Газа Израилдин соккусунан суу үчүн кезекте турган балдар каза болгонун билдирди. Израил катасын мойнуна алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Газанын өзгөчө кырдаал кызматкерлеринин маалыматына ылайык, жекшемби күнү сектордун борборунда жасалган Израилдин аба соккусунан он адам каза болду, алардын арасында суу үчүн кезекте турган алты бала бар.
Алардын сөөгү Нусейраттагы Аль-Авда ооруканасына жеткирилген. Оорукананын дарыгери билдиргендей, жарадар болгон он алты адам, анын ичинде жети бала дагы ооруканага жаткырылды.
Израилдин аскер күчтөрү бул сокку "Ислам жихады" тобунун "террорчулары" деп атаган адамдарга каршы багытталганын, бирок сокку учурунда "техникалык жаңылыштык" кеткенин билдирди.
Ок-дарылар бутадан ондогон метр алыста жарылганы айтылат. ЦАХАЛ бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.
Ошондой эле Израил армиясы чабуул учурунда "аймакта болгон курмандыктар тууралуу кабардар экенин" кошумчалап, карапайым жарандардын арасында жоготуулар болбошу үчүн мүмкүн болушунча аракет көрүлөрүн жана "бейкүнөө адамдарга келтирилген зыян үчүн өкүнүп турганын" айтты.
Чабуул тууралуу эмне белгилүү жана Газада дагы эмне болуп жатат?
Күбөлөрдүн айтымында, пилотсуз учак аль-Нусейрат качкындар лагериндеги суу толтурулган цистернанын жанында бош канистрлер менен турган элге ракеталык сокку урган.
Соккудан кийин тартылган видеолордо канжалаган балдар менен каза болгондорду көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар окуя болгон жерге жетип барып, жаракат алгандарды ооруканага унаалар жана эшек арабалар менен жеткирген.
Газанын жарандык коргонуу агенттигинин өкүлү билдиргендей, жекшемби күнү анклавдын борбору менен Газа шаарындагы турак үйлөргө жасалган үч соккудан дагы 19 палестиндик мерт болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эл аралык Кызыл чырым комитети ишемби күнү Рафах шаарындагы алардын талаа ооруканасына "ок атуудан жаракат алган" 132 адам жеткирилип, алардын ичинен 31и каза болгонун билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, бейтаптардын басымдуу бөлүгүнө ок тийген жана арасында сүйлөөгө жөндөмдүүлөрү окуя жарандар тамак-аш тараткан пункттарга жетүүгө аракет кылып жаткан учурда болгонун айткан.
Кызыл чырымдын эсебинде, 27-майда жаңы тамак-аш таратуу пункттары ачылгандан бери аталган ооруканада 3400дөн ашуун жарадар дарыланып, 250дөн ашуун адам өлүмү катталган. Бул өткөн бир жыл ичинде жабыркагандардан да көп.
"Бул масштабдуу жоготуулар, алардын тез-тез кайталанышы Газанын карапайым эли кандай үрөй учурган шарттарда жашап жатканын айгинелеп турат",- деп белгиледи уюм.
Ишемби күнү Газанын түштүгүндө жайгашкан "Насер" ооруканасы 24 адам гуманитардык жардам таратып жаткан пункттун жанында атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, эл тамак-аш алууга аракет кылып жаткан учурда Израилдин аскерлери ок чыгарган.
Израилдин коргонуу армиясы бул аймакта аткылоодон жаракат алгандар тууралуу аларда маалымат жок экенин билдирди. Мындан тышкары, Израил аскер жетекчилеринин бири алар элди таратуу үчүн эскертүү иретинде ок чыгарышканын, анткени алар чогулган адамдарды коркунуч жаратат деп эсептешкенин айтты.
Жардам таратылган жерлердеги курмандыктар
Жума күнү БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы гуманитардык жардамга байланыштуу каза болгон жалпы 789 адам катталганын билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, 615 адамдын өлүмү 27-майда АКШ менен Израилдин колдоосу аркылуу ачылган жана америкалык жеке күзөт компаниялары тарабынан Газанын түштүк жана борбордук бөлүгүндөгү аскердик аймактарда башкарылып жаткан Гуманитардык фонддун (GHF) объектилеринин жанында болгон.
Дагы 183 адамдын өлүмү БУУ жана башка гуманитардык уюмдардын кербендеринин айланасында катталган.
Израилдин аскер жетекчилиги карапайым тургундар жабыркаган учурлары болуп жатканын моюнга алып, ЦАХАЛ буларды болтурбоо үчүн "калк менен (израилдик) күчтөрдүн ортосундагы чыңалууну мүмкүн болушунча азайтууга аракет кылып жатканын" билдирди.
GHF (Газанын Гуманитардык Фонду) БУУну Хамас көзөмөлдөгөн, Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан "жалган" статистиканы колдонуп жатат деп айыптады.
GHFтин жетекчиси Жонни Мур буга чейин Би-Би-Сиге гуманитардык жардам пункттарынын жанында адамдардын каза болуп жатканын четке какпай турганын айткан. "Бирок курмандыктар 100 пайыз GHF пункттарына жакын жерде болуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт",- деген ал.
Израил эл аралык маалымат агенттиктерин, анын ичинде Би-Би-Сини дагы Газага киргизбейт.
Израил 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС тарабынан жасалган чабуулга жооп катары Газада аскердик операцияны баштаган. Ал чабуулдун кесепетинен болжол менен 1200 адам курман болуп, дагы 251 киши барымтага алынган.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ошол учурдан бери Газада кеминде 57 882 адам каза болду.
Газанын калкынын басымдуу бөлүгү үйлөрүн бир нече ирет таштап кетүүгө мажбур болгон.
Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, анклавдагы үйлөрдүн 90 пайыздан ашыгы талкаланып же катуу зыян тарткан. Саламаттык сактоо, таза суу менен камсыздоо, канализация жана гигиена системалары кыйраган. Калк тамак-ашка, күйүүчү майга, дары-дармекке жана турак-жайгамуктаж.
Ушул аптада Израил 130 күндөн бери биринчи жолу Газанын аймагына 75 миң литр күйүүчү май алып кирүүгө уруксат берди. Бирок БУУнун баамында, бул көлөм калктын күнүмдүк муктаждыгын камсыздап, гуманитардык жардам көрсөтүүгө жетишсиз.
Ишемби күнү БУУнун тогуз агенттиги Газада күйүүчү майдын тартыштыгы "эң төмөнкү чекке" жеткенин эскерткен. Эгер май түгөнсө, бул оорукана ишине, санитардык системаларга, ошондой эле нан бышыруучу жайларга түздөн-түз таасир этет.
"Ооруканаларда жарык жок, төрөт жана жандандыруу бөлүмдөрү иштебей калды, тез жардам унаалары жүрөбөй калды",- деп билдирди БУУ.












