Планетаны сактап калууга жардам бере алчу модалуу 6 материал
Лүси Жонс

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тез модадан пахтага чейинкилерди камтып, айлана-чөйрөбүзгө жана башка түрлөргө терс таасирин тийгизген моданы колдонуу жолдорунун тизмеси узун. Бирок үмүттөнгөнгө болобу?
Азыраак керектөөдөн, кайра иштетүүдөн жана оңдоодон тышкары биз бышыгыраак кийимдерди жана кездемелерди таба алабызбы? Жаңы кийим сатып алышыңыз керек болсо, кайсы кездемелерге көңүл бурушуңуз керек? Бул жерде туруктуу жашоо таризин түзүүгө жардам бере турган алты материал же инновация бар.
Пинатекс

Сүрөттүн булагы, Jacob Maentz
Өсүмдүк же мөмө-жемиштердин калдыктарынан жасалган “терилер” барган сайын көбүрөөк чыга баштады. Мисалы, пинатекс – Филиппинде өстүрүлгөн ананас жалбырактарынан жасалган материал. Анын өндүрүшү салттуу булгаарыга караганда алда канча туруктуу жана жаныбарлар менен байланышы жок. Ал сууну жана жаратылышты ууландыруучу зыяндуу химиялык заттарды азыраак талап кылат. Жалбырактын калдыктары кайра иштетилип, жер семирткич же биомасса үчүн колдонулат. Учурда бул материал Лондондогу алгачкы вегетариандык мейманканаларды жасалгалоо үчүн колдонулууда.
Кальмар
Биомимикрия – жаратылыштан эргүү издөө - инженерия, архитектура жана медицина сыяктуу көптөгөн ар түрдүү тармактарда өнүгүүдө. Азыр текстиль өндүрүүчүлөр жана мода дизайнерлери өз иштерине табигый процесстерди киргизүү же аларды тууроо жолдорун издеп жатышат. Табияттагы процесстер натыйжага жетүү үчүн көбүнчө азыраак энергияны талап кылат, мисалы, табигый дүйнөдө бешке жакын полимер же молекулалардын узун чынжырчасы бар, ал эми биздин коммерциялык дүйнөбүздө алардын саны 350дөн ашат.
Акыркы убакта Пенсильвания мамлекеттик университетинин окумуштуулары кальмардын шакекче тиштериндеги (манжа соргучтарындагы) белокту лабораторияда кеңири чөйрөдө колдонуу үчүн иштеп чыгууга болорун аныкташты. Мисалы, буланы белок менен каптоо каптоо аны алда канча туруктуу кылат. Белоктун өзүн-өзү айыктыруучу касиети да бар. Аны кайра иштетсе болот, биологиялык жактан чирийт жана аны бышык кийимдерди жасоо үчүн колдонсо болот.

Сүрөттүн булагы, Humberto Ramirez/Getty
Жүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бардык эле жүн чарбаларында тиешелүү стандарттар жок болсо да, PETA сыяктуу көптөгөн активисттик уюмдар этикага туура келбейт дешсе да, жүн туруктуу материал: ал кайра жарала берет, бышык жана биологиялык жактан бузулат. Кошумчалай кетсек, кээ бир кой чарбалары айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн атмосферадан көмүртектерди бөлүп алуу ыкмаларын колдонуу менен жүн өндүрүшөт. Бышыктыгынан жана ийкемдүүлүгүнөн (ал жалынга да, сууга да туруштук берет) ал узак убакытка чыдайт жана моданы тез алмаштыруу зарылдыгын азайтат.
Зыгыр

Сүрөттүн булагы, Kumacore/Getty
Зыгыр була зыгыр өсүмдүгүнүн жипчелеринен жасалат. Аны байыркы египеттиктерге чейин эле колдонушкан, анткени ал бышык келип, денени салкын кармап, сууну сиңирип алат. Азыр ал географиялык жактан ылайыктуу аймактарда, мисалы, Европада өстүрүлүп (зыгырдын дээрлик төрттөн үчү ЕБде өстүрүлөт), пестициддерге же жер семирткичтерге муктаждык жок жана пахтага караганда бир топ азыраак сууну талап кылат жана топуракка пайдалуу. Материалдын өзү бышык келет, ошондуктан көп жылдар бою алмаштыруунун кереги жок жана пахтага, башка кездемелерге караганда тез кургайт.
Жакшыртылган пахта
Пахта чарбачылыгы пестициддерди жана химикаттарды интенсивдүү колдонууну, ошондой эле тазалоо үчүн көп сууну талап кылат. Бирок кездемени өндүрүүнүн кыйла туруктуу жолдору бар, мында кеңири чөйрө жана калган жаратылыш эске алынат.
Мисалы, Better Cotton демилгеси дүйнө жүзү боюнча дыйкандарга сууну, топуракты жана белгилүү бир өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаратылыш чөйрөсүнө кам көрүү үчүн колдоо көрсөтөт. Ал базардын 12,5% ээлейт. Сиздин футболкаңыз экологияга кандай таасир тийгизгенин билүүнүн дагы бир жолу - GOTS (Global Organic Textile Standard) эн белгиси менен тастыкталган органикалык пахта сатуучуларды издөө. Бул өндүрүш процессинде биздин айлана-чөйрөгө, анын ичинде жумушчуларга зыяндуу уулуу жер семирткичтер же пестициддер колдонулбайт дегенди билдирет.
Лиоцелл жана башка табигый булалар
Жасалма булалардан жасалган кийимдерди жууганда, алар кир жуугуч машиналар аркылуу сууга микробулаларды бөлүп чыгара тургандыгын көбүрөөк түшүнө баштадык. Бул микробулалар башка түрлөр үчүн зыяндуу болгондуктан, табигый, экологиялык жактан туруктуу булаларды табууга умтулуу азыр эң жогорку деңгээлде жүрүүдө.
Мындай материалдардын бири – лиоцелл. Чийки заты – жыгач массасынан алынган целлюлоза. Ал Австриядагы компанияга таандык Tencel соода эн белгиси менен өндүрүлөт. Булалар чирип, жер семирткич болот жана өндүрүш процессинде экологиялык зыяны абдан аз. Агынды суулар, мисалы, кайра иштетилет жана эч кандай уулуу химикаттар колдонулбайт.
Кара куурай – албетте, айлана-чөйрөгө таасири аз дагы бир табигый була. Аң-сезимдүү дизайнерлер вегетариандык этикага ылайык кийимдерди тигүү үчүн тыгын жыгачын, бамбукту жана ал тургай деңиз балырларын да колдонушат. (ТА)












