Бишкектеги мушташ бангладештик жарандын көзү менен

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугушуу учурунда

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугушуу учурунда

18-майга караган түнү болгон окуя талаштуу талкуунун чордонунда. Эң негизги суроолордун бири окуяны алдын алууга болот беле? Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуя ийне-жибине чейин териштириле турганын айтты.

Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнө чогулган жүздөгөн киши бул чуу эмнеден чыкты деген суроого толук жообу жок турду. Качан гана милиция кенен расмий маалымат жарыялаган соң ачуулангандардын бир тобу окуянын чоо-жайын түшүндү көрүнөт.

Көп өтпөй окуянын таасири Пакистан, Индия, Бангладешке чейин жеткени айкын болуп калды. Пакистандын Тышкы иштер министри баш болуп реакция жасап, өзүнүн айрым жарандарын Кыргызстандан чыгарып кетти.

Мындан сырткары окуяга түздөн-түз тиешеси болбогон айрым элчиликтер дагы Бишкектеги өз жарандарын этият болууга чакырды. Бул расмий, такталып жарыялангандары гана.

Аталган өлкөлөрдүн интернет айдыңына эмоция коштолгон такталбаган, түрдүү боёк менен кабарлар тарады. Эл аралык имиджин жакшыртып, туризмге көңүл бурабыз, саналуу күндөн соң жогорку окуу жайга чет элдик абитуриенттерди кабыл алабыз деп турган учурда бул окуя кандай таасирин берерин азырынча так айтуу кыйын. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы пакистандык кесиптеши менен сүйлөшкөн учурда Кыргызстан тууралуу такталбаган маалыматтардын кесепети тууралуу сөз кылды.

Окуядан көп өтпөй өлкөдөн чыгып кеткендерден сырткары азыр да Бишкекте жашап, кооптонуп турган мигранттар да бар. Би-Би-Си алардын биринен кабар алып, ал-жайын сурады.

Али Хусеин Даван көргөнүн айтып берди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Али Хусеин Даван көргөнүн айтып берди

Али Хусеин Даван Бангладештин жараны. Анын тынчсызданып турганын сыртынан байкоо оор деле эмес. Ошентсе да ал жакшыдан үмүт кылып турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул жатаканада алтымыштай студент жашачу. Азыр анын баарын "Салымбеков" университетинин деканы алып кетти. Уруп-сабаган окуя башка жатаканада болду. Ошондон кийин баары кетип калды.

Кыргызстанда чет элдик студенттер абдан көп. Эгерде анын баары Пакистан, Индия же Бангладешке кетип калышса, Кыргызстандын экономикасына залака тийиши мүмкүн. Себеби студенттер окууга, ижарага, тамак-аш, кийимге акча төлөп жашашат да.

Айрым студенттердин үй-бүлөлөрү өз мекенине чакыртып жатат. Айрымдары мындан ары коопсуздук сакталат деген үмүттө Кыргызстанда балдар-кыздарынын мында калуусуна макул болушуптур. Мен азырынча андай чечим кабыл ала элекмин. Мен студенттердин ур-токмокко алынганын көрдүм. Бул абдан жаман.

Кээ бир чет өлкөлүктөр мыйзамдуу иштешет, кээ биринин артында маселе бар. Кыргызстанга келе жатып эки айга виза алып, бирок узартпай эле жашай берем дегендер бар. Бирок баары эмес. Мыйзамдуу иштегендер дагы бар, алардын визалары бар. Эгерде баары жакшы болсо, Кыргызстанда эле калам.

Окуя BIP жатаканасында болду. Эшик-терезе баары сынды. Мунун баары социалдык медиага жайылып жатты. Мен ал видеолорду көрүп, аябай корктум. Мушташ бул жаман, мен мушташканды жаман көрөм. Баары ордуна келсе, кайра жумушумду баштайм деп үмүт кылып турам. Эгерде кайра кайталанса, анда мен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болом.

Бирок баары жакшы болот деп ойлойм. Башка өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жакшы эмес. Себеби биздин өз өлкөбүздө деле эрежелер бар да. Башка өлкөгө конок болуп барсаң, эрежесин сакташың керек. Мыйзамсыз жүргөн туура эмес. Мен дайыма мыйзамды сактаганга аракет кылам.

Биздин коопсуздугубузду көзөмөлдөп турган күзөтчү, милиция кызматкерлерине ыраазыбыз. Алар бизди сыртыбыздан кайтарып турушат. Алар аябай жакшы экен. Андан тышкары мага биртоп кыргыз жардам берип жатат, баарына ыраазымын.

Болоор иш болду, азыр баары жайында. Мен Кыргызстанды сүйөм. Себеби бул өлкөдө жакшы адамдар аябай көп. Мисалы дүкөнгө кирсем, баары жакшы мамиле кылышат, мени сыйлашат. Ал эми мурдагы күнкү окуя - бул чоң маселе",- дейт Али Хусеин Даван.

Жаракат алгандардын ал-абалы кандай?

Жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен 20-майдын таңына карата 11 бейтап ооруканада дарыланууда.

Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Кошумчалай кетсек, 19-майда дагы 8 чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылып, Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган.

Миллиондон ашуун мекендеши эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар чет жердеги опуза, коопсуздук, басмырлоо эмне экенин жакшы билет. Чет жерде кыргызстандыктар кабылган ар бир кырсык, оор окуяларда миграцияныны азабын сындап, амандыгын тилеп келишет.