Турганбаев: 90-жылдары күрөшүбүз да азып-тозуп, алтын, күмүшкө жол оңой болгон жок

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

М.Турганбаев: Парижде ар бир спортчубуз болгон күчүн жумшайт, колунан келгендин баарын жасайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М.Турганбаев: Парижде ар бир спортчубуз болгон күчүн жумшайт, колунан келгендин баарын жасайт

Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандардын негизги тобу машыгууларын аяктап, Парижди көздөй бүгүн учуп кетишет. Балбандардын чоң сапарынын алдында Би-Би-Си алардын машыгуу залына барып, атайын түрмөктөрдү даярдады. Балбандар кантип машыгат, табы кандай, тренерлер эмнеге көңүл бурат, эгемен Кыргызстандын олимпиадага карай кадамы кандай болду деген сыяктуу бир топ суроолорго жооп алдык.

Адегенде Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен маекти сунуштайбыз.

Би-Би-Си: Мелис мырза, биринчиден убакыт бөлүп, кабыл алганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери бир нече ирет олимпиадага катышты. Анын ичинде сиз өзүңүз алтынчы жолу олимпиадага жөнөп жаткан экенсиз. Буга чейинки олимпиадаларды салыштырып, учкай талдап берсеңиз.

М. Турганбаев: Айырмачылыктары аябай эле чоң десем болот. Сөздү Сидней олимпиадасынан баштайын. Анда төрт балбаныбыз катышкан эле. Ошондо эптеп бир эле коло медалга жетип калсак экен деп баарыбыз үмүттөнгөнбүз. Грек-рим күрөшү боюнча Улан Калилов деген жигитибиз 55 килограмм салмакта күч сынашкан. Азиянын бир нече жолку жеңүүчүсү болчу. Ал жигитке чоң үмүт артканбыз.

Маркум Раатбек Санатбаев дагы ошондо күрөшкөн. Албетте, деңгээл аябай чоң болгон. Бирок ал кезде биз алгачкы жолу катышып, тажрыйба жагынан көп эле аксаганбыз, ошентсе да үмүтүбүз чоң эле. Эркин күрөш боюнча Алмаз Аскаров катышкан. Ал бүгүнкү күндө жаш балбандарыбыздын башкы машыктыруучусу болуп иштеп жатат.

Андан сырткары ошол кезде Нурдин Дөңбаев күрөшкөн, Максат Бобурбеков деген мыкты балбандарыбыз бар эле. Алмазбек Аскаров медал алууга абдан жакындап барды. Финалдык беттешүүгө жакын барып, беларустук балбанга уттуруп койгон эле. Ал беттеште биз медалы жок калдык.

Кыргызстандан дзюдочубуз Айдың Смагулов гана коло медалга ээ болуп келген. Андан бери канча жыл өттү.

Андан кийин эле бизди эң сүйүндүргөнү Бээжин олимпиадасы болду. Анда Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаевдер күрөштү. Күмүш алып, коло алып дүйнөгө, олимпиадага жолубуз ачыла баштады. Эми ал кезде федерациядагы каржы маселеси, мамлекет жагынан колдоо деген кыйла эле чабал эле. Андан кийин Базар Базаргуруев үчүнчү орунду алды. Эркин күрөш боюнча коло медал алып келди.

2008-жылдагы Бээжин Олимпиадасы, Канат Бегалиев күмүш медаль ээси болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2008-жылдагы Бээжин Олимпиадасы, Канат Бегалиев күмүш медаль ээси болгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан соң Лондон олимпиадасында дагы медаль алууга жакындап келдик. Андан кийинки Рио олимпиадасында Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча чыкты. Арсен ошондо коло медаль үчүн күрөштү, өзбек балбанына уттуруп койду. Эми ал жерде дагы калыстарда көп каталар болгон. Ошонун негизинде Арсен алдырып жиберди десек болот. Айсулуу ал кезде жаңыдан табына келип, эл аралык деңгээлге чыгып жаткан чагы эле.

Андан кийин баарыбызды сүйүндүргөн Токио олимпиадасы болду. Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңип келди. Мына биздин чоң деңгээлге чыккандыгыбыз ушул болду.

Андан соң олимпиадалык төрт жылдык аралыкта Жоламан, Акжол, Айсулуу, Айпери, Бекзат Алмазбек уулу, Эрназар Акматалиевдер сындуу бир топ мыкты балбандарыбыз чыкты. Төрт жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде медалдык эсепте эң кыйын державалар АКШ, Жапониядан кийин эле биз туруп калдык. Алтын медалдын саны, лицензия боюнча алдыңкы ондукка кирдик. Бул чоң жетишкендик. Мамлекет, федерациянын мүчөлөрү көптөгөн салымды кошуп, мындан сырткары мекенчил жигиттер да сүрөөнгө алышты. Эл ичинен чыккан эле колдоочулардын көмөгү да зор болду. Ошонун негизинде жакшы даярдыктар менен он лицензия алдык. Дагы бир-экөө лицензияга бир эле кадам жетпей калбадыбы.

Кийинки олимпиададан дагы үмүтүбүз чоң. Бүгүнкү күндө жыйырма жаштагы балбандарыбыз дүйнөлүк деңгээлде, Азия чемпионаттарында мыкты орундарга жетишти. Муну менен эмнени айткым келет? Биздин кийинки олимпиадага резервдерибиз даяр. Чемпиондор чыга баштагандан кийин өсүп келе жаткан муун "биз дагы ага-эжелерибиздей болобуз" деп шыктанып, залдарыбыз толуп, батпай турат.

Мелис Турганбаев: Кыргызстанга барып машыксак болобу деп суранган деңгээлге жеттик
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мелис Турганбаев: Кыргызстанга барып машыксак болобу деп суранган деңгээлге жеттик

Би-Би-Си: Токио олимпиадасына даярдыкта кайсы бир мүчүлүштүктөр кетсе, тажрыйбанын аздыгынан аксаган жагдайлар болсо, бул жолу аны анализдеп, жоюуга канчалык аракет кылдыңыздар?

М. Турганбаев: Токио олимпиадасында спортчуларыбыз психологиялык жактан бир аз жаштык кылышты окшойт. Ал жерде атмосфера деген такыр башкача. Кээде кайдан-жайдан эле "тёмный лошадкалар" пайда болот. Лицензияга илинген, бирок билинбеген балбандар эле чыга келип, күрөшүп, олимпиада чемпиону болгон учурлар бар. Акжол ошо кезде жашыраак болчу, Мээрим деле жаш, Айпери деле жаш болчу. Мындан Айсулуу кичине күйүп кетти окшойт деп ойлоп жатам. Анткени баары эле алтын гана алышы керек деп турбадыбы. Ошол да эмоционалдык жактан таасирин берип койду окшойт.

Өзүң айткандай көп каталарды карап, ошонун бардыгын талдап туруп анан медицина жагын дагы күчтөндүрдүк. Мамлекет жагынан дагы, федерация жагынан дагы көп көңүл бөлүнүп, психологдор, диетологдор менен иштештик. Башкача аракеттерди да жаздадык, эми кудай буюрса деп турабыз. Лицензия үчүн кармаштарда дагы жүздөн ашык мамлекеттен орун талашуу оңойго турган жок. Жолдомолорду кызылдай күрөш, тер менен алдык.

Токио Олимпиадасы кыргыз спортунун тарыхындагы өтө маанилүү учур болуп калды. Айсулуу Тыныбекованын президент Садыр Жапаровдон сыйлык алып жаткан кези

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токио Олимпиадасы кыргыз спортунун тарыхындагы өтө маанилүү учур болуп калды. Айсулуу Тыныбекованын президент Садыр Жапаровдон сыйлык алып жаткан кези

Би-Би-Си: Олимпиадада өтө маанилүү фактордун бири спортчунун тамак-ашынан баштап, пайдаланган дары-дармегине чейин курамында кызытма (допинг) жокпу деген көзөмөл. Экинчиден, "өзү сактанган күндө дагы кайсы бир атаандаштар көзү мындай болсо эле атайлап тамагына кошуп жиберет" деген сыяктуу маалыматтар айтылып жүрөт. Ошондойдун алдын алуу үчүн эмне кылдыңыздар?

М. Турганбаев: Чынын айтканда бул этаптардын бардыгын өткөнбүз. Ошондой оош-кыйыштын баарын эске алып, иш кылдык. Фармакология боюнча дагы программалар түзүлгөн. Тээ токсонунчу жылдардан бери келе жаткан жалгыз эле врачыбыз бар эле. Буюрса бүгүнкү күндө ондон ашык спорттук врач даярдалып келип иштеп жатат. Тажрыйбалуу врачтар, андан сырткары массажисттер, өзүң айткандай фармакологдор. Дүйнө жүзү секунд сайын өзгөрүлүп жатпайбы, ошол сыяктуу биз дагы медициналык кайсы каражат кызытмага кирбейт деп талдайбыз.

Андан сырткары Борбордук Азия боюнча кызытмага көзөмөл органынын кеңсеси Алматыда жайгашкан. Бизде алардын филиалы бар, адистери келип, спорттук машыгууларда өздөрү түнү менен барып тапшыртышат. Жакында эле башкы машыктыруучулар керек болсо ар бир үч күн сайын келип, атайын тест алып кетишти деп айтып берди.

Нурбек Изабеков машыгуу учурунда. Тренердин маңдай тери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Изабеков машыгуу учурунда. Тренердин маңдай тери

Би-Би-Си: Спорт күйөрмандары талдап көрүп, күрөш боюнча Кыргызстан "Алтын доорун" сүрүп жатат деп калышат. Анткени бул жагынан дүйнөлүк дөө-шаа мамлекеттер менен атаандашып, керек болсо алардан тизгин талашып, аларга катарлаш, маңдайлаш турган деңгээлге жетти. Бул феномендин сыры эмнеде?

М. Турганбаев: Бул деңгээлге жеткенге көп жылдык мээнет кетти. 1998- жылдары федерацияга келгенде бизде качан Азия чемпионатында жеңиштер болот, качан медалга жетебиз деп кыялданчу элек. Улан Калиев, Раатбек Санатбаев сыяктуу саналуу балдарыбыз бар эле.

Союз тараганда көп мыкты-мыкты тренерлер, спортсмендер баары спортту эрте таштап, жан багыштын айласы кылып иш издеп кетти. Ошондо машыктыруучулардын курамын жоготтук. Андан сырткары ошонун айынан балдардын муунунда дагы үзгүлтүк болду. Азыр болсо бири-бирин кубалап резерв менен турабыз. Атактуу балбандарыбызды артынан кубалап келе жатышат, кээде-кээде аларды утуп да коюшат. Учурунда андай болбой калды да.

Ошону калыбына келтиребиз деп жылдап фундамент куйгандай эле куюп, кымаптап акырындап жүрүп олтурдук. Дагы бир чоң себеби соңку 5-6 жылда биз өзүбүздө көптөгөн эл аралык деңгээлдеги чоң турнирлерди өткөзө баштадык. Азия чемпионатын үч жыл катары менен өткөрдүк. Андан сырткары дүйнөлүк рейтинг боюнча турнирди өткөздүк. Кырктан ашуун мамлекет келип отурат. Эл аралык күрөш уюму дагы бизге дагы чоң ишеним арта баштады. Ушундай аракеттер менен биз азыркы деңгээлге чыктык деп ойлойм.

Эркин күрөш боюнча курама команданын залдан кийинки машыгуусу көлдө уланды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркин күрөш боюнча курама команданын залдан кийинки машыгуусу көлдө уланды

Би-Би-Си: Күрөштүн алдыңкылары бир кезде Кыргызстанды атаандаш катары капарына да албаса керек. Азыр мамилелери кандай?

М. Турганбаев: Ушуга бир мисал айтайын.Мурдагы жылы бир эле кыз-келиндер күрөшү боюнча тогуз мамлекеттен келип, мына ушул жерде (Ысык-Көл) машыкты. Ал жерде олимпиада, дүйнө чемпиондору, кыздар келип машыгып кетишти. Мындай мисалдар аябай көп.

Бизге азыр машыгалы, силерге баралычы деген билдирүүлөр байма-бай түшүп турат. Түштүк Корея, Кытай. Кытай мамлекетинин командасы былтыр, мурдагы жылы жыл бою ушул жерде машыгышты. Машыгууга эң эле ылайыктуу керемет көлүбүз бар. Деңиз деңгээлинен 1800 метр. Спортко ыңгайлуу мындай аймак дүйнөдө төрт гана жерде бар десем болот. Бул керемет! Ошондон улам Казакстан менен Орусиянын спортчуларын эске албаганда тигил жагы Кытай менен Түштүк Кореядан бери келип, ушул жерде машыгуу өтүп жатышат. Ал тургай кээде кабыл ала албайбыз, өзүбүздүн спортчуларга орун керек деп калган учурлар бар. Спорттун башка түрлөрүнөн да келишет.

Ысык-Көл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ысык-Көл

Би- Би-Си: Ысык-Көлдүн так ушундай кереметин биз толук кандуу, туура пайдаланып жатабызбы?

М. Турганбаев: Азыр спорттук базалар аябай көп. Жыл бою иштегендери бар. Бөлөк жактардан да келишет сууда сүзүү, жеңил атлетика, бокс. Бул жерде дагы бир чоң машыгуу залдарын курабыз деген үмүт бар. Биздин тренерлер менен мышыгуу залдары кандай болушу керек деп консультациялар өткөрүлүп, азыр проектилери даярдалып жатат болушу керек. Биздин кыялыбыз эл аралык стандартка жооп берген мыкты бир чоң залыбыз болсо жакшы болот эле. Анда азыркыдан да деңгээли бийик дүйнөлүк мелдештерди Кыргызстанда өткөргөнгө жол ачылмак. Булардын залы бар, шарты төп келет деп уруксатты бермек. Эмне үчүн лицензияга деген турнирди ар ким өз өлкөсүндө өткөрүүгө ашыгат? Себеби спортчу көнгөн шартында ошончолук көбүрөөк лицензия алганга өбөлгө түзүлөт.

Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу Хаким Махмудов менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу Хаким Махмудов менен

Би- Би- Си: Өмүрүңүздү, жаштыгынызды укук коргоо органдарына арнагандардын бирисиз. Ошол эле учурда спортту куштун эки канатындай ала жүрдүңүз. Олимпиаданы сиз өзүңүз канчалык кыялдандыңыз эле?

М. Турганбаев: Эми ал кезекте чо-оң үмүт болгон. 5-6-класстан баштап машыктым. Дүйнөлүк деңгээлдеги чоң результаттарга жетише алган жокмун. Бирок СССРдин эки жолку чемпиону болдум. Бул дагы аябай бийик деңгээлдин бири десем болот. Эми ал кезекте он беш союздук мамлекет арасында атаандаштык аябай чоң болчу. Менин эле салмагымда мыкты делген 10-15 балбан күрөшчү. Мелдештерде ушундай бир кайнаар элек...

Биз чоң машыгууларга барчубуз, бирок кандайдыр бир себептер менен кабылган жокпуз. Ал жерде аябай көп жагдайлар бар болчу. Союз убагында жеке эле күрөш эмес бөлөк спорттун түрлөрү менен дагы кыргыздын кыйын-кыйын спортсмендери бар болчу. Ошолорго да тандамал мамиле болуп калчу.

Союз убагында күрөштө деңгээл аябай чоң болчу. Ал кезекте дүйнөлүк чемпионаттарга барган спортсмендерге алтын гана аласың деп айтчу. Коло менен менен күмүштү капарына да алчу эмес.

Машыгуу учуру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машыгуу учуру

Эми муну менен эмнени айткым келет? Ошол атаандаштык мыкты мектепти калыптандырды. Биздин негизи өзгөчө мектеп бар эле. Биз ошонун негизинде жандандырдык.

Мына мен өзүм өмүр бою күрөштө жүрөм. Чынын айтканда иштеп жүргөндө деле күрөштө жүрдүк. Спортту таштаган жокпуз. Күрөш менен мына ушул деңгээлге жеттим. Жакында эле айтылуу балбан Александр Карелин “эгер министр болгуң келсе спорт менен машык. Эгерде чемпион богуң келсе дагы спорт менен машык” деп тамашалабадыбы. Анын сыңарындай азыр эми бекер жатканда эмне кыласың? Баягы эле спорт, баягы эле күрөш. Кызыктуу, өзүм да катышып келе жатам.

2-3 дүйнөлүк чемпионатка катышып, ардагерлер арасындагы чемпионатка бардым. Ал жерде дагы 60-70тен ашык мамлекет келип катышат. Ал таймаш дагы жылдан-жылга күч алып жатат. Ардагер спортчулар жаштар менен кошо залга келип машыгып турса, дем берип турса жаштарды кадимкидей шыктандырат. Мен ардагерлер арасында чемпион болуп келген соң мынакей балдар эми калганын силер жасагыла, силер да чемпион болгула дедим.

Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов менен

Би-Би-Си: Кыргызстандык балбандар төбөсү көрүнгөндөн кийин акчалуу, коңшу мамлекеттер легионер болуп бергиле деп далай сунуш берсе керек. Аларга кандай жооп болду?

М. Турганбаев: Спортчуларга дагы, учурда эң негизгиси машыктыруучуларга сунуштар түшүп, ар башка мамлекеттер чакырды. Биздин мыкты спортсмендерибизди эң жогорку деңгээлде өзүбүз колдоп алып жатабыз. Батири, машинасы андан сырткары машыгуу убагында акча каражаттарына дегендей. Азыр мамлекет жагынан чынын айтканда акыркы 5-6 жылда жакшы эле бөлүнүп жатат. Андан сырткары федерация жардамын аябайт, патриот кыргыз жигиттери колдон- буттан алышып эле жардам берип жатышат. Өзүбүздүкү эле камсыздап коёт.

Би-Би-Си: Күрөштүн түрлөрү күркүрөп өнүккөнү менен спорттун бир топ түрү дымып турат дегендер да бар. Аларды кошо өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?

М. Турганбаев: Биз каныбызда бар, жыйынтык чыгара алабыз деген 5-6 түрдү тандап алып, ошого баш отубуз менен киришибиз керек. Ошолор дууладап өнүккөндө спорттун башка түрлөрүнө да сөзсүз таасирин берет. Муну менен эмне айткым келет? Мына Иран мамлекетинин күрөш федерациясы менен биздин байланыш аябай жакшы. Алар да ошону айтат. Иранда эркин күрөш алдыда болгон алар ошону аябай сүрөөнгө алып, ал бийик сереге чыкканда грек-рим күрөшүнө кирип аны кошо сүйрөгөн. Анан акырындап улам бир түрүн кошуп олтуруп, азыр спортун аябай өнүктүрүп, бир канча түрү боюнча негизги атаандаш болуп чыга келишти. Биз да ушундай эле ыкмага басым кылышыбыз керек. Кайсынысынан дараметибиз күчтүү болсо ошону гүлдөтөлү, анан кийинкисин сүйрөйбүз.

Олимпиада сайын оор атлетикадан лицензия алчу элек. Быйыл эле ала албай калдык. Күрөш, бокс, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика дегендей. Сууда сүзүү буюрса жакшы өнүгө баштады.

Кезинде биздин марафон чуркаган укмуштуудай жөө күлүк кыргыз балдарыбыз болгон. Сатымкул Жуманазаров агабыз, ыраматылык. Ал кишини олимпиада чемпиону десе жарашат. Мындай алып келгенде, ал жерде көп ньюанстар болду. Эмне болуп албай калганын ал киши мага өзү айтып берген эле. Жөн эле олимпийский чемпион болмок.

Андан сырткары спорттун түрүн өнүктүрүү үчүн ар бир федерация иштеши керек. Федерация деген - бул олуттуу уюм.

Би-Би-Си: Париж олимпиадасына жолдомо алган спортчуларга, спорттун чыныгы күйөрмандарына каалоо-тилегиңиз…

М. Турганбаев: Эми мен баарыңыздарга, спорттун күйөрмандарына чоң ыраазычылык билдирип өтөйүн. Кайдан жолукпайлы, кайдан көрбөйлү жеңиш менен кайткыла деп бизди чын жүрөктөн колдоп келе жатышат. Бул спортчуларыбызга абдан чоң дем-күч берет.

Мен дагы олимпиадага аттанган спортчуларыбыздын атынан айткым келет, биздин спортчулар жеңишке жетүү үчүн болгон күчүн үрөйт, бардык аракетин кылат деп ишендирип кетейин.

Олимпиадага катышып жаткан спортчуларыбызга чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Бардыгынын мүмкүнчүлүктөрү бар. Олимпиадага жолдомо алган спортчунун олимпиадада чоң жеңишке жетишем деген үмүтү турулуу. Ошентсе да бизде килем көрсөтөт деген сөз бар. Баарына ийгилик каалайм! Жеңиш менен кайталы!