Евробиримдикти газы жок азаптуу кыш күтүп турат

Сүрөттүн булагы, AFP
Бельгиянын энергетика министри эгер газдын баасы түшпөсө, Евробиримдик беш-он жыл кыш азабын тартат деп эскертти.
Газдын баасын бүт Европанын масштабында чектөө жана аны электр кубатынын баасынан бөлүп кароого чакырыктар күчөп жатат.
Евробиримдиктин өлкөлөрү Россия февралда Украинага басып киргенден кийин энергиянын кескин кымбатташына кабатыр болууда.
Украинаны колдогон өлкөлөр болсо, Россиянын мунайы менен газын импорттоону кыскартууга аракет кылууда.
Өткөн жылы газдын 40% Европага саткан Россия эл аралык санкцияларга кабылганда бул жакка газ жиберүүнү кескин кыскартып салды.
Бельгиянын энергетика министри Тинне Ван дер Стрэтен Твиттерге газдын баасын азыр тезинен кармоо керек, антпесе газ менен электр кубатынын ортосундагы байланыш жасалма, аны реформалоо зарыл деп жазды.
«Эгер биз чара көрбөсөк, алдыдагы беш-он жылда кыш азаптуу болот»,-деди ал. «Биз Европанын деңгээлинде чара көрүп, газдын баасын кармашыбыз керек».
Европада электр энергиянын баасы дагы ыкчам көтөрүлүп, ушул аптада рекорддук деңгээлге чыкты.
«Биз азыркы убакта энергетикалык рынокто болуп жаткан мындай шумдукту токтотушубуз керек», — деди Австриянын канцлери Карл Нехаммер.
Ал электр кубатынын баасын ылдыйлатыш үчүн Евробиримдикти газ менен электр энергиясынын баасын бөлүүгө чакырды.
«Биз Путинге электр кубатынын Европадагы баасын күн сайын алмаштырып турушуна жол бере албайбыз»,-деди ал.
Газдын баасы өскөн сайын, электр кубаты да кымбаттап жатат
Жаратылыш газы мурдагыдай эле Европада электр кубатын өндүрүү үчүн кеңири колдонулууда. Газдын баасы өскөн сайын электрдин дагы баасы асмандап жатат.
Кызык жери, электр кубаты арзан булактардан өндүрүлүп жатса дагы аны дүңүнөн сатып алууда газдын баасы кошулуп эсептелүүдө.
Германия - 2020-жылы Россиянын газын эң көп импорттогон өлкө - Россия газдын көлөмүн азайып жатканына карабастан, кыштын алдында өзүнүн газканаларын толтурууга умтулууда.
Анын максаты - өзүнүн газканаларын октябрга чейин 85% толтуруу. Ошол себептүү электр кубатын үнөмдөө режими киргизилди.
Экономика министри Роберт Хак Германия газды башка атаандаш компаниялардан сатып алып жатканын айтууда.
Анын болжомунда сентябрдын башында эле бардык газканаларын 85% толтуруп коюшу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Россия газдын кыскарышын техникалык себептерге шылтап келди. Кремль энергетикалык кризистеги ролун четке кагып, соңку жылдары Европада газдын баасынын төрт эсе кымбаттап кетишин Россияга каршы санкциялардын кесепети деп атоодо.
“Баалардын асман чапчып кеткени өздөрүнүн эле кылганы. Кайра ага дагы күнөөкөрлөрдү издеп жатышат”,- деген июнь айында Путин.
Ал Европада “радикалдар менен популисттер бийликке келгенден кийин элитанын алмашуусу, деградация, экономикалык жана саясий коллапсты алдын ала айтканын” да баса белгилеген болчу.
Путин башкарып турган 20 жылдан ашуун мезгилде ЕБ Россиядан газ сатып алууну бир жарым эсеге көбөйткөн. Ал эми азыр болсо Европа аны үчтөн экиге кыскартууну кыска мөөнөттө ишке ашырган жатат.
Евробиримдик энергия үчүн согушта Кремль “Газпромду” курал кылып алганынан күмөн санабайт. Европалыктар газ жеткирүүдө мындан ары Россия тараптын “техникалык мүчүлүштүк” деген жүйөсүнө ынанбай калды. Ошондон улам газдын оозу бүт буулуп калышы мүмкүн деп эң жаман күнгө камынууда.
1970-жылдан бери алганда эң чоң энергетикалык кризиске кептелген бир нече өлкө газ пайдаланууда кескин кадамдарга барып, ченемдерди киргизгени турат. Ченемдер адегенде ыктыярдуу турдө, бара-бара мажбурлоого өтөрү айтылууда.
Европа көмүр жага турган электростанцияларын жаап, өзөктүк энергияга өтүү жөнүндө олуттуу талкуулай башташты.
Россия ошентип Евробиримдикке газ берүүнү акырындап кыскартууда. Суткасына 100 млн кубометрге чейин түшүп, соңку он жылдагы төмөнкү чекке жетти. “Газпром” май айында суткасына 250 млн куб берип жаткан, үч жыл мурун болсо 500 млн куб эле.

Сүрөттүн булагы, AFP
Путин бардык жерде Евробиримдиктин лидерлерин сындап келди. Өткөн жылы жайында түтүктүү бууп баштап, күзүндө болсо бир топ эле дефицитке жеткирген.
Узак мөөнөтүү келишимдерди гана аткарган, натыйжада кышында газдын баасы болуп көрбөгөндөй өскөн эле. Эми бул кыштын алдында анын көлөмү азайып каатчылыктын айынан баасы ого бетер көтөрүлдү.
Бирок азырынча тескери жыйынтык берип жаткандай. ЕБ кымбат жана баш оору боло турган жагына бет алып, “Газпромго” далысын салды.
Россия тараптан жасалма уюштурулган дефицит - Европаны орус газынан баш тартуу чечимин кайра кароого мажбурлоо максатын көздөгөн опуза.
Өткөн жылы эле “Газпром” Европага газ жеткирүү үчүн Германияга “Түндүк агым” багытынын экинчи бутагын курган эле. Эми ал Балтика деңизинин түбүндө дат басууда.
Путиндин статегиясы - Россияны бул чөлкөмдө мурдагыдай эле энергетика державасы бойдон калтыруу.
Европанын Украинадагы согушка чейинки планы акырындап 2050-жылга чейин газ сатып алууну азайтып олтуруу эле.
Украинага каршы агрессия Евробиримдиктин бул планын чукул өзгөртүп, 2027-жылы алар Россиянын газынан толук баш тарткан жатат. (КС)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:








