Октябрь окуялары: демократияны сынаган беш жыл

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images
Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна жол ачкан Октябрь окуяларына беш жыл болду. Президент Садыр Жапаров бул окуялардан бери өлкөдө туруктуулук калыбына келип, башкаруу системасы өзгөргөнүн, экономика өскөнүн билдирди. Бирок жарандык активисттер беш жыл ичинде адам укуктарынын абалы жана сөз эркиндиги начарлаганына тынчсызданышат.
Президенттин эскерүүсү
Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодо кан төгүлбөй, мародерчулукка жол берилбей, тынчтык жолу менен бийлик алмашканын айтты:
"Мен камактан 6-октябрь таң эрте чыктым. Кечинде премьер-министр болдум. Үчүнчү сутка уктабай жүрсөм дагы дароо телеге барып, элге кайрылуу кылдым. "Мародёрлук кылбагыла, шаарды талкалабагыла, бийликти басып албагыла" деген сыяктуу кайрылууларды жасадым".
Жапаров куралдуу жоон топту бийликте мурда-кийин иштеген 300 "бай чиновникти" күч колдонуп өз алдынча жазалоодон токтотуп калганын, "кустуризация" жана люстрацияны убадалаганын эскерди:
"Айтор, эмне дешсе да макул болуп жатам. "Бир гана суранычым – кан төгүлбөсүн. Эгер кан төгө турган болсоңор, мен лидерликтен баш тартам" дедим".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Элестетсеңиз, мен өзүм түрмөдөн чыгып бийликти алып атсам, анан мурдагы чиновниктердин каны төгүлүп жатса, дүйнөлүк ММКлар мен кан төгүп жаткандай көрсөтмөк да. Элдин жини келип, 30 жылдан берки ууру чиновниктердин кылыгына тоюп кетип, эл өзү жасап жатканына эч ким ишенмек эмес", - деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, 2020-жылы 6-октябрдын түн ортосунда абактагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков жана башкалар бошотулган. Октябрь окуяларында коопсуздук кызматкерлер менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда жүздөн ашуун адам жаракат алып, 19 жаштагы жаран каза тапкан эле.
Жаңы саясий конструкция
Президент Октябрь окуяларынан кийин биринчи кезекте стабилдүүлүк орногондон кийин башкаруу системасын жаңылоого бел байлаганын айтты.
2021-жылы январда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо менен катар парламенттик башкаруу менен президенттик системанын ортосундагы тандоо да референдумга коюлган. Анда шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы президенттик башкаруу системасын тандашкан.
"2007-жылдан берки парламенттик башкаруу деген системасы мамлекетти чачыратып, жок кылайын деп калды эле. Бийлик бутактары мурда эле коррупцияга батып калган. 2010-жылы парламенттик башкаруу деген немеси парламентти да баш-оту менен коррупцияга тыкты. Ошону менен бүткүл өлкө коррупцияга батып, "ботко" болуп эле жатып калдык", - деген баасын берди президент.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Октябрь окуялары атыккан бир нече күндүк туруксуз кырдаалдан кийин Кыргызстандагы саясий система алмашты. 2021-жылдын январындагы президенттик шайлоо жана бүткүл элдик добуш берүүнү улай апрель айында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүп, өлкө жарым-жартылай парламенттик башкаруудан президенттик системага кайтты. Ошол эле жылы жаңы Конституцияга ылайык, пропорционалдык жана мажоритардык система менен Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү. Беш жыл ичинде өлкөдөгү ички саясат эки негизги саясатчы - президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин - тандеми алдында жүрдү.
Талдоочулар жана жарандык активисттер Октябрь окуяларынан кийинки бир канча жыл ичинде Кыргызстанда бийлик вертикалы орногонун айтып жатышат.
"Демократия деген кылмыштай түшүнүккө айланып, эл арасында, бийликте деле начар кабылданып жаткандай. Демократиялык классикалык системада үч бутак болот да: аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги. Азыр болсо бир гана бийлик бутагы өкүм сүрүп атат. Жогорку Кеңеш деле президент менен УКМК төрагасы айтканын чечип берип атат. Мисалы туу маселеси, Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча тез эле чечим кабыл алып беришти. Парламентте каршы чыккандарды куугунтукка алып, түрмөгө отургузуп, качканы качып жүрүшөт. Ошол бутактын бийлигин алып коюшту", -дейт серепчи Бурул Усманалы.
Деген менен Жогорку Кеңеш өзү мындай айыптоолордо алыс. Эгемен Кыргызстан тарыхында Жогорку Кеңеш биринчи жолу кечээ жакында өзүн-өзү таркатууга барды. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу депутаттардын бул чечимине жогорудан эч ким басым жасабаганын баса белгилеп өттү. Ал эми президент Садыр Жапаров өзү да бир да депутатка "тарагыла" деп басым жасабаганын айтууда.
"Адам укугу жана сөз эркиндиги кагазда калды"
Адахан Мадумаров Кыргызстанда туруктуу электораты бар саясатчылардын бири. Октябрь окуяларына себепчи болгон талаштуу парламенттик шайлоодо анын "Бүтүн Кыргызстан" партиясы босого чекти багындырган жападан жалгыз оппозициялык партия да болду.
Мадумаров 2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо дагы марага президент Садыр Жапаровдон кийин эле экинчи келген талапкер болду. Мадумаров дагы Жапаровдой эле президенттик башкарууга ыктаганы менен белгилүү.
"Мен деле башкарууну президенттикке бурмакмын, бирок парламенттин күчтүү көзөмөл функциясы калышы керек болчу. Бийликтин бир кишинин колуна кирип калышы өтө коркунучтуу жана опурталдуу. Конституцияда 23-беренеден тарта он беренеде адам укугу жана сөз эркиндиги тууралуу айтылат. Бирок алардын бары кагазда калды", - дейт саясатчы.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде бир катар укук коргоочу, журналисттерге иш козголуп, оппозициялык маанайдагы саясатчылар камакка алынды же тергөө абагына отуруп чыкты. Алалы, "Кемпир-Абад иши" эгемен кыргыз тарыхында саясатчылар жана активисттер тобу менен кармалган биринчи учур болуп калды. Мындан тышкары айрым медиа каражаттары да ишин токтотууга аргасыз болду.
Мындан улам Кыргызстандын демократия, адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингдердеги көрсөткүчтөрү ылдыйлады. Freedom House (FH) эл аралык уюму быйылкы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырды.
Уюм 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасында Кыргызстанда "чет элдик өкүл" сыяктуу талаштуу мыйзамдар кабыл алынганын, социалдык тармактардагы посттор үчүн жоопко тартылган адамдар болгонун эске салган.
"Интернеттеги сынчыл көз караштарга каршы кеңирирээк күрөштүн бир бөлүгү катары бир жыл ичинде социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары өздөрүнүн посттору үчүн суракка чакырылып, коркутууга кабылып, физикалык жактан орой мамилеге дуушар болуп, айыпталган же түрмөгө кесилген", - деп айтылат баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюмдун баяндамасында.
Мындан тышкары "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Дүйнөдөгү пресса эркиндиги" индексиндеКыргызстан соңку беш жыл аралыгында 82-орундан 144-орунга түшүп, жалпы 62 баскычка артка кетти.
Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстан 2020-жылы 124-орунда болсо, 2024-жылы 146-орунга түшкөн.
Президент Садыр Жапаров буга чейин адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча дооматтар боюнча ушул эле "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу деп жооп берген эле:
"Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок".
"Экономика өсүү темпинде"
Кыргызстанда соңку жылдары социалдык-экономикалык бир катар реформалар башталганы, коңшулар менен чек аралар чечилгени коомчулук тарабынан колдоого алынып жатат. Өзгөчө мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай курулуп жатканын бийликтин үзүрлүү иши катары баалагандар бар.
2022-жылы мамлекеттик көзөмөлгө кайтарылган Кумтөр кени экономикадагы негизги таянычка айланганы белгиленип келет. Президент Садыр Жапаров 28-августтагы сөзүндө соңку үч жылда курулган мамлекеттик ипотекалык үйлөр, бала бакчалар, мектептер, сатып алынган аскердик техникалар дал ушул аталган кенден түшкөн акчадан жумшалып жатканын билдирген.
Өкмөт өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) быйыл январь-августта алгач ирет 1 триллиона 42,1 миллиард сомго чыкканын баса белгилеп келет.
"Соңку беш жыл ийгиликтин, өнүгүүнүн жылдары болду. Кайсы тармакты карабаңыз, инвестициялар, бюджет, ИДП болобу, бардыгында өнүгүүнүн далилдүү фактылары болуп жатат. Индикаторлор бар да, мектеп, жолдор салынып жатат, өсүп жаткан маяналар жана коомдогу стабилдүүлүк менен азыркы бийлик тушунда өсүү жолунда кетип жатканыбызды айтсак болот", -дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Ошентип, кыргыз коомунда азыркы саясий-коомдук абалга карата пикирлер бир кылка эмес. Айрымдар мамлекетте туруктуулук орногонун, экономикалык өсүш болгонун баса белгилешсе, кээ бирлери сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын чектелишине тынчсызданышат.
Октябрь окуялары Кыргызстандын эгемен тарыхында элдик толкундоолордун арты менен бийлик алмашкан үчүнчү учур болуп калды. Ага негизги себептер катары Сооронбай Жээнбековдун чабал башкаруусу, 2020-жылдагы адилетсиз шайлоо, бир катар ири коррупциялык иштерде аты аталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун маселеси себеп болгону эксперттик чөйрөдө белгиленип жүрөт.












