракет кылып жатышат.

Мындан сырткары, Германия көбүрөөк көмүр колдонуп, мындай кырдаалда энергия станцияларын жабылуудан сактап турат. Италия жана Испания болсо, Алжирден көбүрөөк газ импорттоого аракет кылышууда.