Руслан Казакбаев: Түрк дүйнөсү бир жүрөк, бир билек болуп колдогону зор иш

Руслан Казакбаев

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Түркия менен Сириядагы зилзаланын кесепетинен курман болгондордун саны 21 миңден ашты. Куткаруу иштери күн-түндөп жүрүп жатканы менен мүнөт сайын урандылардын астынан аман калгандарды табууга үмүт азайып бараткансыйт. Кыргызстан боордош өлкөгө 100 боз үй жана кошумча 100 куткаруучу жибере турганы маалым болду.

Би-Би-Си Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевди кепке тартып, зилзала болгон аймактардагы абал жана куткаруу иштеринин жүрүшү тууралуу учкай маек алдык.

Би-Би-Си: Учурда дүйнөнүн чар тарабынан Түркияга жардам агылып жаткан кез. Кыргызстандан жөнөтүлө турган 100 боз үй муктаждарга көбүрөк пайдасы тийип, аларга баш калка боло тургандай план түзүлдүбү?

Руслан Казакбаев: Ооба, азыркы тапта бул ишти уюштуруп жаткан айрым өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөштүк. Эки-үч күн ичинде Кыргызстандан 100 боз үй, 100 куткаруучу келери боюнча маалымат алдык. Бирок так убактысы айтыла элек. Убактысы такталса мен ошол облустарга өзүм да барам. Зилзала болгон 10 облуста өзгөчө Газиантеп, Адана, Кахраманмараш шаарларында абал өтө оор. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке көзөмөлү менен түрк өкмөтү көп иштерди жасап жатат.

Абал кыйын, электр энергиясы жетишсиз, уюлдук байланыштар иштебей, жолдор бузулган. Зилзала болгон аймактарда биздин беш дипломатыбыз иштеп жатат. Бул өлкөгө азыр канадай гана гумжардам болбосун керек болууда. Себеби 100 миңдеген боордош түрк эли азыр көчөдө калды, аларга кийим-кече, тамак-аш, чатырлар жетишпей жатат. Биздин дипломаттар айрым дүкөндөр ачылып, көчөлөрдө унаа кыймылы жандана баштаганын кабарлашты. Боз үйлөрдү жиберүү боюнча кабыл алынган чечим абдан туура. Учурда Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер министрликтери жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, уюштуруу иштерин баштадык. Бирок боз үйлөр кайсы жерге курулат, кимдер курат деген сыяктуу уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар бар. Дүйнөнүн 95 өлкөсү, отуз жетидей эл аралык уюм, каржы институттары жардам берүү ниетин билдиришти.

Түркиядагы зилзала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Кыргызстандык келиндин каза болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Муну сиздер тактай алдыңыздарбы?

Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалымат каражаттары түндөтөн бери ушундай кабар жазып жатышат. Ал кызыбыз табылгыча биз муну тастыктай албайбыз, табылгандан кийин гана расмий маалымат беребиз. Бул кабар биздин жарандын туугандарынын жана ал жашаган үйдөгүлөрдүн айтканы боюнча таарап жатат. Анын табылбай жаткандыгы тууралуу кабар бизге эки күн мурун эле түшкөн. Учурда Хантай шаарындагы биздин жаран жашады деген үйгө техника жаңы барып, куткаруу иштери эми эле башталды. Эч качан үмүттү үзбөш керек. Канадай учур болбосун биз болгон жардамды беребиз. Анталия шаарындагы консулубуз үч күндөн бери ошол жерде жүрөт. Жалпы жонунан ал шаардагы 14 жаранды башка аймактарга жөнөттүк.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Ушул тапта жарандар Түркияга барып жардам берет элек деген ниеттерин билдирип жатышат. Жай тургундардын бул демилгеси жөндүүбү?

Руслан Казакбаев: Жогоруда айтып өткөндөй, жер титирөөдөн кыйраган аймактарда электр жарыгы, байланыш жок, жолдор бузулган. Учурда Түркияда 100 миңден ашык кутаруучу иштеп жатат. Анын жети миңден ашыгы чет элден келген адистер. Азыр биринчи кезекте издөө боюнча тажырыйбага ээ, керектүү жабуулары бар адситер, врачтар керек. Кыргызстандан келген 67 куткаруучу топ, зилзаланын чордону болгон Кахраманмараш шаарында үч күндөн бери иштеп жатышат. Дагы жүзгө жакын куткаруучу келери маалымдалды. Азербайжандан 400 киши, Казакстандан 100дөн ашык киши келген. Өзбекстандан да улам келип жатат. Жалысынан чет өлкөдөн келген жети миңден ашык адситер куткаруу иштерине жардам берип жатат. Мындан башка Түркиянын башка шаараларынан да ыктыярчылар тартылууда. Алар өзүнүн тилин, жашоо шартын, маданиятын билишет. Ошонсе да уюштуруу иштеринде кыйнчылыктар байкалууда. Анткени 20 миллион жашоочусу бар он ири шаар кыйрап калды. Кыргызстандан келе турган ыктыярчы жарандарга өзгөчө деле муктаждык жок деп ойлойм. Түрк элине 100 жылда бир болчу апаат келди. Азыр кыргызстандыктар бир жүрөк, бир билек болуп Түркянын элчилигине агылып барып, көңүл айтып, колунан келген жардамын бергени – боордош элге чоң дем болот.

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында гүлчамбар коюлду

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында гүлчамбар коюлду

Би-Би-Си: Табигый кырсык кайталанышы мүмкүн деген маалыматтар бар экен. Бул боюнча эскертүү, алдын алуу ишитер жүргүзүлүп жатабы?

Руслан Казакбаев: Учурда Түркия маалымат каражаттардын көңүлү зилзала болгон 10 облуска бурулган. Алар 24 саат боюу кырсык болгон аймактардан ыкчам маалыматтарды берип жатышат. Түркиянын атактуу гео-физика, сейсмология боюнча адситери , илимпоздар ар кандай кеп-кеңештерин айтышууда. Түркияда жер титирөө тобокелчилиги өзгөчө чоң. Ошондуктан жылына майда жер силкинүүлөр болуп турат. Бирок мындай 7,8 баллга жеткен жер титирөө боло элек болчу. Боордош түрк эли бул жолку сыноодон көп тажырыйба алып, өлкө дагы бекемделет деп үмүт кылам. Учундай учурда бардык түрк дүйнөсү бир билек, бир жүрөк болуп биригип, жардам берип жатканы жакшы көрүнүш.