Демократтар Трамптын ысымы аталган Эпштейндин катын жарыялады. Ак үй муну президентти каралоо аракети деп атады

Дональд Трамп, Мелания Трамп, Джеффри Эпштейн и Гислейн Максвелл позируют на камеру.

Сүрөттүн булагы, Davidoff Studios/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп, анын (ошол кезде болочоктогу) жубайы Мелания, Жеффри Эпштейн жана Гислейн Максвелл, февраль, 2000-жыл

АКШнын Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл комитетиндеги демократтар финансист жана жете элек кыздарды азгырып, сексуалдык эксплуатациялоо боюнча тармакты түзгөнү үчүн айыпталган Жеффри Эпштейндин ишине байланыштуу жаңы каттарды жарыялашты. Анда АКШнын президенти Дональд Трамптын аты бир нече ирет аталат.

Комитеттин колуна тийген үч миңге жакын документтин арасынан алгач үч кат коомчулукка сунушталды. Анда ыктымал жабырлануучунун (же жабырлануучулардын) аты-жөнү жашырылган.

Мындан бир нече саат өткөн соң, АКШ президенти өзүнүн социалдык тармагында дароо эки билдирүү жарыялады.

"Демократтар Жеффри Эпштейн тууралуу ойдон чыгарылган нерселерди кайрадан көтөрүп чыгууга аракет жасашууда. Анткени алар шатдаун жана башка көптөгөн маселелер боюнча начар жүрүм-турумунан көңүлдү башкага буруу үчүн баарына даяр", — деп жазды Трамп.

Ал шатдаун деп федералдык өкмөттүн ишин каржылоо токтотулган абалды айтып жатат. Бул кырдаал 43 күнгө созулду. Ушул убакыт ичинде демократтар бюджет боюнча мыйзам долбоорун бөгөттөп, медициналык камсыздандыруу боюнча субсидиялардын мөөнөтүн узартууну талап кылышкан.

Трамп Эпштейн менен байланышкан ар кандай мыйзам бузууларды четке кагып келет. Ак үй болсо жарыяланган каттарды президентти каралоо аракети катары мүнөздөдү.

"Демократтар окуянын бурмаланган версиясын түзүү жана президент Трампты каралоо үчүн либералдык медиаларга электрондук каттарды тандап бөлүшкөн", — деп билдирди Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт.

Кийинчерээк Көзөмөл комитеттин сайтында Эпштейндин мүлкүнөн алынган материалдардын толук архиви жарыяланды. Анда 20 миңден ашык барактан турган кат алышуулар, макалалар, скриншоттор жана башка документтер бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алардын арасында британиялык саясатчы, лорд Питер Мандельсондун 2016-жылы, Эпштейн соттолгондон кийин аны менен байланышта болгонун да ырастаган жазуулар бар. Эпштейн менен байланышы ачыкка чыккандан кийин Мандельсон сентябрда Улуу Британиянын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулган.

Документтерде ошондой эле Улуу Британия падышасы Карл IIIтүн иниси, Эпштейн менен байланышы үчүн ханзаада деген наамынан ажыратылган Эндрюнун аты да аталат.

Ошол эле маалда АКШнын Өкүлдөр палатасында Юстиция министрлигин Эпштейндин ишине байланыштуу бардык документтерди жарыялоого милдеттендире турган мыйзам долбооруна жетиштүү кол топтолду. Долбоор боюнча добуш берүү келерки жумага белгиленди.

Көзөмөл комитетиндеги башкы демократ, конгрессмен Роберт Гарсия "Дональд Трамп Эпштейндин файлдарын жашырууга канчалык аракет кылса, биз ошончолук көп маалымат табабыз", – деп билдирди.

"Акыркы кат Ак үй дагы эмнени жашырып жатканы жана Эпштейн менен президенттин ортосундагы мамиленин мүнөзү тууралуу курч суроолорду жаратууда. Юстиция министрлиги Эпштейндин файлдарын толугу менен жана токтоосуз коомчулукка ачык кылышы керек. Көзөмөл комитети жоопторду талап кылууну улантат жана жабырлануучулар үчүн адилеттүүлүккө жетмейинче токтобойт", - деди Гарсия.

2025-жылдын сентябрында комитет Жеффри Эпштейнге 2003-жылы туулган күнүнө берилген китептин редакцияланган көчүрмөсүн басып чыгарган. Ал китепке Дональд Трамптын кол тамгасына окшош жазуу да камтылган. Президент өзү бул жазууну жазганын четке кагып келет.

Буга чейин Көзөмөл комитети тарабынан жарыяланган документтерде Трамптан тышкары миллиардер Илон Маск менен Британия падышасы Чарльз IIIтүн иниси Эндрюнун ысымы да аталган. Октябрда Эндрю Эпштейн менен байланышы бар деген айыптоолордон кийин ханзаада наамынан ажыратылган.

Жеффри Эпштейн менен Дональд Трамп бири-бирин 1990-жылдардан бери билет. Алардын мамилеси 2000-жылдардын башында салкындаган. Финансистке карата алгачкы айыптоолор 2005-жылы пайда боло баштаган.

Трамп бул иш боюнча өзүн туура эмес алып жүргөнүн же кандайдыр укук бузганын такай четке кагып келет.

Жеффри Эпштейн 2019-жылы жашы жете элек балдарды сексуалдык аракеттерге тартуу боюнча сот ишин күтүп жаткан учурда абакта өлүгү табылган.