"Шекшинчээк араб": Кыргызстан араб өлкөлөрүнөн эмнеге алыстап келди?

Президент Садыр Жапаров ушул күздө Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнө расмий сапар менен барганга камынууда. Би-Би-Си Кыргызстандын Сауд Аравия, Катар жана Кувейт сыяктуу араб өлкөлөрү менен алака-катышынын бүгүнкү деңгээлинен кабар алды.

Кыргызстан жыйырмадан ашык араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Аравия, Катар, Кувейт жана Араб эмираттары менен алака-катышын жүргүзүп келатат. Алардын ичинен эки гана өлкөнүн, Сауд Аравия менен Катардын гана Кыргызстанда элчиликтери бар.

"Жакшыраак алака Сауд Аравия жана Катар деп айта алабыз. Эмне үчүн дегенде экөөнүн элчилиги бул жерде бар. Демек, алардын Кыргызстанда кызыкчылыгы бар. Бекер жерден элчилик ачпайт эч убакта",-деди Би-Би-Сиге Кувейт эл аралык университетинин экс-ректору, профессор Асан Ормушев.

Кыргызстан-Сауд Аравия

Кыргызстан-Сауд Аравия

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 

19-октябрында түзүлгөн.

1992-жылдын 19-октябрында ошол убактагы президент Аскар Акаев эң алгачкы мамлекеттик расмий иш сапары менен барып, Сауд Аравия падышачылыгынын королу Фахд бен Абдул Азиз Аль Сауд менен жолугушуп, эки мамлекеттин ортосунда биричи жолу саясий- экономикалык жана маданий багыттагы бир нече келишимдерге кол коюуга жетишкен.

Мисалы: Кыргызстандын Токтогул аймагында жер титирөөдөн жапа чеккен элдерге 1 млн доллар жардам берилген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Экинчи жолу эки мамлекеттин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу 2014-жылы 2-декабрда болгон. Ошол мезгилдеги президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий иш сапары менен барып, анын мураскер ханзада Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушуп, бир нече келишимдерге кол коюшкан . 2019-жылы 15-17-декабрда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий иш сапары менен барган. Үчүнчү расмий иш сапарда да бир нече келишимдерге кол коюлган.

Бир жылдык сооданын көлөмү 0,701 млн. АКШ долларын түзөт (29,5% кыскарды), анын ичинде экспорт 0,590 млн. АКШ доллар (-9,0%), импорт - 0,111 млн. АКШ долларын ( - 67,1%) түзөт.

2018-жылы 4-апрелде кыргыз өкмөтү жана СӨФтүн ортосунда 3.7 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү гранттык келишимге кол коюлган.

Бул келишим боюнча жүрөк жана хирургия илимий изилдөө институтун реконструкция кылуу жана жабдуу сатып алуу, Чүй областына карантин зонасын куруу, Кара-Кулжа жана Түп айылдарына медициналык борборлорду куруу каралган.

2017-жылы 22-26-ноябрда кыргыз-сауд мамилесинин тарыхында биринчи жолу Сауд Аравия Королдугунда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлдү.

Кыргыз делегациясын Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков жетектеп барып келген. 

Чынында Кыргызстан араб өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия менен активдүү кызматташтык кылууга анчалык умтулбай, алардын диний таасири чоң болот деп эмнегедир этият мамиле кылып келди.

"Аскар Акаевдин еврей кеңешчилери убагында тигиндей-мындай деп жамандап, араб өлкөлөрүнөн алыстаткан. Биздин балдар барып, арапча жазып, алака-катыш күтө баштагандан баштап оңолду да мамиле. Себеби ал жерде протокол, исламдын маданияты колдонулганын билип алар жакшы жооп бере башташты. Азыр элчиликтердин баарында, Сауд Аравияда, Кувейтте, Катарда дагы протокол жасай тургандар биздин (Кувейт университетин бүткөн) балдар",-дейт Асан Ормушев.

"Бакиев кичине баштап келип токтоп калды. Атамбаев болсо, оюндагысын бетке айткан адам эмеспи, ошол жактан дагы кетип калды. Мен арабдар менен 23 жылдан бери иштеп жүрөм. Булардын менталитетин жакшы билип калдым. Алака-катыш биздин башкаруучулардын жасаган мамилесине жараша болот. Намаз окуп эле алар менен кошо барып коюш бир жөн. Аларга жасаган мамиле бир башка. Алар оңой менен ишенбейт. Орустарда "недоверчивый араб" (шекшинчээк араб) деген макал бар. Жети өлчөп, бир кесет деген ушулар. Булар менен ишенимге кириш керек. Дипломатияны жакшы кармаш керек. Кайра-кайра визитке бара бергенде убакыт жөн эле текке кетет".

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Сауд Аравия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауда менен, 2019-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Сауд Аравия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауда менен, 2019-жыл

Кыргызстан-Катар

Кыргызстан-Катар

Сүрөттүн булагы, mofa.gov.qa

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катар бийлиги Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүүчүн медициналык каражаттарды өткөрүп берген. 2020-жыл

Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык мамилелери 1998-жылдын 3-мартында түзүлгөн.

2012-жылы 2-октябрда Катардын Кыргыз Республикасындагы элчилиги ачылган.

2014-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын элчилигин Катарда ачуу жарлыгы жарыяланган.

Кыргызстан менен Катар ѳкмѳттѳрү кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга, экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга, инвестицияларды ѳз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюу менен, эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгѳ бекем негиз түзүшкөн.

Маданий-гуманитардык кызматташтык

Эки өлкөнүн ортосундагы маданий, туристик, гуманитардык-кайрымдуулук кызматташуу маселелерине көп көңүл бөлүүдө. 2017-жылдын май айында Катар мамлекетинин маданият күндөрү Кыргызстанда ийгиликтүү өткөрүлдү.

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Доха шаарында “Айтматовду окуу” адабий кечеси өткөрүлүп, “Саякбай” жана “Ак кеме” көркөм тасмалары коюлду, ошондой эле жазуучунун араб тилине которулган китептери активдүү таркатылууда.

Атамбаев-Катарда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылы 8-декабрда Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев атайын расмий иш сапарынын алкагында Катарга барып, анын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушкан.

Кыргызстан-Кувейт

Кувейт-Кыргызстан

Кувейт менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1994-жылы 14-декабрда түзүлгөн.

Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы алгачкы дипломатиялык мамиле 1992-жылы 28-февралда Бишкек шаарына Кувейт мамлекетинин өкмөттүк өкүлдөрүнүн келиши менен башталган. Ал делегацияны Кувейт мамлекетинин финансы министри Нассер Абдулла Ар-Родан баштап келген.

Кувейт өлкөсүнөн келген расмий делегацияны ошол мезгилдеги Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жана экономика жана финансы министри А.Муралиев кабыл алып, эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана инввестиция тартуу жана башка ушундай байланыштарды жүргүзүү жөнүндө кенири талкуу жүргүзүшкөн.

"Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү талкууланган масалелер боюнча келишимдер түзүлбөй калган. Анткени ошол мезгилде кыргыз президенти Аскар Акаев араб дүйнөсү менен дипломатиялык байланыш түзүүдө кандайдыр бир кооптонуу, ишенбөөчүлүк маанайда мамиле жасагандыгын байкасак болот",-дейт Асан Ормушев. 

1998-жылы октябрь айында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Э. Абдылдаев Кувейт мамлекетинде жумушчу иш сапары менен болуп, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

2015-жылы 12-14-декабрда Кыргыз-Кувейт мамилелеринин тарыхында биринчи жолу жогорку деңгээлде ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Кувейт мамлекетине барган.

Кыргызстан араб экономикалык өнүгүүнүн Кувейт фонду менен жемиштүү кызматташып жатат, ал Ош шаарынын телекоммуникациялык инфраструктурасын модернизациялоого 8,7 млн. АКШ долл., Бишкек-Торугарт автомобиль жолун калыбына келтирүүгө 10,4 млн. 11.9 млн.доллар суммасында каражат берди.

Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду "Тамга-Каракол" жогорку вольттуу линиясын куруу жана Бишкекте улуттук госпиталдын нейрохирургия борборун куруу жана жабдуу жөнүндө Кыргызстан менен кредиттик келишимдерге кол коюшкан.

Ара өлкөлөрүнүн ичинен билим берүүдөг эң жакшы кызматташтык Кувейт менен болуп келатат. Анын айкын мисалы Бишкектеги Кувейт эл аралык университети.

Кувейт эл аралык университети
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кувейт эл аралык университети Бишкекте 1998-жылы ачылган.