Нью-Йорктун мэрин шайлоо: "демократ-социалист" Мамдани жаңы мэр боло алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
4-ноябрда Нью-Йоркто шаар мэрин шайлоо өтүп жатат, соңку сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо өнөктүгүндө Демократиялык партиянын талапкери Зохран Мамдани негизги фаворит болуп жатат. Анын башкы атаандаштары деп Нью-Йорктун мурунку губернатору, демократ, бул жолу шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышып жаткан Эндрю Куомо жана республикачылардын талапкери Кертис Сливанын ысымдары аталууда. Негизги үч талапкердин шайлоо кампаниялары эмнеге негизделди жана шайлоонун жыйынтыгы алдын ала эле белгилүүбү?
Теги түштүказиялык, 34 жаштагы мусулман Зохран Мамданинин Нью-Йорктун кийинки мэри болуп тарыхка кирип калуу мүмкүнчүлүгү жогору болуп турат. Соңку сурамжылоолорго ылайык, шайлоочулардын 40% ага ишеним көрсөтүүдө.
Демократиялык партиянын өкүлү, Нью-Йорктун мурунку губернатору 67 жаштагы Эндрю Куомого шайлоо алдындагы ишеним 34% түзүп жатат. Куомо Демократиялык партиянын ичиндеги праймериз - талапкерлер арасындагы ички шайлоодо Мамданиге жеңилип калганы үчүн шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышып жатат. Эндрю Куомо губернатор кызматынан жыныстык тийишүүгө байланыштуу айыптоолордон улам кетүүгө аргасыз болгон. Бирок ал өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Республикачылдардын талапкери 71 жаштагы Кертис Слива Нью-Йорктун тургундары арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү ыктыярчы Guardian Angels күзөт кызматын негиздегени менен белгилүү. Ага шайлоочулардын ишеними 24% түзүүдө.
Аракеттеги мэр Эрик Адамс шайлоо жарышынан баш тартты.
Мамданини Демократиялык партиянын дөө-шаалары колдоп жатат. Мисалы, Өкүлдөр Палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис, мурунку вице-президент Камала Харрис жана Нью-Йорктун азыркы губернатору Кэти Хочул Мамданиге сүрөөнчүлүк кылып жатышат.
Ишемби күнү Мамдани АКШнын мурунку президенти Барак Обама менен жарым саат телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Ага ылайык, алар шайлоодо жеңиш камсыздалса, жаңы администрациянынын түзүмүн түптөө, Мамданинин жеткиликтүү турак жай боюнча программасын кантип ишке ашырса болот өңдүү маселелерди талкуулашкан.
Обама буга чейин Мамданинин талапкерлигин ачык колдой элек болчу, бирок бул жолку анын телефон чалгандыгын тууралуу маалымат маанилүү саясий сигнал катары кабылдаса болот. Себеби, Демократиялык партиянын ичиндеги саясий истеблишменттин Мамданинин талапкерлиги боюнча пикири ачакей, ал эми Обаманын партия ичиндеги ролу мурункудай эле жогору.
Зохран Мамдани деген ким?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хип-хоп аткаруучу, турак жай маселелери боюнча консультанттан баштап Нью-Йорк штатынын Ассамблеясынын мүчөсүнө чейин, андан кийин АКШдагы бюджети 116 миллиард долларга жеткен ири шаардын башчылыгына шайлоого катышып, фаворит болуп жаткан Мамданинин жылдызы мынчалык жанарын мындан бир нече ай мурун элестетүү мүмкүн эмес эле.
Мамдани өзүнүн шайлоо кампаниясын Демократиялык партиянын азыркы жетекчилигинен жана саясатынан көңүлү калгандарды өз тарабына тартууга аракет жасап, негиздеди. Бул анын коомдук сайттарды чеберчилик менен колдоно алгандыгы менен мүмкүн болду.
Мамдани өзүн "демократиялык социалист" эсептейт. Бул термин алдында эмне маани бар ал түшүндүрө элек, бирок анын шайлоо программасында "миллионерлер үчүн салык" каралган. Ал андан түшкөн каражаттар социалдык программалардын чыгымын жабууну убадалап жатат.
Мындай саясат демократтардын сол канатынынын лидери Берни Сандерс жана Александриа Окасио-Кортеске мүнөздүү, Мамдани шайлоо алдындагы иш-чараларда алар менен чогуу жүрдү.












