Эмне үчүн Украинада көптөгөн үй-бүлө бузулуп жатат? Себеби согушпу?

ажырашуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Светлана Дорош, Виталий Червоненко Би-Би-Си Украина кызматы

Украинада 2024-жылы ажырашкан түгөйлөрдүн саны никеге турган үй-бүлөлөр менен дээрлик бирдей болгон. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы 150,2 миң түгөй никеге турса, ажырашкандардын саны 141,8 миңге жеткен.

Бул Украина үчүн көп жылдан берки антирекорд. Бул катыштын теңелип калышына согуш жана тынымсыз стресс кесепетин тийгизип жатат. Мындан улам жубай болуу, өмүрлүк жолдош кылуу кыйын болуп калды дейт социологдор.

Бирок согуштун алгачкы эки жылында абал мындан башкача эле.

Ажырашуулардын жалпы статистикасы расмий түрдө жарыяланган эмес. Юстиция министрлиги жарандык абалдын актыларын каттоо мамлекеттик кызматынан (ГРАГС) алынган маалыматтарды гана берет.

Дал ушул мекеменин маалыматына таянып, көптөгөн украиналык маалымат каражаты өткөн жылы өлкөдө ар бир бешинчи нике бузулган деген кабар тараткан.

Бирок Юстиция министрлигинин маалыматы ажырашуулардын жалпы санынын үчтөн бирин гана түзөт, себеби көп учурда нике соттун чечими менен жокко чыгарылат. Демек, чыныгы картина таптакыр башкача.

таблица

Нике арифметикасы

Украинада никени бузуунун эки жолу бар. Биринчиси, ГРАГС аркылуу жокко чыгарса болот. Эгерде жубайлардын экөө тең ажырашууга макул болсо, алардын жашы жете элек балдары жок болсо, ажырашууга уруксат берилет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эгерде үй-бүлөнүн он сегиз жашка толо элек балдары болсо же жубайлардын бири ажырашууну каалабаса, анда сотко кайрылышат.

Ата-энеси ажырашкандан кийин баланы тарбиялоо жана багуу жөнүндө келишим сөзсүз түрдө түзүлөт. Ансыз сот ажырашуу жөнүндөгү арызды карабайт.

Күйөөсү менен аялы балдар тууралуу бир бүтүмгө келе албаса, мүлк же башка жагдайлар боюнча талаш токтобосо, мындай сот иштери бир нече жылга созулушу мүмкүн.

Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Би-Би-Си Украин кызматы менен болгон маегинде 2010-жылдан бери ГРАГС мекемеси аркылуу гана катталган ажырашуулардын статистикасы гана бар экенин түшүндүрдү. Алардын айтымында, ажырашуулардын бирдиктүү маалымат базасы жок жана бул чоң маселе бойдон калууда.

Сот аркылуу ажырашкандардын санын Сот чечимдеринин бирдиктүү реестри саналган Opendatabot ачык системасы аркылуу эсептесе болот, бирок бул толук маалымат берерине кепилдик жок.

Мисалы Юстиция министрлиги 2024-жылы украиндер 2023-жылга караганда 19 пайызга көбүрөөк никеге турушканын, ал эми жарандык абалдын актыларын каттоо кызматы 150 миңден ашык никени каттаганын билдирди. Ал эми ажырашкандардын саны 42 пайызга көбөйүп, 34 миңден ашты.

Бул 34 миңге сот аркылуу ажырашкан 107,5 миң үй-бүлөнү кошуу керек. Бул цифраны Би-Би-Си Украин кызматына Мамлекеттик сот администрациясы билдирди.

Ошондо 2024-жылы ажырашкандардын жалпы саны 141 миңден ашты.

Ошондой эле Юстиция министрлиги түшүндүргөндөй, украиндердин белгилүү бир бөлүгү чет өлкөдө ажырашып кетишет жана өз өлкөсүндө мындай ажырашуулар документтештирилбейт.

Украинада жубайлардын басымдуу бөлүгү сот аркылуу ажырашат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада жубайлардын басымдуу бөлүгү сот аркылуу ажырашат

Чыныгы сандар

Украинанын сот тутумунун басма сөз борбору акыркы беш жылда сот аркылуу ажырашкандардын көрсөткүчүн Би-Би-Сиге берди.

Анда айтылгандай, бул беш жыл аралыгында эң аз ажырашуу Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинин биринчи жылында (2022-жылы) болгон. Ошол эле жылы никеге тургандар саны да көп болгон.

2022-жылы 222,9 миң нике катталган жана 91 миң ажырашуу болгон.

Психологдор мындай көрсөткүчтөрдү өлкөдөгү согуш менен түшүндүрүп жатат. Жубайлар никеден коргоону жана ишенимди издеп, алдыда аларды күтүп жаткан белгисиз жагдайда да бирге болууну максат кылышкан.

Бирок согуштун экинчи жана үчүнчү жылында абал өзгөрө баштады, сот аркылуу да, каттоо кызматы аркылуу да ажырашкандардын саны өстү.

Буга көп себеп болушу мүмкүн: үй-бүлөдөгү көйгөй, зордук-зомбулук, жаман адаттар же көз карандылык, ата-эненин кийлигишүүсү, жубайлардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктардын жоктугу жана башка.

Бирок согуш учурунда стресстин кесепеттери биринчи планга чыкты.

"Эл чыдай албайт. Стресс болгондо ачуубуз келип, бир нерсе кылып жиберебиз. Ачуубузду кимден чыгарабыз? Албетте бизге жакын жүргөн жакын адамыбыздан чыгарабыз. Согуштан улам көчүүгө мажбур болгондогу стресстин деңгээли жакын адамдын өлүмүнөн да оор. Өлкөдөгү миллиондогон адамдын башка журтта качкын болуп жүрүшү, алардын оор тагдыры түгөйлөрдүн ажырашуусуна алып келиши толук мүмкүн. Бул статистикага сөзсүз түрдө таасир этет", - дейт Би-Би-Сиге психолог Тина Берадзе.

Украинада эгемендиктин алгачкы убагында — 1991-1994-жылдары ажырашуулардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Анда жыл сайын 200 миңден ашык үй-бүлө эки башка жолго түшкөн. Бул жылдар дагы көптөгөн украин үчүн стресс мезгили болгон, анда кишилер экономикалык кризиске батып, эптеп нан таап, күн көрүшчү. Азыр болсо абал такыр башка.

Ангелина Корбанын графикасы