Кыргызстан Сирияга 150 тонна азык-түлүк жеткирди

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандан Сирияга гуманитардык жардам катары 150 тонна тамак-аш жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети маалымат таратты. Ага ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК Тышкы иштер министрлиги менен бирге Түркиянын тийиштүү органдарынын көмөгү менен Сирияга жардам жеткире алган.
Гумжардамдын ичинде ун, күрүч, шекер, суу май жана башка азык-түлүк бар.
Расмий маалыматка ылайык, Сирия тараптын өкүлдөрү президент Ахмед Хусейн аш-Шараанын жана сириялыктардын атынан кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдиришкен. "Силердин колдоо азыр өзгөчө актуалдуу болуп турат, Сирия эли Кыргызстандын бул демилгесин боордоштук колдоо деп түшүнөт", - дешкен.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчулардын чабуулуна туруштук бере албай, бийлигин таштай өлкөдөн качууга аргасыз болгон. 14 жылга созулган согуштан кийин Сириянын далай аймактары талкаланып бүлүнгөн бойдон кала берүүдө.
Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аль-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бардык сириялыктардын, этностук азчылыктардын, аялдардын укук-кызыкчылыктары эске алынган шартта өткөөл өкмөт түзгөнүн жарыялаган.
"Хайат Тахрир аш-Шам" уюму АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган.





