Азербайжан менен Армениянын Карабак боюнча сүйлөшүүлөрү эмнеге келип такалды?

Сүрөттүн булагы, AZERTAG
Карабактагы согуш үч жыл мурун аяктаган. Армения Бакунун дээрлик бардык талаптарына макул болуп, ордуна Карабактагы армяндардын коопсуздугуна кепилдик берүүнү талап кылды. Баку алар Азербайжандын жарандары менен бирдей укуктарга ээ болорун айтууда.
2020-жылдагы согуштан кийин жаңжалдашкан тараптар көп жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, кээде тынчтык келишимине кол коюуга аз эле калгандай сезилген. Жолугушуулар Вашингтондун, Брюсселдин жана Москванын ортомчулугу менен өттү, бирок эксперттердин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн алга жылышы армяндардын коопсуздугуна байланыштуу болууда.
Азербайжан 44 күнгө созулган согушта жеңип чыгып, Карабактын жана ага чектеш аймактардын бир бөлүгүн кайтарып алган, ал эми Азербайжан, Армения жана Орусиянын мамлекет башчыларынын макулдашуусу менен Орусиянын бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабакка киришкен. Ал күчтөр армяндар жашаган Карабактын аймагын көзөмөлдөп, алардын коопсуздугун камсыз кылышат.
Бирок армяндар бул коргоонун сапатына нааразы болуп, бейпилдик күчтөрү азербайжандык аскерлердин алдында алсыз деп эсептешет.
Өз кезегинде азербайжандар орустар Армениядан Карабакка курал-жарактарды тымызын алып өтүүгө жардам берип жатканын айтышууда.
Курал колдонуу учурлары жана ок атышпоо режиминин бузулушу (анын ичинде Азербайжан менен Армениянын чек арасында) тууралуу кабарлар бир нече күндө бир келип турат.
Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн мандаты 2025-жылы аяктайт жана Азербайжан ал узартылбай калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
Ереван Карабакта жашап жаткан он миңдеген армяндардын коопсуздугуна кепилдик алууну каалайт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Карабак - бул эки элдин тең сезимдерин заматта уйгу-туйгу кылган маселе. Ондогон жылдар бою уланып келе жаткан кагылышуулар армяндар менен азербайжандарды бөлүп турган жараканы ого бетер кеңейтти.
Бул тирешүүдө эки тарап тең өздөрүн курмандык катары эсептешет, кабыл албоонун жана ишенбөөчүлүктүн дубалы төгүлгөн кандын ар бир тамчысы менен кайрадан бекемделип жатат.
Армяндар Тоолуу Карабактан чыга алышпайт, азербайжандар Карабактын армяндар тарабынан талкаланган шаарларына жана айылдарына кайтып келе албайт, миналардан тазалоо жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштери дагы көп жылдар бою жүргүзүлөт.
Бүгүн Бакуда деңиз жээгиндеги паркта сейилдеп жүргөн армянды же армяндардын Севан көлүнүн (азербайжанча Гёйча) жээгинде эс алып жүргөн азербайжанды элестетүү мүмкүн эмес.
Согуштук аракеттердин кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен аракеттер, ачык коммуникация жана транспорттун (мисалы, Нахичеванга баруучу жолдор) эркин жүрүүсү – мындай кадамдар диалогду жана компромиссти талап кылат.
Бирок Арменияда да, Азербайжанда да коом буга азырынча даяр эмес жана аларды эч ким даярдап жаткан жок.

Сүрөттүн булагы, bbc
Тынчтыктын шарттары
Азербайжан буга чейин Арменияга тынчтык келишиминин шарты катары беш пунктту сунуш кылган, алар: чек араны өз ара таануу, аймактык дооматтарды жою, аскердик күч колдонуудан жана күч колдонуу менен коркутуудан баш тартуу, чек араларды демаркациялоо жана транспорттук коммуникацияларды ачуу.
Армян тарап Карабакта жашап калган армяндардын коопсуздугун кепилдеген эл аралык механизмдерди түзүү боюнча пунктту кошууну каалайт. Дал ушул жаатта тараптардын көз караштары эки ача болууда.
Ошентип, ушул жылдын май айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныганын жарыялаган, бирок ал жерде жашаган армяндарга коопсуздук кепилдигин берүү үчүн Баку “Степанакерт менен толук кандуу сүйлөшүүлөргө” барышы керектигин дагы бир жолу кошумчалады. .
Армениялык саясат таануучу Александр Искандарян азыр мындай кепилдиктерди алуу өтө кыйын деп эсептейт. Бир жагынан ишеним кризиси болуп жатат, анткени таанылбаган ТКРде (Тоолуу Карабак Республикасы) Бакунун убадаларына ишенишпейт, , экинчи жагынан Баку, “мисалы, эл аралык же БУУнун бейпилдик күчтөрүн киргизүү сыяктуу кепилдиктерди кабыл албайт. ».
“Буга ылайык, эгерде, эл аралык кепилдик аркылуу сүйлөшүү процесси жүрүп, бир канча убакытка атышуулар жана чыңалуулар токтосо, ошондой эле товарларды (Армениядан Карабакка) жеткирүү мүмкүнчүлүгү ачылса, ошондо бул (кепилдиктерди) талкуулоого аракет кылуунун жок дегенде башталышы болушу мүмкүн”, - деп эсептейт Искандарян.
2022-жылдын декабрынан бери армяндар жашаган аймак иш жүзүндө курчоодо калган, ал акырындык менен күчөп баратат. Ал кезде азербайжандык мамлекеттик кызматкерлер экоактивисттердин атын жамынып, таанылбаган ТКРди Армения менен байланыштырган жалгыз жолду жаап салышкан.
Ал эми быйыл жазында Азербайжан Армения менен чек арага толук кандуу чек ара бекетин кургандыктан жүк ташуу токтоп калган.
Андан кийин жайында Азербайжан Эл аралык Кызыл Кресттин унааларын Карабакка өткөрүүнү токтотуп, июль айынын аягында тез жардам унаасын кармап, анын ичиндеги бейтапты 30 жыл мурун жасалган согуш кылмыштары үчүн деген жүйөө менен айыптап камакка алган.
Баку Карабакка гуманитардык жүктөрдү Азербайжандын Агдам шаары аркылуу алып келүүнү сунуштап жатат, бирок армяндар буга каршы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азербайжан: Армяндардын укугу бирдей
Азербайжан аскердик жактан Армениядан күчтүү, анын армиясы Армения менен чек араны көзөмөлдөйт, ошондой эле Шушада, Карабах шаарында, Степанакерттен (Азербайжанда Ханкенди деп аталат) бир нече чакырым алыстыкта үстөмдүк кылган бийиктикте жайгашкан. Ал эми Баку өз риторикасында опузалоодон кайра тартпай, күчүн билдирип сүйлөйт.
Президент Илхам Алиев так түшүндүргөн: Карабактын армяндары же азербайжан паспортун алышы керек же аймактан чыгып кетиши керек. Анын үстүнө, ал дагы, анын чиновниктери дагы паспорт менен бирге Карабактын армяндарына Азербайжандын башка жарандары ээ болгон укуктарга кепилдик берерин бир нече жолу айтышкан.
Бул билдирүүлөр Азербайжанда адам укуктарынын абалы начар экенин жана мектептерде армяндарга карата жек көрүүчүлүк пропагандасын эске алганда, мында этникалык армяндарга өз мекендештери катары кандай мамиле жасалат деген күмөндүү пикирлер да айтылды.
Карабак армяндары азербайжан жарандыгын алуу ниетин билдире элек болсо да, Би-Би-Си Жарандарды тейлөө боюнча мамлекеттик агенттикке (ASAN) кайрылып, Карабак армяндары азербайжан паспортун алууну кааласа, каякка кайрылышы керектигин сурады. Алар Ички иштер министрлигине телефон чалууга кеңеш беришти. Азырынча министрлик, ошондой эле Азербайжандын Миграция кызматы чалууларга жооп бере элек.
Айрым серепчилер, анын ичинде Александр Искандарян азербайжан бийлиги армяндарды Карабактан кетүүгө мажбур кылып жатат деп эсептешет.
Саясат таануучунун айтымында, ал армяндар азербайжандардай эле укукка ээ болорун укканда өзүнө: “кайдагы укуктар?” деген суроо берет.
“Буларда монархия, өлкөдө бир үй-бүлө ортодо кыска тыныгуу менен, 1969-жылдан бери башкарып келет”, - дейт Искандарян. Элестеткиле, өлкөдө кээ бирлер (армяндар) укукка ээ болгон күндө, башкалардын (азербайжандар) укугу жок болсо - бул акылга сыйбаган нерсе да.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эксперт: Армяндарга эркиндик берүү Алиев үчүн жаман прецедент болот
Карабак чатагы боюнча азербайжандык тарыхчы Ариф Юнус ага кошулат: “Мисалы, эгерде Азербайжандын бардык жеринде эптемей шайлоо өтсө, башка бир бөлүгүндө баары жакшы болот дегени – болбогон сөз”.
Азербайжан ар кандай эл аралык рейтингдерде жана отчеттордо Түштүк Кавказдагы демократия жагынан эң алсыз өлкө катары сүрөттөлөт. Көптөгөн журналисттер, саясатчылар, укук коргоочулар абакка түштү, режимди сындаган далайлар Азербайжандан чыгып кетишти.
Оппозиция парламентте дээрлик жок жана президенттик шайлоого катышкан саналуу талапкерлердин өздөрү же азыркы президент Алиевдин жактоочулары же коомго такыр белгисиз саясатчылар болгон.
Freedom House уюмунун эркиндик индексинде (өлкөлөр гана эмес, аймактар да эске алынат) таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасы жарым-жартылай эркин деп эсептелет, ал эми Азербайжан эркин эмес.
Тарыхчынын айтымында, эгерде армяндар Азербайжандын бир бөлүгү болуп, коопсуз жашаса, анда алар эл аралык деңгээлде, анын ичинде Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында (ЕКПА) Азербайжандан улуттук азчылыктардын укуктары жана жалпы эле адам укуктары боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кыла алышмак.
“Бул Азербайжанга да жардам берет, анткени азербайжан оппозициясы жасай албаганды армяндар жасамак”, - деди Юнус. "Оппозиция үчүн армяндар өлкөнү демократияга сүйрөгөн локомотив болуп калышы мүмкүн".
Эксперттин айтымында, азербайжан бийлигинин максаты армяндарды өз ыктыяры менен кетүүгө мажбурлоо.
“Анын (Алиевдин) милдети бардыгын өзүнө баш ийдирүү, бирок ага баш ийбеген аймак бар, андагы адамдардын тажрыйбасы башка”, - дейт тарыхчы. “Азербайжанда армяндардын жашашына макул болуу, армяндарды алардын сөзүнө (бийликке) ишенүүгө мажбурлоо – өлкөдөн качып кеткен оппозиционерлерди чакырып, аларга коопсуздук убада кылганга эле окшош”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Демократтарды текшерген сыноо
2020-жылдагы 44 күндүк согушта Азербайжандагы оппозиция согуштук аракеттердин аягына чейин пикир келишпестиктерди калтырып, өкмөттү колдоп турган. Коом ошондой эле 1990-жылдардын башында Карабактагы биринчи согушта алдырып койгон аймактарды кайтарып алууну көздөгөн азербайжандык аскерлер менен тилектештикте болгон.
Бирок кийинчерээк Армениянын аймагында жаңы кагылышуулар болуп кеткенде, режимдин айрым белгилүү сынчылары Азербайжан бийлигинин аракеттерин айыптай башташты. Буга жооп кылып бийлик социалдык тармактарда аларга каршы кампанияны баштап, бийликти сындагандардын фотошоп менен “чыккынчыны таанып ал” деген штамп басылган сүрөттөрүн таркаткан.
Бүгүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында бийликтин зордук-зомбулуктарын айыптаган азербайжан оппозициясы Карабактын курчоодо калганын сынга албайт. Муну азербайжандык саясий серепчи Шахин Рзаев өлкөдөгү оппозиция чындыгында азыркы бийликке караганда улутчул болуп, Карабактын армяндарына жан тартпаганы менен түшүндүрөт.
Оппозициялык партиялардын биринин мурдагы лидери Би-Би-Сиге билдиргендей, оппозиция бүгүнкү күндө өзүнүн аман калышы жана тирешүүсү менен алек: "Андайга жаңы мыйзам түрткү болду, ал бардык партияларды кайра каттоодон өтүүгө мажбурлап, мүчөлөрүнүн саны менен сынашууга негиз берди."
Би-Би-Синин Карабакты блокадага алуу боюнча партиянын позициясы тууралуу суроосуна оппозициялык “Республикалык альтернатива” партиясынын лидери Илгар Мамедов мындай деп жооп берди: “Лачин коридору өлкөнүн ичиндеги соода жолдорун чектөө үчүн эмес, кайра аларды өнүктүрүү үчүн колдонулушу керек. Демек, расмий Бакунун Агдам-Ханкенди жолун пайдалануу сунушун четке кагуу Лачын жолуна кесепетин тйигизбей койбойт. Анын кандай кесепеттерге алып келээрин - азыркы учурда жаңжалдан кийинки жөнгө салуу маселесинде иштеп жаткан өкмөт чечиши керек. Бул Азербайжан өкмөтү ушул маселеде бардык мүмкүн болгон тынчтык жолдорун колдонууга даяр экендигинен келип чыгат.”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын ордуна ким келет ?
Карабактагы армяндардын коопсуздугу боюнча маселе чечиле элек, ал арада тараптар АКШ, Евробиримдик жана Москванын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү улантышууда. Маселен, АКШнын Кавказдагы сүйлөшүүлөр боюнча улук кеңешчиси Луис Боно жакында Армения менен Азербайжанда болуп, абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелерин талкуулады.
Брюссел да аймактагы кырдаалга көз салып турат. Ал эми Орусия Карабак чатагы боюнча көптөгөн билдирүүлөрдү таратып тим болбостон, Карабакта өзүнүн бейпилдик күчтөрүнүн контингентин да кармап турат.
Орустардын мандаты эки жылдан кийин бүтөт, андан ары эмне болору азырынча белгисиз. Европа Россиянын Украинадагы согушу менен алек. Кошмо Штаттарда келерки жылы президенттик шайлоо болору күтүлүүдө. Ал эми Америкалыктар картадан деле оңой менен таба албаган чөлкөмдөгү кырдаалды көпчүлүк капарына албашы мүмкүн.
Ошол эле учурда Карабактын курчоодо калышы армяндар менен азербайжандардын элдешүүсүнө салым кошо албайт. Мындай кырдаалда Шахин Рзаевдин айтымында, алсыраган Орусиянын ортомчу катары ордун Түркия алмаштыра алат. Ал эми Түркия Азербайжандын колдоочусу болгону менен, эксперттин пикиринде, Бакуга басым көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар жалгыз өлкө.
Түркиянын Армения менен чек араларынын ачылышы Ереван үчүн түрк ортомчулугун кабыл алууда маанилүү түрткү боло алат.
Армян саясат таануучусу Тигран Григорян Украинада согуш жүруп жатканда алдыдагы жылдар тууралуу алдын ала айтуу кыйын экенин жана учурда “аймактагы бул боштукту батыш толтуруп жатканын” айтат. Вашингтон болсо тынчтык келишиминин текстин макулдашуу боюнча жардам берүүгө умтулган негизги ортомчу экенин белгилейт..
Акыркы убакта АКШ чынында эле тынчтыкка жетишүү үчүн тараптарды компромисске барууга активдүү чакырып жатат.
Карабак чатагы боюнча белгилүү британ эксперти Лоуренс Броерс белгилегендей, ортомчулук менен коопсуздук кепилдиги эки башка процесс жана алар качан жана кайсы жерден кошулушат азырынча көрүү кыйын. Ортомчулар арасында дагы деле атаандаштык бар болгону менен, иш-аракеттерди бирге координациялоо, керек болсо биз ойлогондон да көбүрөөк жүрүп жатат.
Анын айтымында, орусиялыктардын бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүсүн Азербайжан мажбурлай албайт, бирок алардын статусун өзгөртүүгө болот. "Балким, ал тынчтыкты сактоо максаты азыраак, бирок реинтеграция процесси көбүрөөк миссия болот", - дейт эксперт. “Мындай шартта армян калкы ал жакта (Карабакта) калабы деген суроо туулат”.
Броерс белгилегендей, сүйлөшүү процессинин өзү, "(жаңжал) болгон жердеги окуялардын өнүгүшүнө жана милдеттенмелер менен макулдашууларга келгенде тараптардын ортосундагы толук ишенбөөчүлүктүн барымтасында калды".
Мына ушул жерде, деп жыйынтыктады ал, сүйлөшүү процесси баарынан мурда улуттук лидерлерден көз каранды, алардын ордуна “бул маселени эч бир сырттан келген ортомчу чече албайт”.







