Франция Тынч океан аймагына аскер жөнөтүп, Азербайжанды айыптады

Сүрөттүн булагы, AFP
Француз өкмөтү дүйшөмбү күнү тополоң чыккан Франциянын Тынч океандагы деңиз жээгиндеги аймагы болгон Жаңы Каледонияга аскер жөнөтүп жатканын билдирди. Франциянын ички иштер министри көз карандысыздыгын жактагандарды Азербайжан колдоп жатат деп айыптады.
Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь билдиргендей, аскерлер Жаңы Каледониянын портторунун жана аймактагы башкы аэропорттун коопсуздугун камсыздайт.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон аймакта өзгөчө кырдаал жарыялап, бийлик зордук-зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүнө катаал жооп кайтара турганын билдирди. Бийлик Жаңы Каледонияда коменданттык саат киргизип, Кытайдын TikTok социалдык тармагына тыюу салды.
Жаңы Каледониядагы толкундоолор француз парламенти жергиликтүү мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоонун тартибин өзгөртүү боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин башталган. Шаршемби күнү жыйынтыкталган өзгөртүүлөргө ылайык, Жаңы Каледонияда 10 жылдан бери жашаган француз тургундарына добуш берүү укугу берилет.
Бул Жаңы Каледониянын жергиликтүү калкы болгон көптөгөн канактардын кыжырын келтирди, алар эми өздөрүнүн саясий таасири азаят деп кооптонушууда.
Франция парламентинин чечиминен кийин дүйшөмбү күнү башталган кагылышууда кеминде төрт киши набыт болду, анын ичинде үч канак жана бир полиция кызматкери октон алган жараатынан көз жумган.
Жергиликтүү тургундар Нумеа шаарынын аймактык борборундагы дүкөндөрдү талкалап, өкмөттүк имараттарды өрттөшкөн. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманендин айтымында, жүздөгөн адамдар, анын ичинде 100гө жакын полиция кызматкери жарадар болгон.
Маалым болгондой, жергиликтүү тургундардан куралган топтор укук коргоо кызматкерлери менен атышкан.
Шейшембиде киргизилген коменданттык саатка жана коомдук чогулуштарга тыюу салынганына карабастан, толкундоолор шаршемби күнү уланды. Абактагылардын жергиликтүү түрмөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы тууралуу да маалыматтар бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Буга Азербайжандын кандай тиешеси бар?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
AFP агенттиги кабарлагандай, Дарманен бейшемби күнү Жаңы Каледониядагы окуяларга Азербайжан бийлиги кийлигишип жатканын билдирди.
“Бул фантазия эмес. Тилекке каршы, айрым сепаратисттер (жикчилдер) Азербайжан менен макулдашууга жетишти”, - деди ички иштер министри France 2 телеканалына берген маегинде. Ал “кийлигишүү аракеттери болгон күндө дагы, Франция өз аймагынын эгемендүүлүгүн сактап калат”, - деп кошумчалады.
Дарманен кандай кийлигишүү жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.
Анткен менен апрель айынын аягында Азербайжандын мамлекеттик агенттиги Aзертаж кабарлагандай , Жаңы Каледония парламентинин жергиликтүү калкынын өкүлү болгон депутаттардын бири Бакуга “бизге көрсөткөн колдоосу, колониализмге каршы, көз каранды эместик үчүн күрөштө Азербайжан алар менен бирге болгондугу үчүн” ыраазычылык билдирген.
Бул тууралуу ал Бакуда өткөн “Жаңы Каледония: тарых, заманбап чакырыктар жана күтүлгөн келечек” аттуу илимий конференцияда айткан.
Сапардын жүрүшүндө Жаңы Каледония Конгрессинин Инфраструктура боюнча комитетин жетектеген депутат Нейселин Омайра Азербайжан менен кызматташуу меморандумуна кол койгон.
“Азертаждын“ маалыматына караганда Омайра: “Бул өзүнө саясий колдоону камтыйт. Ошол эле учурда биз экономика, маданият, экология өңдүү тармактарда кызматташуубузду өнүктүрө алабыз. Биз үчүн жаңы барак ачылууда, бүгүн биз эки элдин ортосундагы жаңы тарыхтын пайдубалын түптөп жатабыз“, - деп айткан.
Азербайжандын АПА агенттиги да Франциянын колонияларында көз карандысыздык үчүн күрөшкөн 14 кыймылдан турган Баку демилге тобунун Жаңы Каледониядагы окуяларга байланыштуу билдирүү жарыялаганын кабарлады.
“Билдирүүдө Канаки-Жаңы Каледонияда шайлоо массасын кеңейтүү үчүн Франциянын өкмөтү тарабынан мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү мажбурлап ишке ашыруу айыпталат, ошондой эле канак элинин көз карандысыздык үчүн адилет күрөшүн толук колдойт“, - деп билдирет агенттик.
Кошумчалай кетсек, Reuters кабарлагандай, Тынч океан аймагындагы деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам коркунучуна кептелген өлкөлөрдүн бир нече лидерлери ушул аптада COP29 климаттык конференциясын өткөрүүгө даярданып жаткан Азербайжанга барды.
Азербайжан өкмөтү Париждин Жаңы Каледониянын иштерине кийлигишүү тууралуу билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Франция менен Азербайжандын мамилеси 2020-жылдагы Карабак согушунан кийин начарлап кеткен. Европадагы эң чоң армян диаспорасы жашаган Франция салттуу түрдө Арменияга ыктап келет.
Өткөн айда Франция Азербайжандагы элчисин чакыртып алган жана Азербайжан буга жооп кылып, Францияны "деструктивдүү иш-аракеттери" үчүн айыптаган.
Жаңы Каледония деген эмне?
Жаңы Каледония - Австралия менен Фиджинин ортосунда жайгашкан Франциянын океандагы аймагы. Париж аны 1853-жылы колония деп жарыялаган. Алгач француз өкмөтү бул жерди абактагыларды кармоочу жай катары колдонгон: 1864-жылдан 1897-жылга чейин ал жерге 22 миңдей кылмышкер жөнөтүлгөн. XIX кылымда жергиликтүү калктын – канактардын (Меланезиянын түпкү элдеринин бири) бир нече жолу көтөрүлүштөрү болгон.
Азыр Жаңы Каледониянын калкы 300 миңге жакын адамды түзөт. Анын 40 пайызга жакыны, же 112 миңи канактар.

1998-жылы кол коюлган келишимдерге ылайык, Франция аймактын саясий автономиясын кеңейтүүгө жана жергиликтүү шайлоолордо ошол кезде Жаңы Каледонияда жашагандарга гана добуш берүүгө макул болгон. Бирок 1998-жылдан бери Жаңы Каледонияга 40 миңдей француз жараны көчүп барган.
Келишимде ошондой эле Жаңы Каледонияда анын келечегин аныктоо үчүн үч референдум өткөрүлө турганыдыгы белгиленген.
Мындай акыркы плебисцит 2021-жылдын аягында болгон — жана үч учурда тең жергиликтүү тургундар Франциядан көз карандысыз болууга каршы чыгышкан.
Ошол эле маалда 2018 жана 2020-жылдардагы биринчи жана экинчи референдумда Париж менен алаканы сактоону жактагандар бир аз көпчүлүккө ээ болуп, үчүнчү жолу, бийлик коронавирус пандемиясынын фонунда шайлоону кийинкиге калтыргысы келбегендиктен эгемендүүлүктү колдогон партиялар добуш берүүгө бойкот жарыялоону чечишкен.
"Бүгүн Франция ого бетер кооз өлкө, анткени Жаңы Каледония анын курамында калууну чечти", - деген Макрон 2021-жылдагы добуш берүүдөн кийин.
Жаңы Каледония Франциядан олуттуу автономияга ээ, бирок коргонуу жана билим берүү сыяктуу маселелерде андан көз каранды. Ошондой эле ал Парижден чоң субсидияларды алат.












