Украинага Беларустан ракеталар түштү. Эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, STATE EMERGENCY SERVICE
28-июль күнү эртең менен Беларустун аймагынан Украинанын түндүк-чыгышына ракеталык чабуул жасалганын украин Башкы штабы билдирди.
Украин тараптын маалыматы боюнча, Орусия Украинанын түндүгүнө абадан чабуулду жана ракеталык соккуларды улантууда - кол салуулар Беларусь Республикасынын аймагынан да болуп жатат.
"Жапырт ракеталык аткылоо"
Башкы штаб 28-июлда эртең менен Беларустан Чернигов жана Киев облустарына 20дан ашык ракета учурулганын, анын айрымдары Украинанын аба чабуулунан коргонуу системасы менен атып түшүрүлгөнүн билдирди. Гончаров аймагына тогуз ракета түштү. Азыркы учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
“Беларус булактардан 2022-жылдын 28-июлунда саат 5:20дан 6:30га чейин Беларустун аймагынан 20дан ашык ракета учурулганы тууралуу маалымат келип түшкөн”, - деп билдирди Фейсбукта “Түндүк” (“Север”) ыкчам командачылыгы.
"Азырынча Черниговдун Гончаров аймагындагы токойго түшкөн 9 ракета тууралуу белгилүү. Биздин абадан коргонуу системабыз да иштеди", — деп айтылат аскерлердин билдирүүсүндө.
Беларустун аймагында жүргөн орус аскерлерге көз салган активисттер ракеталар Гомелдин жанындагы Зябровка аскерий аэродромунан атылганын кабарлашты.
28-июлда Украина биринчи жолу Мамлекеттик эгемендүүлүк күнүн белгиледи.
"Тынчы жок таң. Кайрадан ракеталык террор. Биз багынбайбыз. Бизди коркута алышпайт. Украина - көз карандысыз, эркин, бөлүнгүс мамлекет. Ал ар дайым ушундай болот", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык баракчаларына.
Жергиликтүү тургундар украин-беларус чек арасына жакын жайгашкан аймактарда бир нече күндөн бери аткылоонун үнү угулуп жатканын айтышууда.

Сүрөттүн булагы, ANDRII NEBYTOV/TELEGRAM
Чернигов облустук администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус эртең менентен бери облустун аймагы боюнча “10дон ашык аткылоо” болгонун маалымдады.
"Эртең мененки саат 5тен баштап Беларустун аймагынан ракеталар жапырт учурула башталды. Гончаровскийге жакын жерде сокку урулганы тууралуу алдын ала маалымат бар. Биздин абадан коргонуу система дагы иштеп жатат, бирок алар кайда экенин коопсуздук максатында айтпайм. Жабыркагандар тууралуу такталып жатат, азырынча комментарий бере албаймын”, - деди ал Телеграмда.
“Украинаны мамлекеттүүлүк күнү менен куттукташты”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Елена Лазун, Би-Би-Си Украина
Бейшемби күнкү жарылуулардан терезедеги айнектер титиреп жатканын жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазышууда.
Чочуган тургундар терезелери бар бөлмөлөрдөн коридорлорго чыгышты. Мүмкүнчүлүк барлар жертөлөгө түшүп кетти. Шаардагы баш калкалоочу жай жана кампа маселеси актуалдуу бойдон калууда: атүгүл көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрү да көбүнчө кулпуланып турат.
"Мен аба тревогасынан деле эмес, жардыруулардын үнүнөн ойгондум, - дейт Галина аттуу шаар тургуну. - Биздин абадан коргонуу системасы иштеп жатканын түшүнө баштадык. Анан тревога беришет. Мен ойлоно баштадым: бүгүн балык уулоого барбаганым жакшы болду, мен дагы коркуп кеттим. Үйдөн короого чыктым, жарылуулар ушунчалык көп угулуп турду…Кайрадан экинчи сирена, анын артынан үчүнчү. Шаардагы май куюучу жайларда кезек көбөйгөнү айтылды, бардыгы бензин камдап ала баштады”.
“Мен бир саат бою сыртта улгайган кошунам менен отурдум, анткени жакын жерде баш калкалоочу жайыбыз жок”, - дейт жергиликтүү тургун Алина.
Николай Сидоренко аялы менен Олешня айылында болгон. Ал Беларусь чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
"Кечээ кечтен бери атышты, түнү менен да аткылашты... Эл чочуп кетти. Бул жер чек арага абдан жакын!" - дейт ал. Черниговдуктар орустар Украинаны “Мамлекеттүүлүк күнү менен ушинтип куттукташкан окшойт” деп социалдык тармактарга жазышууда.
Киевдин айланасын аткылоо
28-июль эртең менен Вышгородский районуна беш ракета атылган, дагы экөөнү абадан болгон чабуулга каршы коргонуу системасы түшүргөн.
"Бүгүн [28-июлда] эртең менен душман Вышгород районундагы калктуу конуштардын бирине ракеталык чабуул жасады", - деп билдирди Киев облусунун башчысы Алексей Кулеба Телеграмда.
Анын айтымында, аткылоонун кесепетинен беш адам жабыркаган, каза болгондор жок.
Киев облусунун полициясынын начальниги Андрей Небитов инфраструктуралык объект аткыланганын ырастап, бул абадан сокку болгонун кошумчалады.
Кийинчерээк Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Киев облусунун аскер бөлүгүнө алты ракета тийгенин кабарлады.
Орусия жана Беларустун өкүлдөрү бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек. (ЕВ)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












