Орусия чет элдиктерди согушка кантип азгырууда? Украинада туткунга түшкөн египеттиктин баяны

Сүрөттүн булагы, Facebook/Mohamed Radwan Sanosy
Жыйырма эки жаштагы Мухаммед Радван Сенусинин үй-бүлөсү ал Орусиядан аскер эмес, дарыгер болуп кайтып келет деп кыялданган. Бирок уулу Украинага каршы согушка катышуу үчүн орус армиясына кошулуп кеткени үй-бүлө үчүн күтүүсүз, оор сокку болду.
"Бул тууралуу расмий кабарды укканда дендароо абалда калдым. Акылым жетпейт. Кантип мындай болуп калды? Эмне үчүн менин балам ушундай тагдырга туш келди?", – деди Мухаммеддин апасы Би-Би-Сиге берген маегинде.
Мухаммед Египеттин Луксор провинциясындагы Аль-Марис айылында төрөлгөн. Быйыл апрелде Египет бийлиги Мухаммед Радван Сенусини "чет мамлекеттин армиясында уруксатсыз кызмат өтөгөнү үчүн" Египет жарандыгынан ажыратканын расмий жарыялады.

Сүрөттүн булагы, BBC/Египет өкмөтүнө караштуу расмий гезиттеги маалымат
Жалданма аскерге айланган студент-медик
Мухаммед 2021-жылы Орусияга медициналык билим алуу үчүн кеткен. Үй-бүлөсү аны менен абдан сыймыктанып, келечеги кең экенине чын жүрөктөн ишенишкен. Азыр үй-бүлөсү анын кантип жана эмне үчүн согушка барганын түшүнө алышпайт. Ал украин аскерлеринин туткунуна да түшүп калган.
Мухаммеддин атасы фейсбуктагы өзүнүн баракчасына уулу "орусиялыктардын курмандыгына айланды" деп жазган. Анын айтымында, Орусиянын укук коргоо органдары уулун маңзат сактаган деген негизсиз айып менен камап, кийинчерээк аны аскер кызматына азгырышкан.

Сүрөттүн булагы, Facebook/Radwan al Sanosy
Радван Сенусинин айтымында, ал уулун куткарууга аракет кылып, мамлекеттик органдардын эшигин каккылап чыккан. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Акыры орусиялык сот египеттик студентти жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарат.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Мухаммеддин апасы Сафанын Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, уулу менен акыркы жолу 2025-жылдын февраль айында сүйлөшкөн. Ага чейин белгисиз номурдан телефонуна кызыктай билдирүү келип түшөт. Анда бир нече мүнөт аралыгында уулу видеобайланыш аркылуу чалат деп жазылган болчу. Бирок Сафа менен башка бир египеттик киши сүйлөшөт. Ал Мухаммеддин учурда Украинада туткунда экенин, котормочунун милдетин аткарып жатканын түшүндүрөт.
Сафа уулу менен сүйлөшкүсү келсе, бул маектин жазылып, жарыяланышына макулдук бериши керек экенин телефондогу киши айтат. Ал уулунун үнүн угуу үчүн маектин жарыяланышына аргасыз макул болот. Видеосүйлөшүү маалында баласынын орус армиясына кошулуп кеткенин угат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Уулумдун айткандарын угуп, төбө чачым тик турду. Үнүнөн катуу коркуп турганын сездим. Ал Египетке кайткысы келерин, бирок жол таппай жатканын айтты", – деди Сафа Би-Би-Сиге.
Мухаммедге Украинанын кайсы жеринде кармалып турганын айтууга уруксат берилген эмес. Анын ордуна баары жайында экенин гана билдирүүнү талап кылышкан. Видеочалуу маалында Мухаммед апасына мындай деп айткан:
"Апа, мен тирүүмүн, шүгүр. Азыр мен туткундамын, мага орус жарандыгы берилген. Суранам, согуш бүтүп, мени алмаштырып кетсин деп, мен үчүн дуба кылчы".
Мухаммеддин орус армиясына кантип кирип кеткени азыркыга чейин анын үй-бүлөсүнө табышмак. Бирок алар Орусияда уулуна басым жасалып, жаза мөөнөтүнөн кутулуунун жалгыз жолу катары армияга барууга мажбурланган деп шектенишет.
Видеочалуу Дмитрий Карпенконун YouTube'дагы каналына жарыяланды. Ал Украинадагы Аскер туткундары боюнча координациялык штабдын "Жашагым келет" долбоору менен кызматташкан киши. Бул платформа орус аскерлерин багынып берүүгө үндөп келет.
Видеонун баш сөзүндө Мухаммед Орусияда окуп жүргөнү, окуу акысын төлөө үчүн Telegram-каналдар аркылуу жеңил жумуш издеп, алдамчылыкка кабылып, кармалып, кийин соттолуп кеткени жазылган.
"Түрмөдө дагы бир ирет алданды. Ага келишим сунушташты", — деп айтылат ошол эле текстте.
Би-Би-Синин журналисттери Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Мухаммеддин тагдыры, кайда экени жана ден-соолугу тууралуу суроо жолдоп, бирок эч кандай жооп ала алган жок.
Ошол эле учурда Би-Би-Сиге Украинанын атайын кызматтарындагы булактары Мухаммед 2025-жылдын май айына карата Украинанын батышындагы аскер туткундарынын лагеринде экени тууралуу маалыматты ырасташты.

Сүрөттүн булагы, Facebook/Apostole Dmytro Karpenko
Орус армиясындагы чет элдиктер
Эл аралык мамилелер боюнча адис Ахмед Султандын айтымында, Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөн сайын Орусия армиясынын катарына чет элдик жоокерлерди тартуу күчөдү. Армияны тез толуктоо максатында чет элдик жарандарга атайын сунуштар берилип жатат.
Анын билдиришинче, Орусиянын жоокери болууга кызыккандарга акчалай жеңилдиктерди, туруктуу жашоого уруксат, жада калса жарандык берүүгө убада кылышат. Бул үчүн алар кыска мөөнөттүү согуш "сапарына" барышы керек. Бирок мындай келишимдерге кол койгондор согуштун чыныгы шарттары тууралуу дээрлик эч нерсе билишпейт. Ушундан улам алар өлүм, жаракат алуу же туткунга түшүү сыяктуу согуштун эң оор кесепеттерине көбүрөөк кабылышат.
Султандын айтымында, орус университеттери египеттик студенттерди окууга кабыл алуунун жеңилдиги менен кызыктырат. Ошондой эле европалык жана америкалык университеттерге салыштырмалуу окуу акысы төмөн. Айрымдары Орусиядан жакшыраак жумуш табууга да умтулушат.
Бирок Украинада согуш башталгандан бери Орусияда жашоо кымбаттап, чет өлкөлүк студенттердин көбү окуу акысын төлөй албай калышты. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн акча которуу татаалдашты.
Аналитиктин айтымында, Орусия көбүнчө жаңжал жүрүп жаткан аймактардан келген, акчага муктаж же карыз болгон адамдарды аскерге тартууга артыкчылык берет. Мындай келишимдерге кол койгон чет элдиктер чоң тобокелге барып жатканын эксперт Ахмед Султан эскертет. Себеби согуштан кийин мекенине кайтып барганда алар юридикалык көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жарандыктан ажыроонун кесепеттери
Мухаммеддин атасы өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу Египеттин бийлигине кайрылып, уулуна жардам берүүнү жана аны мекенине кайтарууну суранган.
Февраль айындагы видео байланыштан кийин Мухаммедден эч кандай кабар болгон жок. Бирок украиналык атайын кызматтагы булак Би-Би-Сиге Женева конвенциясына ылайык, туткун катары анын бардык укуктары сакталып жатканын ырастады. Бул, ал эгер кааласа, үй-бүлөсү менен кат алышууга укугу бар дегенди билдирет.
Египет бийлиги Коргоо министрлигинин уруксатысыз чет мамлекеттин катарында аскердик кызмат өтөгөндөрдү жарандыктан ажыратуу укугуна ээ. Жарандыктан ажыратылгандардын Египет мамлекети алдында милдеттери жана укуктары токтотулат.
Кыргызстандын мыйзамдарында да жарандардын чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышкан же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өткөндөр беш жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Макаланын автору Би-Би-Си Араб кызматынын кабарчысы Регаб Исмаил
Макала Би-Би-Си Украина кызматынын катышуусунда даярдалды












