Будуң-чаң салган бир ууч топтун азабы менен сабагы

Чогулган калың топ чуунун тамыры кайда жатканын билди болду бекен деген суроо кабыргасынан турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чогулган калың топ чуунун тамыры кайда жатканын билди болду бекен деген суроо кабыргасынан турат

Чет өлкөлүк студенттер жашаган жайда мушташ чыгып, эси жок бейбаш балдардын жосунсуз жоруктары, тилекке каршы, чоң окуяга айланды. "Саман учту десе, Самаркан өрттөндү" дегенден да жаман болду. Такталбаган, кечиккен маалыматтан улам имишке ишенип жүздөгөн бала көчөгө чыгып кетти. Аягы эмне менен аяктаганы айтпасак да белгилүү. Кесепети көп күттүргөн жок.

21-майдын таңында башкы аба майданыбыз болгон "Манас" аэропортунда кетет элек деп чогулган чет элдиктердин жайнап чогулганы тууралуу сүрөттөр чыга баштады. Анын канчасы мурунтан пландап, канчасы ушул окуядан улам түйүнчөгүн түйгөнү да тактай турган маселе. Ушуга жеткирген себептин бири болгон имиш Черчиль айткан ушактан да тез тарады окшойт.

Жаалданган жаштардын акциясы дароо күч алганы да суроолорду жаратат. 13-майда болгон окуяны кимдир бирөөлөр 17-майда социалдык тармактарга жарыялашты. Туура эмес айтсам ак чөп башта, анткени расмий органдардын маалыматы боюнча бир нече күндөн кийин, массалык баш аламандыктан кийин гана 13-майдагы мушташты кыргыз жарандары баштаганы тууралуу толук эмес маалыматтар пайда болду. ИИМдин малыматын карап көрсөңуз болот.

Ага кошул-ташыл, чет өлкөлүк жарандардын кайсы бир мушташ үчүн кечирим сураган видеосу таратылды. Ушул видеолордун таасири, аларды таратуу максаты, жаалданган жаштарды тез арада топтолушу иликтөөдө, тергөөдө аныкталууга тийиш болгон башкы жагдайлардин бири.

Бул атайын уюшулган акциябы же стихиялуу көрүнүшпү, бул маселелер бизди ойлонтууга тийиш. Эгер капилет эле болгон күндө да айрым бир жаштарыбыздын деңгээлинин төмөндүгүн аларды тукурууга өбөлгө катары пайдаланып, ар кандай окуяны өз кызыкчылыгына бурууга кызыкдар күчтөрдүн бар экендигинен кабар берген жокпу? Аксымдык, өзүмчүлдүк, бейбаштык, маданиятсыздык, түркөйлүк, караңгылык айылыбызды аралай чаап, төргө чыгайын деп жулунуп туру.

Андан тышкары, ушул окуялар бир топ проблемалар бардыгын айгинеледи. Албетте, ички жана тышкы миграция жалпы дүйнөгө мүнөздүү универсал көрүнүш. Окуу, жумуш, турмуш, тиричилик, кырдаал, айтор жашоо муктаждыктары агымды токтотпойт, кимдир бирөөлөрдүн кайсы бир жакка агылганы агылган.

Жалкоо элге тыштан жумушчуларды алып келүүгө аргасыз болуудабыз деген сөздөр да чыкпады беле. Бизде да арзан жумушчу күчүнө кызыгып, тыштан эптеп киргизип алып, чет өлкөлүктөрдү пайдаланып жүргөндөр жок эмес. Биздин өлкөгө тыштан миграциянын маселелери бар экенин, 5 миңден ашык мыйзамсыз мигранттар бизде жүргөнүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев туура белгиледи. Бирок ошолорду алып келгендер кыргыз компаниялары, кыргыз жарандары.

Ушул окуялардан соң миграциялык саясат кайра актуалдашмагы, флешмоб коомдун бир ирет дуулдап алмагы, маселе унутта калганга чейин мамлекеттик органдар кызуу иштей баштамагы турган иш. Аныгында ушундай окуялардан кийин күпүлдөп барып токтоп калбай, ырааттуу, узак мөөнөттүү саясат жүргүзүү абзел. Көзөмөл керек. Бул коопсуздук маселеси.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бейбаш балдардын массалык акциясы саясий жана дипломатиялык маселеге айлантууну каалагандар арбын экен. Ордо калаабыздын чок ортосундагы окуя тышкы дүйнөгө дароо маалымдалды. “Бишкектеги массалык мушташ”, “чет өлкөлүк студенттерге кол салуу”, “Пакистан өз студенттерин шашылыш алып кетүүдө” деген сыяктуу жагымсыз аталыштагы маалыматтар чет мамлекеттердин медиа агенттиктериндеги жаңылыктар түрмөгүндө жаңырып турду.

Кесепетүү окуялар жана алардын жарыяланышы, баяндоо мүнөзү өлкөбүздүн беделине доо келтирди. Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал дурус эмес, абал тынч эмес, кырдаал кооптуу дегендей жаманатты пикирдин жаралышына себепкер болду. Терс пикирлер адатта далайга чейин барып, араң оңолот. Өлкөнүн аброюн, улуттун имиджин оңдоо эми бизден көп аракетти талап кылат.

Чет мамлекеттердин элчиликтери өз жарандарын этият болууга чакырып да жиберишти. Пакистан өкмөтү дароо реакция кылды, студенттеринин бир бөлүгүн атайы рейс менен алып кетти. Ал тургай тышкы иштер министри да келмей болуп барып токтоду. Пакистандын сырт иштер министри Бишкекке аттанмакчы болгону расмий Исламабадга окуя пакистандык студенттер жапырт кордук көрүп жатат деген жалган маалымат жеткенин, алар ушуга кадимкидей ынанганын каңкуулайт.

Албетте, ар бир мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоого умтулат, бул ар бир мамлекеттин ыйык милдети. Бирок да Пакистан бийлигинин дал ушул аракети бизге оор тийди.

Калайман мушташ, митингдер, жапырт баш аламандыктар, полиция менен митингчилердин кагылышы, социалдык топтор ортосунда жаңжалдар кайсы гана өлкөдө болгон жок. Болуп келген, болуп жатат. Өзүбүздү сооротоюн деген жокмун, бирок биздеги окуянын масштабы, мүнөзү өз жарандарын шашылыш бөктөрө качкыдай эмес эле. Демек биз убагында жана дароо мындай кадамды токтото алган жокпуз. Бир аз кеч болсо да Пакистандын министрин ушул окуя боюнча Бишкекке келүүсүн токтотуп калганы абийир болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик социалдык тармактарда, анын ичинде пакистандык медиада ошол күнкү окуя, Кыргызстандагы кырдаал тууралуу тарап жаткан жалган маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген. Эл аралык мыйзамдын жоболорунан караганда кыргыз дипломатиясы пакистандык жана индиялык кесиптештерине туура жооп берди, түшүндүрүүгө аракет кылды. Биздин дипломаттар пакистандык кесиптештерине туура түшүндүргөнүнөн күмөн саноого кыйын, ошентсе да маалымат мейкиндигинде деструктивдүү топтордон утулганыбыз көрүнүп турат.

Кыргызстан менен Пакистандын министрлери Астанада жолукту

Сүрөттүн булагы, Булак: Тышкы иштер министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан менен Пакистандын министрлери Астанада жолукту

Кыргызстандын жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Мохаммад Исхак Дар Астанадагы жолугушуусунда бир топ маселе талкуланды. Албетте, биздин министр бейбаш балдардын ишин жалпы улуттук масштабдагы көрүнүш катары эсептебөө зарылдыгын белгилейт, антимиграциялык же антипакистандык маанай, кайсы бир улутка карата ксенофобия эместигин айтат, тиричилик деңгээлиндеги мушташты саясатташтырып жиберүү болбостугун, Кыргызстанда мыйзамдар сакталаарын, чет өлкөлүк жарандардын укугун коргоо боюнча кыргыз бийлигинин ниети бекем, эрки жетиштүү экенине басым жасайт. Бирок дал ушул сүйлөшүүдө деле бир ууч бейбаштын айынан сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп калган жокпузбу? Абалтадан бери тентектер үчүн журт башчылары жооп берген.

Ксенофобия, миграцияга каршы маанай универсал көрүнүшкө айлана баштады. Кыргызстан кимдир бирөөлөргө каршы саясат жүргүзбөйт. Адам укуктарын сыйлаган өлкө. Иш менен далилдөөгө келгенде дипломатия аздык кылат, элдин жана мамлекеттик органдардын адекваттуу аракеттери керек болот.

Азыр Пакистандын, Индиянын тышкы иштер министрликтерине түшүндүрүү менен маселеге чекит коюлбайт. Тажрыйба көрсөткөндөй, эл аралык уюмдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун тармактык комитеттеринин баяндамаларында, изилдөөлөрдө, ар кандай эл аралык форумдарда кеп кылына берет, мисал катары колдонулат. Пакистан же Индия менен мамилебизге олуттуу доо келтирбейт. Бирок бул окуя эки тараптуу мамилелерге көлөкө түшүрөт. Ал өлкөлөрдө да коомдук пикир жаралат, алардын өкмөттөрүнө Кыргызстандын жарандарына ассимметриялык мамиле жасоо зарылдыгын кеп кылгандар болот.

Айтор начар факт куржунга салынган соң, алар тарап да ыгы келген учурларда сууруп чыгып, эскертип, студенттердин, Кыргызстандагы биздин жарандардын укугуна шек келген жокпу деп собол таштай берет. Кыскасы эл аралык аренада терс кейске айланып, жаман факты катары бир топко чейин бизге каршы иштей бериши ыктымал. Өз ара айыптоо эч кимге пайда алып келбесин дипломаттар эң сонун билсе да, дал ушул бири бирине карата айыптоолор, курулай дооматтар дипломатиянын куралына айлана баштаган доордо жашап жатканыбызды унутпоого тийишпиз.

Баарыдан мурда өзүбүз кырдаалды курчутуп албоого тийишпиз. Сырт дүйнө мурдатан эле абай салып келген, эми баары ого бетер кылдат көз салат. Айрыкча биздин медиа мейкиндиктеги, социалдык тармактардагы дискурсту байкап, талдап турушат. Келгиндерге каршы риторика пайдасыз, биринчи кезекте Кыргызстанга зыяны тиет. Ички абалга да, тышта да кесепети талашсыз. Биринчиден, андай риторика, кастык тили, ксенофобия эч кимдин боорун бүтүн кылган эмес.

Жаалданган топ жатаканага чейин кирип барды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаалданган топ жатаканага чейин кирип барды

Такталбаган маалымат табылгы таяктан да катуу тийди

Араанын тишин жалагандын тили канайт. Экинчиден, кастык тилин экстремисттик кылмыштуу топтор колдонот, анан непадам эки адам мушташса, ага саясий түс берип, кусаматчылар мыктап пайдаланып, кечээкидей массалык жанжалга айлантпайт деп кимибиз кепил боло алабыз. Үчүнчүдөн, эл чочулайт, жаштарыбыздын сыртка миграциясы ого бетер күчөйт. Мыйзам сакталбаган, чет өлкөлүктөргө карата жек көрүү, дискриминация өкүм сүргөн, зомбулуктан кайра тартпаган бечара, жапаый атка консок, баарыбызга оор болот. Мамлекеттин аброю түшөт, улуттун касиетине доо кетет, тышта бизге карата мамиле начарлайт. Бери дегенде сый кетет. Болтурбай койсок болмок, атаганат. Эми кейиштүү окуядан тийиштүү сабак алмагыбыз абзел.

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.