Туткундагы украин аскерлерин Нюрнберг процессиндегидей трибунал соттойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул аптада Россия өзүнүн чабуулдарын күчөтөт деп билдирди, себеби Европа Биримдигинин лидерлери Киевдин Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арызын колдоону караган жатышат. Бул билдирүү менен бир эле учурда туткундалган украин аскерлерин нацисттердин үстүнөн болгон Нюрнберг процессиндегидей трибунал менен соттоло турганы жөнүндө кабарлар келип жатат.
Киевдеги Би-Би-Си кабарчысы Джо Инвуддун кабарына караганда, бул Европадагы дүйнөлүк экинчи согуштан убагынан берки эң айыгышкан согуштук аракеттер экени көп айтылганына карабастан, президент Зеленский өлкөнүн чыгышын басып алууга Россиянын чабуулдары дагы күчөйт деп жатат.
Түндө жасалган кайрылуусунда ал чабуулдардын күчөшүн өзүнүн өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүү аракети менен бир байланышта карап, басып алуу аракеттери Украинага эле эмес, Европанын башка өлкөлөрүнө каршы чабуул деп билдирди.
Бирок алоолонгон согуш оту – өткөн мезгилдин бир эле жаңырыгы эмес. Россия колдоого алып жаткан жикчил саясатчы туткунга түшкөн украин аскерлери экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында нацисттердин үстүнөн болгон Нюрберг процессинин негизинде түзүлгөн трибуналдын алдында жооп берет деп билдирди.
Көп жылдарга созулган бул процесс нацисттик кылмыштардын курмандыктарына тарыхый адилеттикти кайтарып келди. Эми Донбасста өз жерин коргоп жатып туткундалган украин аскерлерине жикчил түзүлүштөр ушундай трибунал уюштурган жатат.
"Биз үчүн Улуу Ата мекендик согуш жана анын жыйынтыгы болгон Нюрнберг процесси эң жакшы мисал. Принцибинде, кылмыштарды каттоо комиссиясына, экономикалык зыянды эсептөө комиссиясына да (ДЭРде иштеген) СССРде Сталиндин жарлыгы менен түзүлгөн комиссиялар негиз болуп алынды. Алардын документтери Нюрнберг процессинин негизин түзгөн. Биз дагы ушул мисал менен нацисттердин үстүнөн эл аралык трибунал уюштурууну карап жатабыз",-деди ДЭРдин Элдик кеңешинин кылмыш жана административдик мыйзамдар комитетинин төрайымы Елена Шишкина.
ДЭРдин бийликтери жай айларынын аягына чейин өздөрү кылмыштуу деп санаган, аскердик кылмыштарга катышы бар украин куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрүнүн үстүнөн бир нече трибунал өткөрүүнү пландап жатат. Алардын эң биринчиси - Мариуполь трибуналы болуп калмакчы, анда Волновахта болгон кылмыштар биринчилерден болуп каралат дешет.
Фронттогу кырдаал

Сүрөттүн булагы, AFP
Украинанын Генштабы фронттогу кырдаал жөнүндө эртең мененки маалыматтарды жарыялады
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өлкөнүн чыгышындагы жана түштүгүндөгү согуштук активдүү зонада россиялыктар авиация менен артиллерияны активдүү колдонууда, көп райондордо бул украин аскерлеринин алдыга жылышын токтотуу үчүн жасалууда.
Россиянын артиллериялык жана авиациялык соккулары ошондой эле Слобожанск, Харьков, Славянск, Донецк, Северодонецк, Бахмут, Лиманск, Авдеевск, Кураховск, Новопавловск жана Запорожск багыттарында болгону айтылууда.
Харьков багытында орус аскеринин негизги максаты коргонуу күчтөрүнүн Украинанын мамлекеттик чек арасын көздөй жылышын токтотуу үчүн болуп атат.
Россиянын күчтөрү Казачья, Лопань, Малые Проходы, Дементиевка, Петровка, Верхний Салтов, Рубежное жана Харьков багытындагы калктуу конуштарга артиллериядан сокку урууда.
Донецк багытында орус аскери негизги күчтү Северодонецк менен Бахмутск багытында жумшап, авиация менен интенсивдүү коштоп жатат.
Северодонецк багытында орус аскери Лисичанск, Сиротино, Вороново, Боровское, Белая Гора, Устиновка, Мирная Долина, Тошковка сыяктуу калктуу конуштарды най жана реактивдүү артиллериядан аткылап, Белая Гора жана Мирныйдын жанынан Су-25 согуштук учагы менен чабуул койду.
Лиманск, Авдиевск, Кураховск, Новопавловск жана Запорожск багыттарында орус армиясы украин аскер бөлүктөрүнүн кайра топтолушуна жол бербөөгө аракет көрүүдө.
Лиманск багытында орус аскери эки Су-25 учагы менен Пришиб калктуу конушунун районунда сокку урушту, ошондой эле Маякинин жанында ракеталык чабуул болду.
Южнобужск багытында Россиянын негизги күчү ээлеген чектерди кармап калуу жана украин аскеринин чабуулун токтотууга жумшалууда.
Кара жана Азов деңизинин акваториясында орус армиясынын негизги күч-аракети Кара деңиздин түндүк-батышында жарандык кемелерди бөгөп салууга кетип жатат. (КС)

Сүрөттүн булагы, AFP








