Журналист Болот Темиров коё берилди. Аны эмне үчүн кармашкан?
Элмурат Аширалиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov
Иликтөөчү журналист Болот Темировду кечээ, ишемби күнү кечинде укук коргоо органдары маңзат табылды деген шек менен кармап кетишкен. Бүгүн, 23-январда эч жакка кетпөө боюнча тил кат жазып бергенден кийин Темиров бошотулганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бишкектеги Свердлов райондук соту журналист Темировдун кармалышын жана укук коргоо органдарынын анын офисинде кечээ кечинде тинтүү жүргүзгөнүн мыйзамдуу деп тапты.
22-январда кечинде Temirov Live редакциясынын офисинде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүшүп, Темировдун жанынан “наркотикалык зат табылды” деген шек менен кармап кетишкен.
Журналисттин адвокаты Нурбек Токтакунов кечээ кечинде чыгарган видеодо Темиров аталган зат ага таандык эмес экенин билдирген.
Укук коргоо органдары Темировдон “маңзат табылганын” айтып кармаганын билдирсе, журналисттер менен жарандык коом муну анын ишмердигине байланыштырып жатышат.

Эки күн мурда Темиров өз командасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни башкарып жаткан мамлекеттик мунай иштетүүчү завод жөнүндө журналисттик иликтөө чыгарган.
Анда Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин “Кыргыз Петролеум Компани” аттуу фирманы жетектеп калганы белгиленет. Бул мамлекеттик “Кыргызнефтегаздын” алдындагы ишкана.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Команда өз иликтөөсүндө аталган ишканадан чыккан мазутту Өзбекстанга сатуу менен бир ортомчу компания эки күндө 37 миллион сом таап жатканы боюнча фактыларды келтирет.
Иликтөө кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөндөн кийин эки күт өтүп, Темировду укук коргоо органдары кармап кетип жатышат.
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ташиев Темировдун кармалышын анын ишмердигине байланыштырган жок. Ал Temirov LIVE YouTube каналына анын туугандары туурасында чыккан иликтөөнү “карандай калп” деп атады.
Ташиев басма сөз жыйынында берген маалыматта айрым чиелишкен маселелерге жооп табылгандай болду.
УКМКнын төрагасынын билдиришинче, Temirov LIVE каналынын офисинде “баңгизат таркатылып жатат” деп арыз жазылып, ошонун негизинде ишемби күнү кечинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Журналист Темиров ошол тинтүү иштери учурунда кармалып, наркология бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү анын кесиптеши жана төкмө акын Болот Назаров да кармалганы маалым болду.
“Мен сүйүнүп жатам Болот Темировдун канынан наркотик чыккан жок. Болот Темировду камабай эле, сыртка чыгарып иликтөөсүн жүргүзүүгө болот деген ойду айткым келет. Муну соттор чечет. Ал эми Болот Назаровдун канынан наркотик чыккан… УКМКнын буга тиешеси жок”, — деп билдирди Ташиев суроолорго жооп берип жатып.

Сүрөттүн булагы, Dastan Umotbai Uulu
Бишкек жана Ош шаарларында журналисттер менен жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн журналисттин кармалышына нааразылык билдирип, сөз эркиндигин коргоо митингин өткөрүштү.
Митинг өтүп жаткан кезде президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барагы аркылуу билдирүү таратты.
Президент журналист Темировдун ишинин “адилет тергелишине толук көз салып турарын” билдирди. Ошондой эле ал журналисттерди өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
“Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам… Журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар”, — деп жазды Жапаров.
Болот Назаров — төкмө акын. Ал коррупция, саясат темаларын көтөрүп, YouTube каналы аркылуу чыгармаларын коомчулуктун назарына сунуштап келет.
Болот Темиров Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттердин бири. Эки жыл мурда аны офисинин жанында сабап кетишкен. Анда да журналисттер муну Темировдун ишмердиги менен байланыштырып, аны коркутуу аракети катары баалаган.












