Россиянын акыркы чабуулубу? Батыш эксперттери орус армиясы Украинада жеңилет дешет

Российские военные сопровождают автобусы с украинскими военными, вышедшими с "Азовстали"

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Азовсталдан" чыккан украин аскери түшкөн автобустарды россиялык аскерлер коштоп баратат

Польшанын Rochan аналитикалык борборунун башчысы Конрад Музыка "Рейтер" агенттигине орус армиясы Донбасста абдан көп аскер жана техника жоготту, анын ордун толтуруш кыйын деп айтты. "Азыркы кейпине караганда [Россияны] же жеңилүү, же мобилизация күтүп турат. Башка варианттары бар деп ойлобойм", - деди Музыка.

9-майдын алдында кээ бир эксперттер президент Владимир Путин Жеңиш күнүн пайдаланып, Украинага согуш жарыялайт жана жалпы мобилизацияны баштайт деп болжоп жатышкан. Бирок андай болгон жок, орус бийликтери журналисттердин маалыматына караганда армияга резервисттерди чакырып, жабык жашыруун мобилизация жүргүзө башташты.

"Рейтерге" берген маегинде Арлингтондогу CNA Россияны изилдөө институтунун директору Майкл Кофман Россиянын Донбасстын бүт аймагын каратып алуу шансын мындай баалады: "Бул ишке ашарына менин чоң күмөнүм бар". "Россиянын күчтөрү абдан алсырады, ал эми моралдык духу аябай эле түштү. Офицерлер чабуулду улантууга көңүлү жок, ал эми саясий жетекчилиги стратегиялык жеңилүү учурур келип жаткан убакта дагы сыр бербей турат", - дейт Кофман.

Фронтто эмне болуп жатат?

АКШдагы Согушту изилдөө институтунун соңку отчетуна (ISW) караганда, Россия Мариуполду толук каратып алганын аскердик ийгилик катары көрсөткүсү келип атат ("Азовсталдын" акыркы коргоочуларынын багынып бериши), ошондой эле Северодонецкиге чабуулга даярданууда.

Украинские военные под Харьковом

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин аскери Харьковдун жанында чабуулга өтүүдө

Луганск областындагы орус армиясынын чабуулуна көз салган америкалык эксперттер Россиянын аскери Лисичанск менен Бахмутка бараткан жолдорду көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын жана анча-мынча эле жылыш болгонун жазышууда.

Украинанын Генералдык штабынын маалыматына таянган ISW орус армиясы Донецк областындагы Славянскиге чабуулга өтүү үчүн өзүнүн бөлүктөрүн толуктап, кошумча күч жыйнап жатканын жазды. Институттун эксперттеринин баамында, 17-майда орус аскери бул шаарга жиреп кирүүгө бир топ аракет кылды, бирок жолу болбоду. Ошол эле учурда Лиман районунда чектелүү прогресске жетишти.

Мунун баары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Харьков областындагы контр-чабуулу болуп жаткан учурга туура келди. Бул жакта украин армиясы орус аскерин мамлекеттик чек арага чейин сүрүп салды. Харьков областынын администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматына караганда, россиялыктар украиндердин Волчанск шаарынын багытындагы контр-чабуулунун мизин майтаруу аракетин көрүүдө. Волчанск - Харьковдон 90 км аралыктагы маанилүү транспорттук түйүн.

Ошол эле убакта, ISW маалыматы боюнча, Украинанын куралдуу күчтөрү Волчанскиден Изюмга бараткан жолдогу орус маршруттарына коркунуч келтирүүдө. Пентагондун кабарына караганда, Россия Харьковдун жанындагы позициясын кармап калуунун камын көрүүдө, атап айтканда Белгород шаарына алып барган автожолдун эки жагындагы калктуу пункттарды көзөмөлдөп турат.

АКШнын Согуш институтунун эксперттеринин баамында, орус аскери Харьковдогу чегинүүнү токтотот, ошондой эле Волчанскини колдон чыгарбоонун аракет көрөт, анткени Донбасстагы жана Изюмдун жанындагы аскер бөлүктөрүн убагында камсыз кылышы керек.

"Алар ушуга жетише алабы-жокпу, айтыш кыйын,-деп жазат ISW. - Россиялыктар Северодонецк менен Лисичанскини эң жок дегенде түштүктөн курчоого алып, Северодонецк-Лисичански менен Украинанын аймагын бириктирген акыркы автожолду кесип салуу аракетин улантат".

алгылашуу оор жана узак болот"

Музыканын пикиринде, Россия баштапкы багыттагы аракеттери оңунан чыкпагандан кийин өзүнүн күчүн көбүрөөк чыгыш тарапка багыттаганга мажбур болууда. "Алар Изюмдан ары жыла албай койду, ошондуктан Северодонецк менен Лиманга бет алышты, ушул шаарлардын чекебелиндеги украин аскерин курчоого алгысы келип жатышы ыктымал. Иш жүзүндө ошондой болобу, бул башка маселе", - деди "Рейтерге" Польшадагы Rochan аналитикалык борборунун башчысы.

Украинское самоходное орудие

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эксперттер Украина Донбасста Харьковдогудай ыкчам чабуулду кайталай алат деп эсептешпейт: Луганскинин алдында жана Донецкиде орус аскери абдан эле көп. "Салгылашуу оор болот. Оор эле эмес, узакка да созулат",-дейт Кофман "Рейтерге". - "Россиянын аскери чабуулда жолу болбогон менен, алар дароо кете койбойт жана туткунга түшүп бербейт".

Батыштын берген оор куралдары украин армиясынын ийгилиги үчүн маанилүү роль ойношу мүмкүн, Киев соңку учурда союздаштарынан аскердик жардам алып баштабадыбы. Киевде өзгөчө М777 гаубица сыяктуу алыска атылуучу, жогорку таамайлыктагы артиллерияны күтүп жатышат.

"Украиндер аткылоонун алыстыгы боюнча орустарга үстөмдүк кыла баштады, - дейт Музыка. - Бул демек, аларга орустар тараптан контрбатареялык соккунун коркунучу жок дегенди билдирет". "Орустар дагы эле сан жагынан алганда жалпы артиллериялык артыкчылыкка ээ, бирок анын сапаты жөнүндө ишенимдүү айта албайм, - деп кошумчалады эксперт. - Бул артиллериялык согуш".

"Коррозия" стратегиясы

Таанымал аскердик эксперт, австралиялык отставкадагы генерал Мик Райан Твиттерде украин армиясы иштеп жаткан принциптерге баасын берди. Ал Украинанын стратегиясын "коррозия" принцибинде деп мүнөздөдү, же башкача айтканда Киев Москванын алсыз жерлерине сокку уруп, жолун тороп, өзүнүн күчтөрүн эффективдүү пайдаланууда дейт.

Формирования самопровозглашенной ДНР

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын жетекчилиги Украинадагы окуялар "план боюнча" жүрүп жатат деп ишендирүүдө

Анын айтымында, украин аскери өзүнүн чабуулун каршылаш армиянын эң чабал жерлерине: коммуникациясына, логистикасына, тылына, камсыздоо жолдоруна, артиллерияга жана командалык пункттарына багыттап жатат.

"Киев үчүн кармашта Украина Россиянын акесин таанытты, себеби анын тылына кирип, логистикалык колдоосун жарым-жартылай жок кылып жиберди. Алар Россиянын түндүк жүрүшүн ичинен бузуп, өлкөдөн чыгып кетишке аргасыз кылды", - дейт Райан.

Ушундай эле стратегияны Киев чыгышта да колдонуп, россиялык логистикага кайра-кайра чабуул коюуда. Бирок Москва дагы кылдат болуп калды.

Ошол эле убакта "Киевдин алдына жана Харьковдогу чегинүүдөн кийин, согуш талаасындагы жеңилүүдөн, камсыздоодогу көйгөйлөрдөн улам орустардын моралдык духу түшүүдө", - дейт Райан.

Ал эми украин аскерине Россиянын жеңилип жатканын көрсөткөн социалдык медиадагы украиндик активдүү өнөктүк чоң моралдык күч берүүдө.

Жакында Северский Донецк аркылуу өтүүдө орус аскеринин мүшкүлдүү чоң жоготууга учураганы, Путиндин командачылыгы аскердик операциянын тобокелдиктерин туура эмес баалап жатканын көрсөттү.

"XXI кылымдагы согуш ушундай. Украиндер өздөрүнүн чебер экенин көрсөтө алды. Орточо көлөмдөгү, ресурстары чектелген ар бир өлкө булардан көп нерсени үйрөнсө болот"-деп жазды Мик Райан.

"Баары план боюнча баратат"

Орчундуу аскердик ийгиликтери жок болсо дагы, Россиянын жетекчилиги орус армиясы алдына коюлган милдетти аткарууда деп айтып келатат, ал эми коргоо министрлиги күнүгө украиндердин көп сандаган аскердик буталары жок кылынганын билдирүүдө.

"Жакында эле президент баары план боюнча баратат деп билдирди, - деди шейшембиде Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. - Баары план боюнча баратат. Жетиштүү деңгээлде эффективдүү. Биздин аскерлердин ийгиликтерин, биздин жоокерлердин баатырлыгын көрүп жатасыздар, ошондуктан бардык максаттар орундаларынан эч шек санабаш керек".

Россиянын аскердик өнөктүгүнүн мындан ары эмне болоруна келсек, Кофман Кремль жоготууга учураган бөлүктөрдүн ордун толуктаган күчтөрдү даярдап жатканын, бирок аны уюштуруу оңой болбой жатканын баамдады.

"Алар мурда-кийин аскердик тажрыйбасы бар адамдарды чакырышка аракет кылып жатканы айдан ачык,-дейт Арлингтондогу CNA россиялык изилдөөлөр институтунун директору. - Азырынча мен көрүп жатканыма караганда, Путин убакытты жөн эле созуп жатат, орус армиясындагы кырдаал барган сайын жаман болуп баратат. Азырынча баары орус армиясынын акыркы чабуулуна окшоп турат".

"Ал эми убакыт россиялыктарга каршы иштеп жатканы көз көрүнөө, - деп айтты Рейтерге Британиядагы RUSI изилдөө институтунун өкүлү Нил Мелвин. - Аларда техника түгөнүүдө. Өзгөчө заманбап ракеталары калбай баратат. А украиндер болсо күн өткөн сайын күчкө толуп жатат". (КС)