Кыйырга кеткен кыргыз сүтү

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Россия Кыргызстандын сүт азыктарын киргизбей жатканда, кыргыз өкмөтү башка рынокторду табууда. Эң оболу Казакстанга экспорт көлөмү көбөйдү, ошондой эле Өзбекстандын базарын да колго алуу аракети башталды.

Кыргызстандын сүт экспорту жандана баштады

Сүрөттүн булагы, Akchabar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын сүт экспорту жандана баштады

Кыргыз өкмөтү андан ары сүттү Түркмөнстан, Азербайжан жана Арменияга чейин экспорттогонго аракет кылмакчы.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азыркы убакта сүт азыктарынын негизги керектөөчүсү Казакстан болуп жатканын Би-Би-Сиге билдирди:

“Тилекке каршы, соңку жылдарда биз жалгыз эле Россия рыногун карап калганбыз. Балыкка жана сүт экспортуна болгон чектөө бизди бул продукциялардын башка өлкөлөргө экспортун көбөйтүүгө муктаж кылды. Бүгүнкү күнү сүт экспортунун 85% Казакстанга кетип жатат. Азыр Өзбекстанга да активдүү ташууларды баштадык. Мына биз ал жакка 500 тоннадан ашык сүттү экспорттодук”.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан Россияга 685 миң тонна сүт экспорттогон. Бул былтыркыга караганда дээрлик тогуз эсе көп. Россельхознадзор Кыргызстандан сүт ташуунун көлөмү эмнеге кескин өсүп кетти деп шектенип, убактылуу киргизбей токтотуп турат.

Эксперттер Кыргызстандын сүт азыктарынын экспортун көбөйтүүгө жетиштүү потенциалы бар деп жатышат.

“Кыргызстанда 1 миллион 650 миңден ашык ири мүйүз мал бар. Анын 700 миңге жакыны уйлар. Анын ичинен 350-400 миңи саамал уй. Ошондо бизде бир жылда 1 миллион 700 миң тоннадан ашык сүт чыгат”,-дейт мурдагы айыл чарба министри Төрөкул Беков.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айтылган сындар боюнча кыргыз тарап текшерүүлөрдү жүргүзүп, кемчиликтерди жойгонун билдирүүдө. Бирок Россия Кыргызстанда өндүрүлгөн сүткө ашыккан түрү жок.

Буга чейин кыргызстандык агро-өндүрүшчүлөр тезинен чара көрүлбөсө, ички рынокто сүттүн баасы төмөндөп, фермердик чарбаларга күч келе баштарын эскертишкен.

Атбашылык фермер Канат Үметов Россия сүттү албай калганы сүт заводдору аны арзан баада алып жатканын айттты:

“Ооба, дароо эле таасирин берип сүттүн баасы бат эле түшүп кетти да. Мурда сүттүн литри 28-30 сомдон алып атканбыз. Ал эки жумада эле 25 сомго түшүп калды. Сүт заводдору сүттүн сапатын аябай текшерип башташты, справкаларын алып”.

Кыргызстан өзүнүн айыл чарба азыктарынын экспорту боюнча КМШда эле эмес, Кытай, Катар, Монголия сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланды. Бирок тышкы рынокко жол табуу үчүн сертификацияны жасаган заманбап лабораториялар болушу керек, бул жагынан өлкөнүн чамасы чак.

Балык чарбаларындагы кризис

Сүт маселесинин башы чечилбей жатса да, буга чейин чектөөлөргө кабылган Россияга балык экспорту кайра жандана баштады.

“Россия продукцияларын албай койгон алты балык чарба жана бир балыкты кайра иштетүүчү компания текшерүүлөрдөн өттү. Төрт компаниянын кемчиликтери жоюлганы боюнча кат жолдогонбуз, Россельхознадзор алардын экөөсүн онлайн инспекция кылып, уруксатын берди. Бүгүнкү күнгө 348 тоннадан ашык балык Россияга кетти. Бардык балык чарбалары боюнча документтерди жөнөттүк”, -деп кошумчалады Шарапов.

Ушу тапта калган балык чарбаларынын дүңүнөн соодасы солгундай түштү. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги балык чарбаларындагы кемчиликтер жоюулгандыгы тууралуу кат жазган, бирок бул тармактагы чектөөлөр да толук алына элек.

Балык чарбалары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал тапта Кыргызстандагы балык чарбаларында балыктын көлөмү өсүп, кризистик кырдаал жаралып жатканы айтылууда. Мындан улам 3-майда өлкөдөгү балык чарбаларынын ээлери биринчи курултайын да өткөрүшкөн.

“Россия кыргызстандык балыктарды лабараториялык текшерүүлөрдөн өткөзгөндө, алардын айрымдарынан тыюу салынган заттар жана антибиотик чыккан. Андан кийин ал жактан Чүйгө келишип инспекция жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө, экспортко балык ташып жаткандардын балык чарбалары жок экени аныкталып калган. Алар жөн гана ортомчу болуп чыккан. Чектөөлөр ошондон кийин кирди”,- дейт балык чарбанын ээси Болсунбек Казакпаев.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы балык чарбаларынын бассейндеринде балыктар көбөйүп, бул ишкерлерге оорчулук келтирип жатат. Мисалы, экспорт токтогону төрт айга чамалаганда 5-10 тоннага эсептелген бассейндердеги балыктардын саны өсүп, 20 тоннага чейин шыкалып кетип атат.

Кыргыз өкмөтү: "Тойбосс"- адал

Буга чейин Россельхознадзор кыргызстандык "Тойбосс" соода маркасындагы "Адал-Азык" компаниясынын колбасаларынын курамынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалаган эле.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кечээ жакына эле маалымат таратып анда, ветеринардык-санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз колбасаларында чочко эти чыкпаганы айтылат. Кыргыз тарап 57 үлгүнү Бишкек шаарынын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна, Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясына (ФГБУ "Иркутск МВЛ"), Казакстандын "Эркин Талгам" ЖЧК сыноо лабораториясына жана "Нутритестке" текшерүүгө жөнөткөн.

Ошентип, кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгында соңку айларда бир катар олку-солку абал байкалды.

Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов буга чейин аны деп чечмелеген эле:

Аркадий Дубнов

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аркадий Дубнов, саясат талдоочу

“Кыргыз сүтүнүн импортуна чектөө киргизүүнү мен Москва расмий өнөктөшүнө эл көзүнчө какыс-кукус кылуу деп атайт элем. Эсиңерде болсо, Россиянын мурунку башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко ушундай какыс-кукуска жакшы эле. Ал саясий жагдайга карап, мисалы Түркиядан помидор ташып келүүгө чек коюп, анысын помидордон кандайдыр бир исиркек тапканы менен негиздеген. Польшанын алмаларын ташып келүүдө да ушуга окшогон жагдай болгон. Бул Москва ага карата болгон мамилени көз жаздымда калтырбайт деген тактика. Азыр АКШнын санкцияланган товарлардын параллелдик импортун жабуу талабына Кыргызстан баш ийип калабы деп жасалып жаткан ишара” – деген Клооп интернет басылмасына талдоочу Аркадий Дубнов.

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун май айында Кремлге болгон сапарынан кийин бул сыяктуу бир топ маселе чечилет деп күткөндөр арбын.