Кыргызстандагы саммитте ЖККУ төрагасы алмашат, Армения саммитке катышпайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Армения Кыргызстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
"Арменияга келсек, ал саммитке катышпайт, бирок анын өкүлдөрү уюштуруучуларга жыйында макулдашылган документтердин кабыл алынышына каршы эместигин билдирди", - деди Ушаков журналисттерге.
Армениянын 2024-жылдын февралынан бери ЖККУ жыйынына катышпай калган. Июнда Армениянын Тышкы иштер министрлиги өнөктөштөр, анын ичинде Орусия Азербайжандын Армения аймагындагы аракеттерине байланыштуу саясий баа бербесе, уюмдагы мүчөлүк боюнча акыркы чечим кабыл алынарын билдирген.
Кремль Армениянын уюмдан чыгуу боюнча өлкөнүн суверендүү чечими катары мүнөздөдү.
Бишкектеги саммитте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы алмаша турганы белгилүү болду. Учурда аталган кызматты ээлеп турган казакстандык Имангали Тасмагамбетовдун ордуна Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орусиялык басылмалар жазды.
Таалатбек Масадыков учурда ЖККУ башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Ал төрагалык кызматына 1-январда киришет.
Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ саммитине катышкандан тышкары, Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болот.
25–26–27-ноябрдагы сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.











