Рианна дүйнөдөгү эң бай музыкант аял болуп калды

Маниш Панди, Линдси Браун Newsbeat кабарчылары

Ырчы, актриса жана ишкер. Анын байлыгы $1.7 млрд түзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ырчы, актриса жана ишкер. Анын байлыгы $1.7 млрд түзөт.

Рианна 2015-жылы “Акчамды эле алганың жакшы” аттуу альбомун чыгарганда, “Сүйүүгө жеттик” же “Алмаз таштар” хит ырларынын гонорары жөнүндө айтып жатат деп ойлошуңуз мүмкүн.

Бирок өткөн аптада аны миллиардер кылган киреше “Фенти Бюти” (Fenty Beauty) аттуу косметикалык компаниясынан түшкөн.

33 жаштагы Рианна “Фенти Бюти” компаниясын 2017-жылы азем буюмдарды өндүргөн LVMH (Moët Hennessy Louis Vuitton) компаниясы менен өнөктөштүктө түптөгөн.

Би-Би-Синин Radio 1 Newsbeat командасы сулуулук эксперттери менен сүйлөшүп, “Фенти”компаниясынын үлкөн ийгилигинин сырын ачууга аракет кылышты.

“Тоскоолдуксуз көп түрдүүлүк”

Рианнанын айтымында, “Фентинин” максаты — “бардык түстөгү” жана “ар түрдүү аялдарга”жагуу.

“Ар бир өнүмдү көргөндө мен териси карасур кыздарга бир нерсе болушу керек; денеси кубарган кыздарга бир нерсе болушу керек; орточо бир нерсе болушу керек, - дей берчүмүн”, — деп айтып берген ал 2017-жылы Refinery29 сайтына.

Рианнанын ошол берилгендиги сулуулук темасында жазып жүргөн Жессика Морган үчүн чоң мааниге ээ.

“Рианна көп түрдүүлүккө эч кандай тоскоолдуктарсыз мамиле жасады. Ал баарына жеткиликтүү болгон ар түрдүү багыттарды жаратууга аракет кылды”, — дейт 28 жаштагы Жессика.

Адамдар продукцияны баалашын каалайсың, бирок алар “Сонун экен го, бирок ага эле жарашат экен” деп калбашы керек, дейт Рианна

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдар өнүмдү баалашын каалайсың, бирок алар “Сонун экен го, бирок ага эле жарашат экен”, - деп калбашы керек, дейт Рианна

“Фенти” негизгдери 50 түстө сунушталат жана “Фенти эффектинин” пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Анын артынан башка атаандаш бренддер дагы түстөрдүн кеңири түрүн чыгара баштаган.

Жессика түрдүү түстөгү негизден пайдаланат. Анын айтымында, 2017-жылы Фенти түптөлгөндө ал“жаңылык” болгон болсо да, азыр андай сезилбей калган.

“Денемдин түсүнө дал келген өңдү таба алгам. Ал түс мен жарык дүйнөгө келгенден бери жашоомду каргышка салып келаткан”, — дейт ал.

“Көп түрдүүлүктү алга сүрөгөн башка бренддер дагы бар, бирок бул Фенти киргизген жаңычылдык болуп калды”.

Жессика үчүн “Фенти Бютинин” түс негиздери ага жарашкан өңдү табууга шарт түзгөн

Сүрөттүн булагы, INSTAGRAM/JESSICA MORGAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жессика үчүн “Фенти Бютинин” түс негиздери ага жарашкан өңдү табууга шарт түзгөн

Бирок бул күңүртүрөөк түстөр менен эле байланыштуу маселе эмес.

“Эсимде, досторумдун айрымдары кичинекейинде купкуу болчу жана негиздери саргылт болуп турчу”, — дейт Unpretty подкастынын алып баруучусу Чиназо Уфодиама.

“[Рианна] эй, кубарган кыздар, силерге өзүм жардам берем, дегендей болду”.

Ошондой эле, “Фенти” косметикаларын жалгыз эле аялдар үчүн жарнамалабаган алгачкы бренддердин бири болуп калды.

“Сулуулук менен атыр жарнамасын белгилүү бир жыныстагы адамдар менен гана чектебөө идеясы чындыгында өтө мыкты болду”, — дейт сулуулук темасында жазган журналист Амбер Граффланд.

“Колунда бар жана белгилүү бир жаштагы аялдар үчүн сулуулук залдарын туюнткан эски идея өлүп жок болду”.

Таш боор эмес компания

“Фентинин” веб сайтында компания таш боордукка барбаган бренд экени жазылган. Анын мааниси компания өзүнүн продукцияларын же ингредиенттерин жаныбарларга эксперимент катары жүргүзбөйт дегенди билдирет.

Амбердин айтымында, компания чындыгында чоң бренддерге мурдараак бул ишти баштабагандыктан “жол көрсөтүүүдө”.

“Керектөөчүлөр мурдагыга караганда сергек жана маалыматка көбүрөөк ээ болуп калышты. Алар дүкөндөрдү кыдырып, жүрөгүнө жаккан жерге гана акчаларын жумшашат. Бул, албетте, таш боор эмес, түрдүү, инклюзивдүү бренддер”, — дейт ал.

Жессика кошумчалагандай, таш боор эместик жөнүндөгү белги маркетингдин мыкты стратегиясы. Себеби, ал коомдук желеде талаш-тартышты сүйгөн адамдардын көңүлүнөн ыраак кармайт.

“2021-жылда өзүңдүн продукцияларыңда бардык ошол этикалык элементтерди сактабоо кечирилгис нерсе”.

Рианна фактору

Рианнанын жылдыз катары атагы “Фентини” бизнес феноменге айлантууга таасири тийген жок деп айтуу оор. 2016-жылдан бери анын күйөрмандары жаңы чыгармаларды чыдамсыздык менен күтүп жатканда, Рианнанын 103 миллиондой колдонуучу катталган Инстаграм барагына эле көз чаптыра турган болсок, ал ырга караганда “Фенти” жөнүндө көбүрөөк маалыматты камтыйт.

“Менин оюмча, адамдарга эң жаккан нерсе анын бренд менен болгон байланышы. Рианна продукцияны колдонуп, ал жөнүндө чындыгында бөтөнчө жолдор менен айтып бергенин көрүүгө болот”, — дейт Жессика.

Анан, эгер көрө элек болсоңуз, Рианна “Фенти” коллекциясына жаңы эле атыр кошкону маалым болду. Анын миллиардер болуусу ишкердик шыгына тоскоол болбогондой. (EA)