Украинадагы согуш: Орус аскерлери Луганск облусун алды

Лисичанск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лисичанск 21-июнь, 2022-жыл

Америкалык Согушту изилдөө институту орус аскерлери Лисичанск шаарын ээлеп алгандан кийин Луганск облусунун чек арасына жеткенин, бирок азырынча аймакты толугу менен көзөмөлгө албаганын божомолдоду. Лисичанск - украин аскерлери Луганск облусунда көзөмөлдөгөн жалгыз шаар болчу.

Буга чейин, 3-июлда, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге Луганск элдик республикасы “бошотулганын” билдирген. Ал эми Украинанын Генералдык штабы украин аскерлери Лисичансктан чегингенин моюндады.

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлдагы видеокайрылуусунда Украина “аскердик тактика жана заманбап куралдар менен убактылуу оккупацияланган аймактарды кайтарат” деп убадалады.

“Украина эч нерсени берген жок, ал эми кимдир бирөө Москвада Луганск тууралуу айтып жатканда, 24-февралга чейин жасаган билдирүүлөрү тууралуу эстеп калсын. Алар бул убакытка чейин эмнеге ээ болгонун жана бул үчүн канча күч сарптаганына баа берсин", - деди ал.

Зеленский “биз өзүбүздүн жоокерлерибиздин, элибиздин өмүрүн коргойбуз” деп кошумчалады.

Буга чейин эмне болгон?

белогоровка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орус аскерлери Лугансктын шаарларына чабуулду марттын башында баштаган. Ал эми майга карата украин аскерлеринин көзөмөлүндө Северодонецк жана Лисичанск гана калган.

Эң чоң салгылашуулардын бири 11-майда болгон. Эл аралык эксперттер Орусиянын жетекчилиги Белогоровкадагы Түндүк Донец дарыясына 550 аскер жибергенин кабарлаган. Алар дарыядан өтүп барып, түндүк-батыштагы Рубежныйдын жанындагы украин аскерин курчоого алмак.

Бирок Орусиянын аскерлеринин Түндүк Донец дарыясынан өтүү аракети чоң кырсыкка айланган: орустар Белогоровканын жанындагы согушта 74-мотоаткычтар бригадасынан 458 аскерин жоготкону кабарланган.

Согушту изилдөө институту согуш болгон жерден спутник менен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, орус армиясында масштабдуу жоготуулар болгонун ырастаган. Бул жоготуунун ичинде аскердик курам эле эмес, сексенден ашык согуштук техника да бар.

Кew York Times жазгандай, орус аскеринин оңкосунан түшкөнү Кремлдин камчысын чапкан аскер блогерлердин макалаларында да айтылбай калган жок. Мисалы, "Старше Эдды" телеграм-каналы Белогоровкадагы кыйсыпырдан кийин аскердик командачылыкты зыянкечтикке айыптаган.