Париж 2024: Жоламан коло медаль жеңип алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасынын коло медаль үчүн күрөштө ирандык атаандашын 3-1 эсебинде жеңип, коло медалга татыды.
Беттеш башталгандан көп өтпөй Жоламан 6 упай алууга үлгүрдү. Атаандаш тарап челленж ыргытып, калыстар текшерип карай келгенде ал да Жоламандын пайдасына чечилип, дагы бир упай кошулуп 7 упай топтоду. Бөлүм аяктаарда атаандашынын артына чыгып, дагы эки упай алды. Ошентип 9-0 эсебинде таза жеңди.
Олимпиада кырчылдашкан таймаш, кызуу талаш-талкуулар менен уланууда. Жоламан эң алгачкы атаандашы Айдос Султангалини 6-3 эсебинде жеңип алган эле.
Кыргызстандыктардын көңүлүнүн борборунда турган таймаштын бири Жоламандын беттештери экени талашсыз.
Жоламандын топ жарган башкы атаандаштарынын бири саналган молдовалык болбан Виктор Чобану иири эсеп менен түндүккореялык атаандашына жеңилип, жарыштан толук четтеди.
Олимпиадага чейинки ой толгоо
Париж Олимпиада оюндарынын башталаарына саналуу күндөр калды. Мында Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт. Алардын ичинен жеңил салмакта алтын байгеге талапкер Жоламан Шаршенбеков экенин дүйнөлүк адистер дагы баса белгилеп жатышат. Ошондуктан грек-рим күрөшүндө 60 кг чейинки салмак категориясында Жоламанга кимдер атаандаш болоорун, алардын дараметин талдоого алып көрүлү.
Бул салмакта соңку Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчестин 60 килограмм салмактан 67 килограммга өткөнү көптөгөн балбандардын алтын байгеге карай жолун ачты.
60 кг салмакта күчтүү, таланттуу жана чыгаан балбандар көп. Бирок учурда негизги фаворит кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков болуп турганын адистер айтышып, анын чеберчилигине жогору баа берип келишет. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Жоламан дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш байгесин утуп, Азиянын үч жолку чемпиону.
2022-жылкы Азия оюндарында бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, Азия чемпионаттарынын эки жолку күмүш байге ээси. Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси. Агасы Тынар дагы Азия чемпиону.
Жоламандын чапчаң, колдон буттан суурулуп, ыргытып атса да буту менен түшкөндөй шамдагайлыгын көрүп, "Жоламан илибрс эле болуп калыптыр" дегендер четтен чыгат. Жоламан соңку бир нече жылдан бери жолунан чыккандын баарын чочутуп, апкаарытып келе жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чынында Жоламан табында болуу менен эки жыл катары менен дүйнө чемпиондук наамын коргоп, чемпиондук курду эч кимге алдырбай келүүдө. Физикалык жана техникалык жактан күчтүү Жоламандын эң негизги фактору – анын кайраттуулугу, атаандашынан жалтанбаган мүнөзү.
Токио олимпиадасынан жолу болбой калгандан бери Жоламан бармагын тиштеп, Парижде финалга чыгып, алтын медаль тагынууну самап, даярдык көрүп жатат. Спорт адистери дагы Жоламанды баш байгеге бирден бир башкы талапкер экенин айтып жатышат.
Кезегин күткөн Кеничиро

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жоламандын негизги атаандашы жапониялык болушу ыктымал. 28 жаштагы Кеничиро дагы оңой жоо эмес. Ал Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси. 2017-жана 2019-жылдары дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон тажрыйбалуу балбан.
Токиодо финалда кубалык Луис Орта Санческе алтынды алдырып коюп, арманда калган. Бул ирет ошол мүдөөсүнө жетүүгө бардык күчүн үрөп, жанын сабап күрөшөт. Бул Кеничиро дүйнөлүк чемпионатта Жоламан Шаршенбековго эки ирет утулуп калып, келме кезегин күтүп жүрөт.
Ошондуктан жапон балбаны да ушул салмактагы эң күчтүү балбандардын бири, бирок ал дайыма Жоламандан жеңилүү ызасын тартып келе жатат. Бирок Олимпиада оюндарында кимдин жылдызы жанат, аны алдыдагы таймашуулар аныктайт. Ошондой болсо дагы чучукулак кандай түшсө Кеничиро жарым финалга чыгып калышы, бул ирет дагы Жоламанга атаандаш болушу ажеп эмес.
Кеничиро Фумита 2017-жылы Азия чемпиону жана Азиянын коло медалынын ээси болгон. Ал 2012-жылы Бакуда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында 54 кг салмакта коло байге ээси. Жаштар арасында дагы дүйнө чемпиону аталган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алышаар балбан азербайжандык Мурад Сахавет оглы Мамедов

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Париж олимпиадасында алтын байгеге талапкер болушу ыктымал болгондордун бири азербайжандык Мурад Сахавет оглы Мамедов. Ал 2024-жылкы Европа чемпиону, 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган.
Европа чемпионатынын күмүш байге ээси, уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Европа чемпиону болуп саналат. Мурад 2024-жылдын май айында Стамбулда өткөн Дүйнөлүк квалификациялык турнирде жарым финалдык беттеште жеңишке жетип, 2024-жылкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Мурад Мамедов олимпиадалык цикл баштала электе эле жаркырап чыга баштаган таланттуу балбандардын бири. Ал эми Венгриядагы акыркы турнирде финалда Виктор Чобану менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, өзүнүн мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтө алды.
Жогоруда мен атын атаган үч балбан топ чүкө тийген кулжанын сакасындай эле топ жарып, калган атаандаштарынын баарын чочулатып турат. Ушул үчөө грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарында керемет күрөштү көрсөтөт деп күйөрмандардын күтүп турган чагы. Башка балбандар деле оңой жоо эмес. Алар дагы күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратып, жылдызы жанып калышы дагы ыктымал.
Чобану да чабал эмес...

Сүрөттүн булагы, noi.md
Баш байгени мелжеп тургандардын дагы бири молдавиялык Виктор Чобану. Турган турпаты менен бир топ балбанга караганда чабал көрүнгөнү менен жооштон жоон чыгат дегендердин бири так ушул Чобану.
2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Европанын чемпиону. Европа чемпионатынын үч жолку күмүш байге ээси. 2019-жылы Европа оюндарында үчүнчү орунду ээлеген.
31 жаштагы тажрыйбалуу балбан Виктор 2021-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышып, 8/1 финалда Жоламан Шаршенбековду утуп алганы менен байгелүү орунга илинбей калган.
Виктор 2024-жылы апрелде Бакуда өткөн Европалык квалификациялык турнирде Париж Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Карт бөрү дагы байгелүү орунга жетсем деп турат.
Топ жарбаса дагы топту кызыткандар

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Мисалы, кытайлык Лиуго Цао дүйнө чемпионатынын коло байге ээси жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү. 2023-жылы апрелде Астанада өткөн Азия чемпионатында Цао 60 кг салмакта 3-орун үчүн күрөштө казакстандык Эрнур Фидахметовду жеңип коло медалга ээ болгон. 2023-жылы сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында армениялык Геворг Гарибянды жеңип, коло медаль тагынган.
Бул салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, өзбекстандык Илхомжон Бахромов 2019-жылдагы Азия чемпиону, Азия чемпионаттарынын эки жолку коло байге ээси. 2023-жылы Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Бахромов жубатуучу мелдеште ирандык Мехди Мохсеннежадды жеңип коло медалга ээ болгон. Илхомжон дагы байгелүү орундарга аракет кылаары бышык.
Учурда Европа чемпионатынын коло байге ээси, орусиялык Садык Салех оглы Лалаевдин дагы даярдыгы жакшы. Ал жаштар арасында Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү. 2023-жылы Орусия Кубогунун жеңүүчүсү болгон. 2024-жылдын январында Загребде (Хорватия) өткөн эл аралык рейтингдик турнирде Беларусиянын чемпиону Глеб Макаренкону, чейрек финалда жердеши Анвар Аллаяровду, жарым финалда украиналык Игорь Курочкинди, финалда дүйнө чемпиону Виктор Чобану жеңип алган. 2024-жылы февраль айында Бухарестте (Румыния) өткөн Европа чемпионатында коло медалдын ээси болгон. Садык Лалаевдин көздөгөнү да Париж олимпиадасынын байгелүү оруну. Аны дагы негизги атаандаштардын сабына кошсок болот.
Европа чемпионатынын коло байге ээси, сербиялык Георгий Тибилов дагы олимпиадага жакшы даярдык көрүп, ыңгайы келсе өнөрү менен таанылып, байгелүү орунга илинип калууну самаган балбандардын бири.
Анан дагы ирандык Мехди Мохсен-Нежад былтыр Загребде өткөн 2023 Open Ranking Series турниринде алтын медалга ээ болуп, келечегинен үмүткөр кылып келаткан балбандардын сабында. Ирандык балбан финалдык беттеште азербайжандык Нихат Захид Мамедлини 8:0 эсебинде жеңип, алтын байгенин ээси болгон. Азия чемпионаттарында Жоламандан жеңилүү ызасын тартып, ызырынып утуп алууну көздөп жүрөт. Деги эле ирандык балбандардан баарын күтсө болот. Алардын күрөш мектеби, устаттары мыкты экенин далай ирет далилдешкен. Ошондуктан аны катардан чийип салууга мүмкүн эмес.
Дагы бир мыктылардын катарына кошулуп жүргөн венесуэлалык Райбер Родригес Орозко 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан тажрыйбалуу балбан. Ал Панамерика оюндарында коло байге утуп, быйыл чемпион болгон. Ошондой эле Түштүк Америка оюндарынын коло медалын уткан. Борбордук Америка жана Кариб оюндарынын жеңүүчүсү. Ал дагы аттаандаштарына алдырбай, байгелүү орунга жетүүнү тилек кылып, даярдык көрүүдө.
26 жаштагы кубалык Кевин Юран де Армас Родригес Панамерика оюндарынын жана Панамерикалык чемпионаттын жеңүүчүсү болуп саналат. 2023-жылдын ноябрда ал Сантьягодо өткөн Панамерикалык оюндардын финалына чейин жетип, анда америкалык Илдар Хафизовго утулуп, күмүш медалдын ээси болгон. 2024-жылдын февралында Акапулькодо өткөн Панамерика Олимпиадалык квалификациялык турнир Париж Олимпиада оюндарына жолун ачты. Кубалык күрөш мектебинин бул өкүлү да оңой атаандаш эмес.
20 жаштагы алжирлик Абделькарим Фергат Африканын бир нече жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын байге ээси. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп саналат. 2020-жылы дүйнө чемпионатында 3-орун үчүн күрөштө молдовалык Артем Делеануну утуп, коло медалга ээ болгон. Токио олимпиадасында жапониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калган. Бул ирет дагы мурдакы каталыктарын кайталабай, байгелүү орундарды эңсеп турган учуру.
Бул салмакта Казакстандын намысын Айдос Султангали коргойт. Ал уландар арасындагы Азия чемпиону жана Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, жабык имараттагы Азия оюндарынын коло байге ээси болуп саналат. 2017-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган. 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Ошондой эле 2018-жылкы жана 2022-жылкы дүйнө чемпионаттарында коло байгелүү болгон. Айдос дагы Париж олимпиадасынын байгелүү орундарына талапкер болуп калышы да ыктымал.
Ошондой эле бул салмакта египеттик Моамен Мохаммед, түркиялык Энес Базар жана Түндүк Кореянын балбаны СеУнг Ри дагы табышмак жараткан балбандар болуп турат. Алардын ичинен түркиялык Энес Базар жаштар арасында Европа чемпионатында коло байге уткан балбан болуп саналат.
Кыскасы, бул жеңил салмакта кыл чайнашкан курч таймашуулар болоорун адистер дагы айтып, олимпиаданын көркүн ушул балбандар ачарын чыдамсыздык менен күтүп туралы.
Айрыкча кыргызстандык күйөрмандар Жоламадан үмүт кылып турушат. Ал үмүттү актап, олимпиада чемпиону болобу, аны алдыдагы таймаштар көрсөтөт. Жоламандын жанында Париж олимпиадасында жеке устаты 86 жаштагы Хаким Махмудов болуп, сүрөөнгө алып турса жакшы болот эле. Спорт жетекчилери карыя устаттын олимпиаданы көрүп, шакиртинин жанында болуу тилегин ишке ашырабы? Же чиновниктер өздөрү барып, аксакалдын шагын сындырып коебу? Аны дагы көрө жатаарбыз.
60 кг: жол талашкан жолборстор
- Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан)
- Кеничиро Фумита (Жапония)
- Лигуо Цао (Кытай)
- Илхомжон Бахрамов (Өзбекстан)
- Мехди Мохсен Неджад (Иран)
- Райбер Родригес (Венесуэла)
- Кевин Де Армас (Куба)
- Абделькарим Фергат (Алжир)
- Моамен Мохаммед (Египет)
- Виктор Чобану (Молдова)
- Энес Базар (Түркия)
- Айдос Султангали (Казакстан)
- Се Унг Ри (Түндүк Корея)
- Садык Лалаев (Бейтарап, Россия)
- Мурад Мамедов (Азербайжан)
- Георгий Тибилов (Сербия)
А дейбиз, бу дейбиз, кыргызстандык күйөрмандар 5-августта килемге грек-рим күрөшүнөн чыга турган дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков менен кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарованы колдоого алып, сүрөөнгө алып туралы.
Кабыл Макешов
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы.
Атайын Би-Би-Си Кыргыз кызматы үчүн







