Олимпиада 2024: Франциянын даярдыгы, кыргыз спортчуларынын үмүтү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө коомчулугу чыдамсыздык менен күтүп жаткан Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына саналуу гана күндөр калды. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат. Буга чейин 1900-жылы жана 1924-жылы Олимпиада өткөргөн Париж үчүнчү жолу Олимпиаданы уюштурууда.
Ошентип жүз жылдан кийин кайрадан Олимпиада оту Францияда тутанганы турат. Уюштуруучулардын айтымында, Олимпиаданын ачылыш аземи делегациялар үчүн Париждин символдорунун бири болгон Сена дарыясынын жээгинде кайыктар менен параддан өтүшү пландалууда. Бирок террордук коркунуч же чагымчыл аракеттер жаралса, альтернативдүү план үчүн ачылыш салтанаты стадиондо болоорун президент Эммануэль Макрон айткан.
Француз уюштуруучулары он миңден ашык спортчунун алты чакырымдык Сена дарыясынын жээгинен басып өтүүсүн пландаштырууда. Ошондой эле оюндарды көрүү үчүн шаарга келген туристтердин ачылышка билетсиз кирүүсү чектелди. Көрүүчүлөр ачылыш аземине Олимпиаданы уюштуруу комитетинин атайын чакыруу баракчалары менен гана катыша алышат.

Сүрөттүн булагы, PARIS 2024
Эгерде Олимпиаданын ачылыш салтанаты учурунда Сена дарыясында коопсуздукка коркунуч жаралса, альтернатива катары Эйфель мунарасы көрүнгөн Трокадеро аянты аныкталганы менен ачылыш аземи "Стад де Франс" стадионунда да өтүүсү ыктымал.
Мындай абал Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу кезигиши ыктымал. Негизинен буга чейин Олимпиаданын ачылыш аземдери туруктуу бир жерде коопсуз абалда өткөрүлүп келген. Уюштуруучулар оюндар учурунда Парижге 15 миллиондон ашык туристтин келээрин күтүшүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Париж жайкы Олимпиадасында 206 өлкөнүн он миңден ашык спортчусу 32 түрдүү мелдеште күч сынайт. Олимпиадалык жадыбалдагы негизги туруктуу 28 спорт түрүнө "брейк бийи", "толкунда серфинг", "скейтборд" жана "альпинизм" кошулду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 329 комплект медаль тапшырылат.
Дагы бир өзгөчөлүк катары марафон жарышын айтууга болот. Ал Олимпиада тарыхында биринчи жолу коомчулуктун, спорт сүйүүчүлөрдүн катышуусу үчүн ачык болот. Бул олимпиадалык трассадагы марафондук жарышка 20 миң ышкыбоз спортчу катышат дегенди билдирет. Ошондуктан коопсуздук маселесине абдан көңүл бурууну талап кылууда.
Париж олимпиадасы 11-августта аяктап, дароо Паралимпиада оюндары башталат. Ал 28-августтан 8-сентябрга чейин уланат. Анда спорттун 22 түрү боюнча 4400 параспортчу мөөрөй талашат. Паралимпиада жеңүүчүлөрү үчүн 549 комплект медаль даярдалган. Ал эми Олимпиада айылы Франциянын эң жакыр аймактарынын бири болгон Сен-Сен-Дениде курулган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Француз өкмөтү оюндардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 20 миңге жакын аскер жана 40 миңден ашуун полиция кызматкерин даярдады. Ошондой эле Германия өлкөсүнөн коопсуздукту сактоо максатында 2 миңге жакын аскер жана полиция колдоо көрсөтөт.
Оюндарга катыша турган делегация мүчөлөрү, спортчулар, ыктыярчылар жана медициналык кызматкерлер, ошондой эле Олимпиада айылына жакын жашагандар менен бирге бир миллионго жакын адам коопсуздук текшерүүсүнөн ар убак дыкат өткөрүлүп турат.
Олимпиадада Орусия менен Белорустун желеги желбиребейт
Орусиянын Украинага каршы согуш баштаганы үчүн, Белорустун бул согушту колдогону үчүн эл аралык Олимпиада комитети бул өлкөлөрдүн командаларынын расмий катышуусуна тыюу салган. Бирок бул өлкөлөрдүн айрым гана спортчулары бейтарап спортчу катары мелдештерге катыша алат. Ошондой эле эки өлкөнүн спортчулары Олимпиаданын ачылыш аземине катыша албайт. Эгерде мелдештерде жеңишке жетсе, эки өлкөнүн гимндери ойнотулбайт, желектери көтөрүлбөйт.
Бир тараптан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Израилдин Палестина калкына кыргын салуусуна байланыштуу Олимпиада комитетин сынга алган. Комитет президенти Томас Бах мындай талаптарды четке кагып, Израилдин катышуусун колдогон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чыгымдар акталабы?
Оюндар учурунда Парижде автобус жана метро баалары эки эсе кымбаттайт. Көчөлөрдө унаа кыймылына чектөөлөр болот. Олимпиада учурунда коопсуздукту сактоо максатында айрым метро станциялары жана вокзалдар убактылуу жабылат. Бул жагдайларга айрым жергиликтүүлөр, бейөкмөт уюмдар нааразычылыгын билдирип, оюндарды өткөрүүнү жактырбай, кыртышы сүйбөй турушат.
Эл аралык Олимпиада комитети 2022-жылы билеттерди сатуу, лицензиялоо жана хостинг чыгымдарын жабууга 4,4 миллиард евро бюджет бөлгөн. Мелдештерди көрүү үчүн билеттердин 95 пайыздан ашыгы эбак сатылганын уюштуруу комитети мурда эле маалымдаган. Жергиликтүү ишканалар, ишкерлер Олимпиада учурунда туристтерден улам кирешенин өсүшүн күтүшүүдө.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Кыргызстандын намысын кимдер коргойт?
Париж Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу жолдомо алды. Алар спорттун беш түрү: бокс, жеңил атлетика, дзюдо, күрөш жана сууда сүзүү боюнча өлкө намысын коргойт. Бокс боюнча 57 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат.
Жеңил атлетика боюнча Сардана Трофимова жолдомо алган. Орусиялык жөө күлүк 2022-жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ал марафондук жарышка катышмакчы.
Дзюдо таймаштарына катышууга 66 килограмм салмакта Кубанычбек Айбек уулуна азиялык квота менен жолдомо ыйгарылган. 90 кг салмакта Эрлан Шеров мөөрөй талашат.
Кыз-келиндер күрөшүндө 62 килограмм салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, 68 килограмм салмакта дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова жана 76 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Айпери Медет кызы күч сынашат.
Грек-рим күрөшүндө 60 килограмм салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, 67 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Амантур Исмаилов, 77 килограмм салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 килограмм салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргойт.
Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынан коло медаль уткан Бекзат Алмаз уулу, 65 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев жана 125 килограмм оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев мөөрөй талашат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми сууда сүзүүдө Азия чемпиону Денис Петрашов жана Елизавета Печерских брасс жана эркин сүзүү ыкмалары боюнча мелдештерге катышат.
Олимпиаданын ачылыш салтанатында Кыргызстандын туусун дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.
21-июлда президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик тууну тапшырды.
Париж Олимпиадасында кимдердин жылдызы жанып, кимдер байгелүү орундарга ээ болушат? Аны алдыдагы таймашуулар аныктайт.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңиген ишмер, 12 олимпиаданын катышуучусу, спорттук баяндамачы. Атайын Би-Би-Си үчүн











