"Биз чек арадабыз"! Украин аскеринин Харьковдогу контр-чабуулу

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Украина аскери Харьковдун түндүк-чыгышында контр-чабуулга өтүп, орус аскерин чек арага чейин сүрүп салганын билдирүүдө. Коргоо министрлиги аймактык коргонуу бригадасынын аскеринин чек арадан тартылган видеосун жарыялады.
Көк-сары түскө боелгон чек ара мамысын курчап чогулган жоокерлер президент Зеленскийдин так өзүнө кайрылышып, орус аскерин чек ара чейин сүрүп чыгарганын сүйүнчүлөштү:
"Биз жеттик, урматтуу президент"! "Биз чек арадабыз"!
Бул кайсы бир денгээлде символикалуу жана моралдык күч-кубат берген учур болуп калды. Бирок ошого карабай, Харьков шаары коркунучтан чыга элек. Россиянын ракеталык соккулары азайып калган менен дагы эле улантылууда. Соңку жолу түнкү аткылоодо бир нече адам жарадар болду.
Согуш башталгандан тарта орус аскерлери Украинанын экинчи эң ири Харьков шаарына келип, бирок калаага кире алган эмес. Орус армиясы Харьковду түрдүү ракеталар менен аткылаган, анын кесепетинен шаардын борбор аянтындагы облустук администрациясы, мэрия жана күч органдарнын имараттары жабыркаган.
Ошондой эле украин бийлиги аткылоодон улам Харьковдун эл жашаган эң ири району - Түндүк Салтовкада көптөгөн турак жайлар бузулганын билдирген. Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов, орус аскерлери шаарды аткылоону токтотконун тастыктап, бирок украиналыктарды үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды. Анын айтымында, учурда орусиялыктар калтырган миналарды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө.
Ал эми америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) 13-майда орусиялык жоокерлер Харьковдогу позицияларынан чегинүүнү чечишкенин божомолдоду. Буга украин аскерлеринин ийгиликтүү контрчабуулу жана орус аскерлери кошумча күч тарта албаганы себеп болгон.
“Ушинтип, Украина Харьков үчүн салгылашууда жеңишке жетти окшойт, - деп берилет изилдөөдө. – “Украин күчтөрү орус аскерлерине шаарды бастырмак түгүл, курчоого дагы алдырган жок жана аларды андан сүрүп чыкты. Ушундай эле көрүнүш, орус аскерлери Киевди басып алууга аракеттенгенде дагы болгон”.
Ошол эле убакта Луганск менен Донбасстын айрым жерлеринде айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.
Николаев менен Херсондо түнкүсүн жардыруулардын үнү угулуп турду, аткылоодон болгон жардыруулар. Николаевдин мэри шаарда бир жардырууну ырастады.
Украинанын куралдуу күчтөрү ошондой эле Долгенькое, Русские Тишки, Терновая жана Петровка калктуу пункттарынын инфрастуктурасын аткылоо болгонун айтууда.
Президент Зеленский аймактык коргонуунун командачысын алмаштырып, бул кызматка Игорь Танцюрду алып келгени кабарланды.
Киевде 17-майда Польшага эвакуация болгон Индиянын элчилиги кайрадан ишин уланткан турат. Ошондой эле Киевге АКШнын элчилиги да кайтып келери кабарланды.
Орус аскеринин жоготуулары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус аскеринин Украинадагы жоготуулары, британдык расмий булактардын маалыматы боюнча, он беш миңден кем болбойт. Туура эмес аскердик маневрдын натыйжасында бүтүндөй бөлүктөрдүн ойрону чыгууда. Мисалы өткөн аптада Донбасстагы маанилүү дарыяны курчоого алуу аракети оңунан чыкпай калды.
Британ коргоо министрлигинин маалымдашынча, Россия февралда казатка жөнөтүлгөн кургактагы согуштук күчтөрүнүн үчтөн бирин жоготту. Мунун ичинде курман болгондор жана жарадар болгондор, ошондой эле талкаланып жок кылынган же колдон жулдурган аскердик техника бар.
Россия жоготуулардын ордун толуктап кошумча аскер жиберип жатат, бирок андан чоң майнап чыгары күмөн.
Киевден шашылыш чегинип кеткенден кийин орус армиясынын чыгыштагы өнөктүгү мурдагы күчүн жана жигерин жоготту, согушта талкаланган техникасынын ордун толуктай элек.
Британдык расмий адамдар келерки айда деле Россия Украинада олуттуу жылыш жасай албайт деп жатышат. (КС)












