Иликтөөчү журналист Болот Темировго дагы эки кылмыш иши козголду
Элдияр Бакиров, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго карата “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “жасалма документ жасоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Би-Би-Сиге 20-апрелде милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле шаардык милициядан Темировго карата үстүбүздөгү жылдын январь айында “баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү уланып жатканын кошумчалашты.
Бишкек ШИИББдин маалыматы боюнча Темиров 1996-жылы 16 жашка толгондо Орусиянын жарандыгын алган - ал акыркы жолу 2014-жылы паспортун жаңылантканы кабарланды. Мекеме Орусиянын миграциялык кызматына таянып, Темировдун орус жарандыгы дагы деле күчүндө экенин белгиледи.
Милициянын басма сөз кызматы, иликтөөчү журналист 2008-жылы кыргыз паспортун алуу үчүн паспорттук столго “жасалма аскердик билет жана убактылуу күбөлүк” тапшырганын жана коргоо министрлиги Болот Темировдун аскердик кызматтан өтөбөгөнүн тастыктаганын билдирди. “Кийинчерээк Т.Б. (Темиров Болот) жасалма документтердин негизинде алган паспорттор менен Кыргыз Республикасынын чек арасын 50дөн ашык жолу мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталган. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматта иштөөгө үлгүргөнүн белгилөө керек”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББден.
Ал эми Темиров ага карата козголгон иштерди Temirov Live редакциясынын иликтөөлөрү менен байланыштырды. Акыркы жолу журналисттер УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын компаниясы мамлекеттик тендерлерди утуп баштаганы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган.
“Кече Ташиевдердин балдары жана алардын мамлекеттик тендерлердеги алгачкы жеңиштери боюнча иликтөөнү жарыяладык. Алардын жообу көп күттүрбөгөнүн кабарлаймын. Бүгүн мени [Бишкек] ШИИББге чакырып, мага карата козголгон дагы үч кылмыш иши менен тааныштырды. Кызыгы, үчүнчү иш бүгүн саат 11:00до ачылыптыр. Бул куугунтуктарды мен алардын иштерин ачыкка чыгарганыбыз менен гана байланыштырам. Мен жана биздин команда иликтөөлөрдү улантабыз”, - деп жазды ал өзүнүн Фейсбук баракчасында.
Эмне деген иликтөө?
19-апрелде Temirov Live редакциясы Тай-Мурас Ташиевдин “Мока Групп” компаниясы Жалал-Абадда жарыяланган тендерлерди утуп баштаганы тууралуу “Үй-бүлөлөр үймөлөктөгөн тендер” (“Досзакупки”) аталыштагы журналисттик иликтөө жарыялаган. Аталган компания Мамлекеттик сатып алуулар порталында 31-январда катталган.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналисттер “Мока Групп” 30-мартта жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгына 194 миң сомдук, ал эми 8-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине 48 миң сомдук күйүүчү май сатуу боюнча тендер утканын аныкташкан.
Ошондой эле, Ташиевдин компаниясы Жалал-Абад шаардык мэриясы күйүүчү майга жарыялаган 97 мин сомдук тендердин жеңүүчүсү, бирок келишим түзүлө элек. “Мока Групп” үч тендерде тең жалгыз катышуучу болгон.
Мындан сырткары, Temirov Live депутат Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек Кыдыршаев тендерлерге катышуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жеке ишкер катары катталганын кошумчалашты.
“Азырынча муну башталышы гана деп туралы, анткени Шайырбек менен Камчыбек Ташиевдин уулдары мамлекеттик сатып алуулар боюнча ишти жаңыдан гана башташты. Урматтуу кыргызстандыктар, мамлекеттик казынабыз бош турат, а силерде, салыкчыларда акча бар. Сиз мамлекетке салык төлөйсүз, ал эми мамлекет бул акчанын бир бөлүгүн мамлекеттик сатып алууларга жумшайт [...] анын бир бөлүгүн чиновниктердин жакындары, туугандары утуп алышат”, - деди Temirov Live’дын журналисти Тыныстан Асыпбеков.
Ташиевге байланыштуу иликтөө жана баңгизат чыры
Temirov Live буга чейин Камчыбек Ташиев жана анын жакын адамдарына байланыштуу бир нече журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-январында “Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы” аталыштагы иликтөө жарык көргөн.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Анда Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеген мамлекеттик үлүшү бар “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы “Регион Ойл” жеке компаниясы аркылуу Өзбекстанга мазут экспорттогону айтылган. Журналисттер “Регион Ойл” ортомчу ишкана катары эки күндүн ичинде 37 млн сомдук киреше тапканын ачыктаган.
Ал эми “Регион ойл” ишканасынын жетекчиси Назгүл Айдарова Казыбек жана Шайырбек Ташиевдер менен байланышы бар болгону аныкталган.
22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери кирип, тинтүү жүргүзгөндөн кийин Болот Темировду кармап кетишкен. Милиция кызматкерлери Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан. Кызматкерлер Темировду кеңсесине алып чыгып баратканда ал күч органдары “баңгизатты атайын салып коюшканын” айтууга үлгүргөн.
Ошондой эле милиционерлер Temirov Live’дин кеңсесиндеги техникалык жабдууларды, компьютерлерди жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.
Ошол эле күнү укук коргоо органдары Temirov Live’дын төкмө акыны Болот Назаровду да кармап, анын жанынан баңгизат табылганын билдирген. Экөөнө тең “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Темиров жана Назаров кармалгандын эртеси журналистер, активисттер жана төкмө акындар ИИМ жана Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митингге чыгышкан. Коомчулукта резонанс жаралгандан кийин Темиров эч жака кетпөө тилкаты менен бошотулган, ал эми Назаров үй камагына чыгарылган.
Ошол эле күнү атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды “жалган жалаа” деп атаган. Көп өтпөй соцтармактарда Temirov Live редакциясынын кызматкерлеринин жеке жашоосуна байланыштуу видеолор жарыяланган. Жашыруун тартылган видеолордун биринде кызматкерлердин биринин сексуалдык катнашы тартылган.
Кийинчерээк редакциясынын кызматкери, буга чейин УКМК кызматкерлери ага байланышып, бул интимдик видеону тарап кетпеши үчүн алар менен кызматташууга барууну сунуштаганын ачыктаган. Temirov Live’дын башка кызматкерлери аңдууларга жана жалган-жалаага туш болушканын билдиришкен.












