Чек өлкөдөгү кыргызстандыктар шайлоого мурдагыдан активдүү катышууда

Добуш берүү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүү

Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматтарына караганда, чет өлкөдө жүрүп добуш бергендердин саны 9 миңге чукулдады.

Минстирлик шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандарга шайлоого катышууга шарттар бир топ жакшырганын билдирди.

Түркияда добуш берүү кандай өтүп жатат?

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев УТРКга түз байланышта чыгып, өлкөдө өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Айтымында, Түркияда 8 шайлоо тилкеси ачылган. Алар Стамбул, Бурса, Измир, Анкарадагы элчиликте, Кайсери, Эскишехир шаарларында жана Анталиядагы башкы консулдукта, ошондой эле Аланьяда иштеп жатат.

Расмий каттоодо Анкарадагы элчиликте 1700, Стамбулдагы башкы консулдукта 1740, Анталиядагы башкы консулдукта 2,5 миң жаран катталган.

"Ушул саатка карата Анкарадагы элчиликте 80ге жакын жаран добуш берди. Стамбулдагы башкы консулдукта 67 жаран добуш берди. Анталиядагы башкы консулдукта 57 жаран добуш берди. Учурда ар бир участокто орто эсеп менен 50гө жакын жаран добуш берди", – деди ал.

Казакбаевдин маалыматына караганда, расмий каттоодо 33 миң, бейрасмий маалыматтарды кошкондо Түркияда 45 миңдей кыргызстандык жашап, иштеп жана окуп жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусияда добуш берүү активдүүлүгү жогору

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусиянын бардык аймагында 40 шайлоо тилкеси ачылганын Би-Би-Сиге билдирди. Айтымында, эң алгачкы тилке Камчаткада Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө ачылды.

"Андан кийин бир саат өткөндө Түштүк Сахалинде, андан соң Владивостокто ачылды. Ошентип отуруп азыркы сааттарга карата Орусиянын бардык аймактарында 40 шайлоо тилкеси ачылып, иштеп жатат. Москвада жети шайлоо тилкеси иштөөдө. Андан тышкары быйыл биринчи жолу Москва облусунда жайгашкан Видное, Красногорск жана Власиха шаарларында өзүнчө шайлоо тилкелери ачылды", – деди ал.

Айымкан Кулукеева мурдагы мыйзамдарда консулдук каттоодо тургандар гана шайлоого катыша алары көрсөтүлүп, бул талап Орусиядагы кыргызстандыктардын арасында көп нааразычылык жаратып келгенин айтты. Ошондой эле жаңы эрежелер менен шайлоочуларга берилген жеңилдиктерге токтолуп өттү.

"Мурда консулдук каттоодо тургандар гана добуш бере алат деген талап бар болчу. Тизмеде жок болуп, шайлоого кире албай агрессия менен кайтып кеткен учурлар көп болчу. Бул сапар консулдук каттоо талабы алынып салынды. Учурда "Түндүк" системасы аркылуу да добуш берсе болот. Көп шайлоо тилкелери ачылып, шайлоочуларга кеңири мүмкүнчүлүк берилди. Эртең менен активдүүлүк жакшы болду. Саат 7:30дан тартып эле добуш бергени келгендер толуп калды. Мурдагыдай агрессия деген жок, шайлоочулар жайдары", – деди ТИМ өкүлү.

Франциядагы кыргызстандыктардын шайлоого катышуусу

Франциядагы кыргызстандыктардын шайлоого катышуусу боюнча элчи Садык Шер-Нияз УТРКга түз байланышта маалымат берди.

Анын айтымында, Париждеги Кыргызстандын элчилигинде шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү тынбай жүрүп жатат.

"Бизде азыр саат 12:00 болду. Саат 12:00дөн кийин активдүүлүк башталат. Келип добуш берип жатышат. Москвага караганда абдан көп эл жок. Бирок ошого карабай бардыгы шайма-шай",- деди ал.

Элчи Борбордук шайлоо комиссиясы менен үзгүлтүксүз байланыш жүрүп жатканын, тиешелүү инструктаж өткөрүлүп, керектүү шарттар толук камсыздалганын белгиледи.

Казакстанда 736 шайлоочу добуш берди

Саат 17:00гө карата Казакстанда жашап жана иштеп жаткан 736 жараны добуш бергенин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев УТРКга түз байланыш маалында билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда 60 миңге жакын Кыргызстан жараны жашайт жана азыркы тапта шайлоо процесси жигердүү жүрүп жатат.

"Жергиликтүү бийлик менен биргеликте 7 шайлоо тилкеси ачылды. Алар Астана, Алматы, Атырау, Караганда, Шымкент жана Тараз сыяктуу шаарларда жайгашкан. Элдин маанайы жакшы", – деди ал.