Токтогул сыйлыгы жөнүндө жобо бекитилди

Токтогул сыйлыгы жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токтогул сыйлыгы жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо боюнча, Токтогул мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар жана кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн кыргыз жарандарына берилет.

“Мурда бул сыйлык өкмөткө караштуу эле. Жаңы Конституцияга ылайык, мамлекеттик сыйлыктар президент кол койгон жарлыктын, андан ары жобонун негизинде иштейт. Жободо мындай өзгөрүүлөр бар: мурда Токтогул сыйлыгына көрсөтүү укугу мекеме-ишкананын баарына берилген, жаңы жободо чыгармаларды сыйлыкка көрсөтүү укугу жалаң гана чыгармачыл союздарга берилди. Бул комиссиядан өтүп, бекитилген соң чоң комиссияга келет. Мурда мамлекеттик сыйлыктын акчалай өлчөмү жүз миң сом болсо, азыр миллион сомго жогорулады. Мурдагы чыгармалар сыйлыкка көрсөтүлбөйт, эгер көрсөтүлсө үчтөн экиси кайра өзгөртүлүп келиши керек деген талаш жараткан пункттар алынып салынды”,- деди Токтогул сыйлыгын ыйгаруучу комиссиянын төрагасы Түгөлбай Казаков.

"Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми

Сүрөттүн булагы, official publication

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми

Токтогул мамлекеттик сыйлыгы 1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, ошондой эле улуу кыргыз совет акыны Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.

Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомунов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Виктор Виноградов, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.

Кыргызстан эгемендик алган соң өкмөттүн 1995-жыл 13-ноябрындагы токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн.

Токтогул сыйлыгы

Сүрөттүн булагы, official publication

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токтогул сыйлыгы

1997-жылы "Теңири Манас" романы үчүн (көзү өткөндөн кийин) Ашым Жакыпбековго Токтогул сыйлыгы ыйгарылды. Керимберди Турапов, Замир Усенбаев да аталган сыйлыктын лауреаты болду.

Соңку төрт жылдан ашык убакыт бою аталган сыйлык берилбей калды. Мунун себеби так айтылган эмес. Андан тышкары Токтогул сыйлыгынын айланасында чыккан талаш-тартыш маселелер коомчулуктун эсинде.

2017-жылы акыркы жолу Элина Абай кызы, Мурат Алиев, Каныбек Жунушов, Насира Мамбетова, Талант Огобаев, Бакытбек Турдубаев, Садык Шер-Нияз Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду. (ErA)