Качкындар лагеринен дүйнөлүк подиумга: мода дүйнөсүндөгү мусулман кыз
Сексуалдуулук жана денесин ачык көрсөтүү - дүйнөлүк модада салтанат курган көрүнүштөрдүн бири. Бирок супермодель Халима Аден ар дайым подиумга хиджаб, денени толук жапкан кийимдер менен чыгат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күйөрмандары анын сулуулугуна тамшанса, сынчылары ачык сүрөттөрү үчүн жана кудайга ишенген мусулман кызга подиумда орун жок деп тилдешет.
Сомалиден келген качкындардын үй-бүлөсүнөн чыккан кыз өтө эле консервативдүү чөйрөдө өскөн. Эки эле жылдын ичинде баш айланткан карьера жасап, дүйнөлүк модадагы эң таанымал жүздөрдүн бири болуп калды.
Би-Би-Си Халима Аденди маекке тартып, моделдик карьерасы менен исламдын катаал принциптерин кантип айкалыштырып кеткенин сурады.

"Гримдөөчү бөлмөдө окулган намаз"
"Беш убак намазды үзбөй окуганга аракет кылам. Бирок жетишпей калган учурлар дагы болуп калат,-дейт Халима. -Эсимде калган өзгөчө таасирдүү учурлардын бири Нью-Йорктогу мода апталыгында болду. Жайнамазымды көтөрүп алып, намаз окуганга ылайыктуу жай издеп чуркап жүргөм. Көп жолу гримдөөчү бөлмөдө же тасма тарткан аянтчада намаз окуганга туура келет".
22 жаштагы Халима Аден - британдык Vogue жана адатта жарым жылаңач кыздардын сүрөтүн көп чыгарган америкалык Sports Illustrated журналдарына хиджаб менен чыккан дүйнөдөгү алгачкы модель кыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Боюнун узундугу болгону 166 сантиметр. Бул топ-моделдер үчүн өтө кыска эсептелет. Ошого карабастан ага көп чакыруу жөнөткөн белгилүү бренддер бар. Эки жыл мурун Халима дүйнөдөгү эң ири моделдик агенттик IMG Models менен келишим түзгөн.
"Өзүңдү өзгөртпөй туруп, оюндун эрежесин өзгөрт",-дейт Халима.
Анын максаты - диний жана этникалык айырмачылыктарына карабастан дүйнө жүзүндөгү кыздардын баарына подиумга жол ачуу, мода индустриясын инклюзивдүү кылуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Кандайдыр бир ийгиликсиз учурлар үчүн көңүлүм чөкпөйт. Анткени менин ишенимим бекем,-дейт Халима. -Мен качкындар лагеринде чоңойдум. Менин азыркы шаан-шөкөттүү жашоом бир ирмемде бүтүп калышы мүмкүн. Мен буга даярмын".
Халима Кениядагы качкындар лагеринде туулган. Анын ата-энесинини теги Сомалиден. Алар өткөн 90-жылдардын орто ченинде Африка континентиндеги эң кандуу согуштан качып чыгышкан. Апасы Кенияга жетүү үчүн 12 күн жөө баскан. Халима алты жашка чыкканда апасы жана агасы менен чогуу АКШга келген. Согуш жүрүп жаткан жылдары атасы дайынсыз кеткен.

Сүрөттүн булагы, SPORTS ILLUSTRATED
Халиманын ызы-чуу коштогон, эркектер көз салып олтурган иш-чараларда жүргөнүн апасы жактырбайт.
"Классташтарым менин чачым кир болгонү үчүн жоолук салынып жүрөт деп айтышчу. Болбосо андан да жаман тамашалар айтылат эле. Бул эми орто мектеп да, өзүңөр түшүнөсүңөр",-дейт Халима.
Халима 19 жашында "Миннесота сулуусу" сынагына катышып, сахнага хиджаб менен чыккан. Ушул сынактан кийин көптөгөн мода агенттиктеринин көзүнө түшөт.

Сүрөттүн булагы, Rooful Ali
Ага сунуштар келгенде, хиджаб менен гана чыга турганын айтып, шарт койгон.

"Апам мени жарым жылаңач болуп чечинет деп ойлоптур"
Халиманын апасы азырга чейин кызынын тандоосун жактырбай келет. Анткени моделдин иши биздин ишенимге каршы келет деп ойлойт.
Консервативдүу мусулман аял шарыяттын жол-жобосун бузбай аткарууга умтулат.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы, 1
"Халиманын ызы-чуусу көп, айланасына киши жыйылган, эркектер көз агыткан жерде болушу мага жакпайт",-деген ал Al Jazeera үчүн берген сейрек интервьюларынын биринде.
"Апам мага ишенүүгө боло турганын жакыш билет,-деди Халима. -Ал мага туура тарбия берген. Ошондуктан ал ички туюмунда дайыма мен тарапта. Мага ылайык келбеген нерсе болсо, жок деп айта ала турганымды жакшы түшүнөт".
"Биздин чөйрөдө мурда моделдин иши тууралуу эч ким билчү эмес. Мени жарым жылаңач болуп чечинет деп ойлошкон. Азыр эми баары менин ийгилигиме кубанышат".
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы, 2
Деген менен Халиманын апасы кызы катышкан бир да мода көргөзмөсүнө барган эмес.
"Салабаттуу моданын" символубу же исламды мазактообу?
Халиманын "Инстаграм баракчасына сүрөттөрүн, маектерин жарыялап турат. Ар бир сүрөттүн алдына он миңдеген "жактыруу" белгисин коюуп, пикирлерди жазышат.
Кээде аны өтө эле ачык болуп алдың деп сындашат
Анын баракчасына катталгандардын көбү дүйнөнүн ар кайсыл бөлүгүндө жашаган жаш мусулман кыздар.
"Халима биз сени урматтайбыз. Сен бүтүндөй дүйнөгө эргүү бердиң",-деп жазат бири.
"Суранам, токтот. Сен биздин динди туура эмес көрсөтүп жатасың, уялбайсыңбы",-деп тилдейт Min_xi деген колдонуучу.
"Хиджаб кийген кыз сендей болуп мода көргөзмөлөрүндө жүрбөйт. Эгерде сен өзүңдү чын эле мусулманмын деп эсептесең, анда мунун кереги жок",-деп жазган _itsshahed_деген колдонуучу.
IMG Models агенттигинин директору Айван Брат (оңдо) Халиманын ийгилигин - көрүнүктүү инсан экенине байланыштуу деп эсептейт
"Хиджаб - менин жеке тандоом"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Хиджаб - мусулман дүйнөсүндө жана андан сырткары деле жөн эле гардеробдун бир элементи катары саналбайт. Айрымдар андан аялдардын укугун чектеген, көз карандылыкты көрсө, кээси андан керексиз көңүл буруудан сактануу жана ички эркиндиктин белгисин көрүшөт.
Айрым өлкөлөрдө аялдар хиджабсыз көчөгө чыга албайт. Анткени катаал жазага кириптер болушу мүмкүн. Ошондуктан сынчылар Халиманы хиджабды пропаганда кылып жатат деп сындап келишет.
Халима дүйнөдөгү жаш мусулман кыздарынын үлгү туткан адамына айланды. Анын айтымында, ага көп ата-энелер кайрылып, (мусулмандар эле эмес христианы да бар) кантип кызын модел кылса болорун сурашат.

Сүрөттүн булагы, Fadil Beridha
"Бир дагы өлкөдө, бир дагы аял өзүнүн каалоосу болбосо хиджаб кийбеши керек. Ошол эле маалда анын эркине каршы мажбурлоо менен хиджабды чечүүгө бир дагы аял жол бербеши керек. Мен хиджабды сулуу корсөткөнү жана өзүмө ишенимди бергени үчүн кийем",-дейт Халима. (AbA)
Сүрөттөр Sports Illustrated журналы тарабынан сунушталды.








