"Жашоодон үмүт үзгөн жокпуз". Сүлүктүдө шахтадагы урандыда калган төрт киши куткарылды

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, анын ичинде калган төрт кенчи аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Шаардын мэри Болот Абдыжапаров соңку учурда коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканын, кырсыктар азайганын, бирок таптакыр болтурбай коюуга мүмкүн болбой жатканын айтты.
Жоодар (аты өзгөртүлдү) шахтанын алдында калган кенчилердин бири. Он үч жылдан бери көмүр казып иштейт. Мындай учурлар кенчилердин жашоосунда маал-маалы менен болуп турарын, баштарын канжыгага байлап коюп, иштеп келатканын айтат:
"Ал ак кумдуу жер. Жер ачылып, кенге кум агып кирди. Бактыга жараша, ал жерде свет, байланыш, анан бираз аба бар эле. Ошондуктан жашоодон үмүт үзгөн жокпуз. Албетте, коркуу сезими болду. Кудайга жалынып эле отурдук. Бир сааттын ичинде эле жердин үстүнө чыктык. Эми шахтага кирбесек да болбойт. Биз кирбесек, башка бирөө кириши керек. Эл ошону менен жылынат, газ жок. Жумуш оор. Айла жок. Маселен, мен айына кенге он беш жолу кирем, бир киргенде 3000 миң сом жана бир кап көмүр алам. Тиричиликке жетет. Бирок өмүрүбүздү тобокелчиликке салып эле иштеп жатабыз".
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Сүлүктү шаарындагы "Адахан" шахтасы ураганы, ичинде кенчилер калганы тууралуу маалымат 23-ноябрь күнү кечки саат онго чукул түшкөн. Куткаруучу топ ошол замат окуя болгон жерге барган.
"Куткаруу иштерине жалпысынан 13 киши тартылды. Куткаруу иштерин жүргүздүк. Түтүк менен аба жеткирдик, урандыларды тазалап, кенчилерди чыгарып кетүү үчүн жолду ачтык. Натыйжада, түнкү саат он бир чамасында 110 метр тереңдиктен төрт адамды сыртка алып чыктык. Учурда алардын абалы жакшы", – деди Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучусу Ибрагим Болтаев.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Сүлүктүдө кырк көмүр шахтасы бар. Ушул тапта отузу иштеп жатат. Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров Би-Би-Сиге соңку жылдары бийлик коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар чараларды көрүп жатканын билдирди:
"Мурда шахтачылардын көбү мыйзамсыз иштечү. Азыр расмий түрдө катталып, салык төлөп, шахта ээси менен келишим түзүп иштөө зарылдыгын айтып жатабыз. Эгер кырсык катталып, жумушчу шахтанын алдында кала турган болсо, шахта ээси он беш жылдык айлыгын кун катары төлөп берүүгө милдеттүү. Шахтачынын айлыгын орто эсеп менен 30 миң сом болсо, анын беш жылга көбөйтүп койсо болот. Ошентсе да, эл арасында расмий түрдө иштегиси келбегендер да бар. Бирок маселе акыркындык менен жөнгө салынып келе жатат. Азыр кырсык азайды. Шахтанын ээлери жоопкерчиликти сезип, коопсуздук эрежелерин сактай башташты. Болбосо мурда жылына 10-15 киши шахтанын алдында калып, ууланып, каза болуп калар эле".
Быйыл 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын бири урап, 280 метр тереңдикте бир кишини басып алган. Шахтачы куткарылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Буга чейин бул аймакта шахтачылар уранды астында калып, газга ууланып мерт болгон учурлар көп катталып турган.
Сүлүктүдө түтүнү көп чыкпаган сапаттуу көмүр казылып алынары айтылып келет. Аймактын "кара алтынын" коңшулаш Өзбекстандын жана Тажикстанда да чоң суроо-талапка ээ.












