Пакистандагы кыргыз Бишкектеги окуя аларга кандай таасир эткенин айтып берди
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Идрис Мухаммаджан уулу
18-майга караган түнү Бишкекте чыккан чатактын чуусу Кыргызстан менен эле чектелген жок. Жүздөгөн кишилердин бир заматта көчөгө агылып чыгышы жергиликтүү эле эмес, эл аралык медианын дагы көңүлүн бурду. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы ЖМКда жана коомдук сайттарда имиш, ушак-айың аралаш тараган маалымат Кыргызстан тууралуу терс пикир жаратканы айдан ачык.
Айрыкча мушташ өлүм-житим жана зордуктоолор менен коштолду деген такталбаган кептер желдей тарап, Кыргызстандагы көптөгөн чет элдик студенттердин мекенине кайтышына себеп болду.
Пакистандын өзүндө дагы жергиликтүүлөр, Кыргызстанда окуп жаткан студенттердин ата-энелери болуп өткөн окуяга байланыштуу бийлигине бир катар талаптарды коюшту. Ал тургай Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин алдына чогулгандардан улам, полиция элчиликтин имаратына кошумча күч тартканы маалым.
Би-Би-Си аталган өлкөгө кезинде Жаныбек казы менен кошо барган кыргыздардын урпактарына байланышып, Бишкектеги соңку чуулуу окуя ал жакта кандай чагылдырылып, талданып жатканын сурады.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Идрис Мухаммаджан уулу айтылуу Жаныбек казынын чөбөрөсү.
Ал бабасы жашап өткөн Пакистандагы Гилгит аймагында туулуп өскөн. Идрис учурда ал жактагы “Гилгит” базарында соодагер.
Этникалык кыргыз Пакистан студенттери менен Кыргызстан жарандарынын ортосундагы мушташты тынчсыздануу менен кабыл алганын айтат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Пакистандын маалымдоо каражаттары Ооганстанда, Сирияда болуп жаткан согушту дагы мынчалык чагылдырбаса керек. Кыргызстанда болгон окуяны тынбай чагылдырып жатышат, социалдык тармактарда дагы катуу талкуу жүрүүдө”,- деди ал.
Айтымында, окуя тууралуу алгач жеке маалымдоо каражаттары кабар тарата баштаган. Кийин муну мамлекеттик органдар тастыктап, расмий маалымат берген.
Мамлекеттик маалымдоо каражаттары абал туруктуу деп сүрөттөп, Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кайтууну каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, чартердик каттамдар уюштурулуп жатканы тууралуу айтып жатат деди.
Идрис Мухаммаджан уулу аталган өлкөдөгү оппозицияны жактаган кишилер ээлик кылган маалымдоо каражаттары көпчүлүк учурда такталбаган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салганын айтты:
“Пакистандыктарды өлтүрдү, урду, сабады, кыздарга кол салды, зордуктады деген жаңылыктар көп тарап кетти. Мындай кабарды укканда аябай жаман болдук. Дароо Кыргызстандагы туугандар менен байланыштым. Кудайга шүгүр эч кимдин жаны кыйылган жок деген маалыматты алдым. Кыскасы, бул жакта жалган маалымат аябай көп тарап кетти”.
Идристин айтымында, социалдык тармактардагы топтордо жана вотсап группаларда Бишкектеги окуяга тиешеси жок эски сүрөттөрдү, видеолорду жиберип маселени курчуткан учурлар дагы болуп жатыптыр.
“Биз дагы кооптонуп жатабыз”

Сүрөттүн булагы, Идрис Мухаммаджан уулу жиберген сүрөттөр.
Маектешип жатып Идрис өзү дагы бир аз кооптонуп турганын айтты. Өткөн жылы Кыргызстандан келген делегация менен бирге дүңгүрөтүп кыргыздардын атын чыгарып, кыргыз экенибизди даңазаладык эле деп кеп салды.
“31-августка карата бабабыз Жаныбек казынын күмбөзүнө Кыргызстандын туусун көтөрөбүз деген пландар бар болчу. Элчиликтин өкүлдөрүн чакырып, иш-чара уюштурабыз деп жаттык эле. Эми болуп өткөн окуядан кийин ал мүмкүн эмес. Бизге кооптуу болуп калат”,- деп кейиди ал.
Идрис учурда базарга келип кеткендер кайра-кайра маселе көтөрүп, эмне үчүн мындай абал жаралып кетти деп ага суроо узатып жатканын айтты:
“2-3 күндөн бери жүздөгөн кишилер менден кайра-кайра сурап жатышат. Кыргыздар эмнеге сабадыңар, жөн жүргөн балдарга эмнеге кол көтөрдүңөр деп жатышат. Кечээ бир киши келип бир саат жанымда турду. Колумдан келишинче Кыргызстандын жаман жагын жашырып, жакшы жагын чыгарып жатам. Кандайдыр бир деңгээлде түшүнбөстүк болуп кетти деп жатам. Бирок бизге эч кандай жаман мамиле болгон жок. Баары жакшы, өз нугунда”.
Айтымында, Пакистанда дагы маселенин экинчи тарабын карап баа берип жаткандар жок эмес. Барган мамлекеттин мыйзамдарын сактабай, визасыз жүргөндөр тууралуу дагы айткандар болууда дейт.
Бирок ошол эле учурда ачууга алдырып, Кыргызстанда жүргөн айрым студенттер тарабынан социалдык тармактарда ар кандай билдирүүлөр тарап жатканын билдирди.
“Пакистандагы кыргыздарга дагы бизге жасагандай мамиле жасайбыз. Жакында эле Кыргызстандын волейбол командасы келген, алар менен дагы эсептешиш керек деген өңүттөгү билдирүүлөрдү жазып жатышат”,- деди Идрис.
Чет элдик басылмалар байкоо салууда

Сүрөттүн булагы, Social media
Көптөгөн чет элдик басылмалар окуянын кандай өңүттө өнүгүп жатканына байкоо салып турат. Ошондон улам мындай ыксыз кабарлар Кыргызстандын тышкы саясаттагы аброюна шек келтирбейби деген беймаза суроо чыкты.
Кыргызстанда дагы социалдык тармактардын колдонуучулары карап турган жок. Айрымдары болгон окуяны кубаттап, “аларды жоготуу керек” деп жатышса, арасында чет элдик студенттер Кыргызстанга эбегейсиз инвестиция алып келип жатканын айтып, аларды кодулабоого чакырып жатат.
Эл аралык маалымдоо каражаттарында Кыргызстанда билим алып жүргөн мекендештерин колдоп митингге чыккан пакистандык студенттердин дагы видеолору тарады.
Митинг Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде жана Карачидеги пресс клубда өттү. Чогулгандар Борбор Азия мамлекеттериндеги Пакистан студенттеринин коопсуздугун камсыздоону талап кылышты.
Ушул эле күнү көпчүлүк ата-энелер Пакистан өкмөтүнөн балдарын аман-эсен үйлөрүнө алып келүү үчүн тез арада чара көрүүнү талап кылып жатты. Алардын колундагы плакат ата-энелердин өтө кооптонуп турганынан кабар бергендей.
Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Сват округунда ата-энелер митингге чыгып, зордук-зомбулукка кабылган пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыздоо, талкаланган мүлкүн кайра калыбына келтирүү талаптарын коюшту.

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн булагы, Х ( Twitter)
Маданият министрлиги эскертти

Сүрөттүн булагы, Facebook
Окуя боюнча Кыргызстандын маданият министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү таратты.
Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.
Тактап айтканда, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинде зордук-зомбулукту, ырайымсыздыкты, улуттук жана диний сабырсыздыкты пропагандалоого тыюу салына турганын эскертти.
“17-18-майдагы айрым басылмаларда жана видео материалдарда Бишкекте кыргызстандык жана чет элдик студенттердин ортосундагы массалык башаламандыктарга байланыштуу такталбаган маалыматтар тарады. Бул объективдүүлүк жана ишенимдүүлүк принциптерине карама-каршы келет. Министрлик мыйзам талаптарын так аткарууга чакырат. Эгерде талаптар аткарылбаса, тиешелүү жаза чаралары көрүлөт”,- деп айтылат министрдин орун басары Чынгыз Эсенгуловдун Facebook аркылуу тараткан маалыматында.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 13-майда түнкү саат экилер чамасында белгисиз адамдар Чыгыш-5 кичи районундагы кафенин жанынан чет элдик студенттерди тосуп алып, тамеки сурап, кол көтөргөндөн кийин келип чыккан.
Чет элдик студенттер Атай Огонбаев көчөсүндө жашаган жатаканага качып барышкан. Артынан кубалап баргандар жатаканага кирип, чет элдик жарандарды уруп, буюм жана акчаларын тартып алышканы айтылат.
Алар эшиктерди тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде чет элдик жарандар келгендерди кетирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.
Жатакананын короосунда болгон мушташтын видеосу 17-май күнү интернетке тарап, бирок окуя толук, калыс көрсөтүлгөн эмес.
Бул көрүнүш нааразычылыктарды жаратып, жаштардын көчөгө чыгып, тополоңдун башталуусуна себеп болгон.
Ошого карабай тарап кеткен маалымат качан, кантип, кайдан чыккан дегенге азырынча так, толук жооп жок. Аягы чууга айланган ишке такталбаган маалымат чоң себептин бири болгонун президент баш болуп баса белгиледи. Коомдун бир бөлүгү жалган маалымат тараткандарды таап, чара көрүү жөнүндө айтып жатат.
Кыргызстандын эле эмес, Пакистан менен Индиянын кошо тынчын алып, окуяга күкүрт болуп берген такталбаган, жалган маалымат кыргыз коомуна сынчыл ойлом, маалыматтын ак карасын ылгай билүү деген көндүмдөрдүн аба-суудай зарылдыгын ашкереледи.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жаштарды дүрбөлөңгө салган видео вотсап группалар аркылуу тарап кеткенин айтып, бирок тергөө кызыкчылыгы үчүн деп маалымат тараткан алгачкы булактарды ачыкка чыгарган жок. Коомчулук сабак алып, туура чечим чыгаруусу үчүн укук коргоо органдары бул ишти ийне-жибине чейин кесипкөйлүк менен иликтеп, жалган маалыматтын кооптуулугун айныксыз далилдери менен көрсөтүп бериши керек болуп калды. Кыргыз бийлиги болсо чоң муштумдардын ишине сөзсүз юридикалык баа берилерин убада кылууда.












