Тажик жихадчыларынын Иранга кастыгы
Уран Ботобеков, диний радикализмди изилдөөчү, АКШ

Сүрөттүн булагы, thediplomat.com
Газадагы согуш шиит-суннит агымдардын ортосундагы аёсуз күрөштүн жаңы барагын ачты.
Газанын Борбор Азиядан алыстыгына карабастан, Израил-Хамас согушу аймактагы диний жана коопсуздук кырдаалына өз таасирин тийгизди. Сириядагы жана Ооганстандагы "Ал-Каида" менен байланышы бар борборазиялык суннит экстремисттик топтор палестиналык мусулмандарды колдогон идеологиялык күчтүү билдирүүлөрү менен чектелсе, "Ислам мамлекетинин Хорасан провинциясынын" (ИМХП) тажик согушкерлери Байт-аль-Макдисти (Иерусалим) жана аль-Акса мечитин бошотуу урааны астында Керманда (Иран) террорист-жанкечтинин мыкаачылык менен эсти оодарган кол салуусун уюштурушту.
"Ислам мамлекетинин" дүйнөлүк чакырыгы
Израил-ХАМАС согушунун Борбордук Азиядагы салафи-жихаддык топтордун ичиндеги шииттерге жана Иранга каршы душмандык маанайдын күчөшүнө тийгизген таасири тууралуу жакында The Diplomat журналындагы анализиме таянуу менен, ИМХПнын тажик канаты дагы бир жолу өзүнүн ырайымсыздыгы менен өзгөчөлөнгөнүн белгилей кетсек.
2024-жылдын 4-январында борбордук "Ислам мамлекетинин" маалымат каражаты – "Аль-Фуркан" агенттиги жихадчылардын өкүлү Абу Худхайфа аль-Ансаринин аудио билдирүүсүн жарыялады. 35 мүнөттүк билдирүүсүндө ал "ИМ" мүчөлөрүн жана тарапкерлерин “жөөттөр менен алардын Америкадагы, Европадагы кресттүү союздаштарына” жана рафиддерге (баш тарткандар - суннит жихадчылары палестиналык мусулмандарга боор тартып, шиитттерге карата колдонгон кемсинткен термин) каршы чабуулдарды жасоого үндөгөн жаңы глобалдык өнөктүктү жарыялады.
Аль-Ансари өз кайрылуусунда Израил-Хамас чатагына кеңири токтолуп, "ИМ" согушкерлерин Иранга жана анын Газа кризисине катышып жаткан шиит марионеттик согушчан топторуна каршы секталык кастыкты күчөтүүгө үндөдү. Белгилей кетсек, "ИМ" өкүлү башка палестин топтору менен бирге "Хамасты" да Ирандагы шиит режими менен альянс түзгөнү үчүн сындап, аны сунна принциптеринен чегинүү катары айыптады.
"ИМ" өкүлү ошондой эле Ливандын "Хезболласын" жана Йемендеги шиит исламчыл аскерий уюму "Ансарулланы" (хуситтер деп да аташат) айыптап, аларды Тегерандын мүдөөсүн көздөп, Ирандын атынан согушка катышууда деп айыптады.
Сөзүнүн аягында аль-Ансари сунни мусулмандарын шиит душмандарынын тымызын пландарына туруктуулук менен каршы турууга үндөдү. Соңку үч айда жихадчы Газа жаңжалына көбүрөөк көңүл буруп, "ИМ" мүчөлөрүн Иранга каршы ачык тукуруп, аларды кол салууларды жасоого үндөдү жана ошол эле учурда шииттер тарабынан сүннилерге каршы жасалган тарыхый кылмыштарын белгилеп өттү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал АКШдагы жана Европадагы "ИМ" колдоочуларын жөөттөр менен христиандарга каршы жалгыз карышкырдын чабуулдарын жасоого, Газадагы мусулмандарды колдоо үчүн чиркөөлөрдү жана синагогаларды бутага алууга үндөдү.
Ошентип, Газа согушу тартуулаган ыңгайлуу учурдан пайдаланып, "ИМ" жаңы глобалдык кампаниясын баштады. Максаты үч душманга: иудейлер, христиандар жана шииттерге бир таш менен сокку уруу. Чынында эле, аль-Ансаринин сөзүндө эмоционалдуу жана өтө чагымчыл идеологиялык аргументтер жана Иранга каршы диний дооматтар болду.
ИМХПнын тажик канаты “Ислам мамлекети” тобунун бул чакырыгына биринчилерден болуп жооп берди. 3-январда Ирандын Керман шаарынын чок ортосунда 2020-жылы АКШнын дрон учагынын соккусунан каза болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-лейтенанты Касем Сулейманини эскерүү аземинде ИМХПнын эки тажик мүчөсү жанкечтилик кол салууну ишке ашырды.
Жүзгө жакын адам өлүп, 300дөн ашууну жарадар болгон 4-январдагы жанкечтилик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "ИМ" өзүнө алган. Билдирүү Amaq News агенттиги аркылуу жасалды, анда аты аталбаган эки согушкер операция алдында "ИМ" халифи шейх Абу Хафс аль-Хашими ал-Курашиге ант бергени тартылган видео жарыяланган эле.
Кийинчерээк Ирандын чалгын министрлиги пландалган жардыруулардын артында негизги шектүү адам катары Абдолла Тажики каймана аты менен белгилүү болгон тажик жараны турганын ачыктады. Министрликтин айтымында, ал декабрь айынын ортосунда түштүк-чыгыш чек арасын кесип өтүп, Иранга кирип, кол салуудан эки күн мурун өлкөдөн чыгып кеткен. 13-январда ИМХПнын өзбек тилиндеги “Хуросон Овози” медиа борбору эки тажик жанкечтисинин аты-жөнүн ачыктап, алар Умар аль-Муваххид менен Сайфулла аль-Мужахиддин экенин билдирди.
Газадагы согуш "Палестинанын күчтүү коргоочулары" деп аталуу үчүн шиит-сунниттик секталардын каардуу күрөшүндө болуп көрбөгөндөй жаңы баракты ачты. Бир тарапта – сунниттик жихад кыймылы, анын ичинде “аль-Каида”, “Ислам мамлекети” жана алардын Борбор Азиядагы филиалдары; экинчи жакта – өзүнүн прокси шиит согушчан топтору бар Иран. Ливандагы Иран колдогон "Хезболладан", Йемендеги хуситтерден жана Ирактагы исламдык каршылыктан айырмаланып, суннит салафи-жихаддык уюмдар Газадагы кагылышуунун траекториясын активдүү түрдө түзө алышпайт. Алар Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ)) жана АКШ жетектеген Кызыл деңиз коалициясы менен бетме-бет кармашуудан качат.
Глобалдык суннит жихадчы топтору 35 жылдан ашуун убакыттан бери Израилдин оккупациясына каршы каршылык көрсөтүү согушун жүргүзүп келген палестиналык суннилердин таасирдүү саясий жана аскерий уюму ХАМАС менен эч кандай союздук мамиле түзбөйт. Тескерисинче, ХАМАС менен аль-Каиданын ортосундагы мамилелер ХАМАСтын глобалдык жихад принциптерин жана Газага багытталган чектелген улутчул идеологиясын кабыл алууну каалабагандыгынан улам курчуп отурат. “Ислам мамлекети” ХАМАСты шиит уюмдары, өзгөчө Иран жана "Хезболла" менен кызматташтыгы үчүн четке кагып, аны “шииттердин куурчагы” деп атады.
"ИМ" глобалдык жихадга эмес, Палестина мамлекетин курууга багытталган ХАМАСтын тар улутчул идеологиясын четке кагат. ИМдин пикиринде, Газадагы согуш — бул кресттүү-жөөт союздаштарына каршы диний ыйык согуш, анын натыйжасында азыркы "ИМ" халиф Абу Хафса аль-Хашими аль-Курашинин жетекчилиги астында шариат башкаруусуна негизделген глобалдык халифат түзүлүшү керек.
«Хурасандын үнү» журналынын 31-санындагы «Жөөттөр менен күрөшүү үчүн практикалык кадамдар» аттуу редакциялык макаласында ИМХП ХАМАСтын «улутчул платформасын» Иран жетектеген кеңири «Каршылык көрсөтүү күчтөрүнө» кошулганы үчүн айыптады, аны бутпарас рафиддер ислам мамлекетинин глобалдык халифат түзүү планына каршы шииттердин экспансионисттик долбоору катары колдонуп жатат деп болжолдонууда. Шиилердин экспансионисттик долбоору жана Ислам мамлекетинин глобалдык халифат түзүү планына каршы багытталган. Ошентип, Ислам үммөтүнүн үчүнчү эң маанилүү ыйык жайы болгон Аль-Акса мечитинин туруктуу коргоочулары катары таанылуу аракети исламчыл экстремисттик кыймылдар арасындагы суннит-шиит секталык тирешүүсүн дагы бир жолу күчөттү.
Кермандагы жанкечтилик кол салуу Тажикстандын ИМХП согушкерлеринин бул ырайымсыз секталык тирешүүдөгү жогорку уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, Ирандын жана Ооганстандын ичинде татаал операцияларды аткаруудагы чеберчилигин тастыктады. Газадагы согуш аларга Борбор Азиядагы постсоветтик республикалардан жана Ооганстандагы өзбек жана тажик этникалык топторунан “Ислам мамлекетине” мүчөлөрдү тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Жалпы этникалык, маданий жана фарс тилдүү жалпылыктарды пайдаланып, Борбор Азиядагы сунни тажик ИМХП согушкерлери Ирандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, жергиликтүү ирандык жамааттарга аралашып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган жалгыз жанкечтинин эсти оодарган чабуулдарын уюштурууда.
Газадагы кагылышууга түздөн-түз катыша албаган ИМХПнын тажик канаты Ирандагы шииттер менен күрөшүүдө сектантчылыкка артыкчылык берүүдө. Иранга каршы ийгиликтүү жанкечтилик чабуулдан кийин, ИМХПны колдогон тажик жана өзбек телеграм каналдары өздөрүн жалгыз «америкалык-сионисттик душмандар» менен гана эмес, рафиддер менен күрөшкөн «Алланын чыныгы жоокерлери» катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Чындыгында, ИМХПнын "Аль-Азаим" медиа өндүрүш фонду жана анын тажик жана өзбек тилдериндеги “Хурасандын үнү” радиосу Иранга жана анын прокси топторуна каршы багытталган өзүнүн жихаддык программасынын алкагында кеңири таралган симпатияга ээ болду.
Иранга карата туруктуу коркунуч
2021-жылдын августунда АКШ күчтөрү чыгарылып, талиптер кайра жандангандан кийин, ИМХПнын тажик канаты өзүнүн тышкы операцияларын, өзгөчө шиит жамааттарын бутага алуу менен стратегиялык жактан кеңейтти. Буга чейин тажик ИМХП согушкерлери Иранда эки теракт жасаган.
2023-жылдын августунда Тажикстандан келген Рахматулла Наврузов деген ИМХП мүчөсү Шираз шаарындагы Шах Чераг храмына кол салып, эки кишини өлтүрүп, жети кишини жарадар кылган. 2022-жылдын октябрынын аягында тажикстандык Собхан Камруни аттуу тажикстандык ИМХП согушкери ошол эле храмда ок чыгарып, натыйжада кеминде 15 киши каза болуп, 30дан ашууну жараат алган.
Тажик ИМХП террористтери ар бир жолу кылдаттык менен шиит мусулмандары үчүн диний маанидеги буталарды тандап алышкан. Ирандагы үч кол салуудан көрүнүп тургандай, Борбор Азиядагы ИМХП кызматкерлери бул тышкы чабуулдарды дыкаттык менен пландап, ишке ашырып, Ирандын укук коргоо органдарынан оңой качып кутулушкан.
Жакындагы эле Сулейманини эскерүү аземинде болгон Кермандагы кол салуу Иран режимине жана анын IRGC менен сыймыктанганына олуттуу сокку урду. Бул ошондой эле Пакистан менен Ирандын ортосундагы чыр-чатактын кескин курчушуна алып келди. Ачууланган Иран Пакистандын Белужистан аймагына ракеталык чабуулдарды жасаганда, бул Пакистанды жооп иретинде ракеталык сокку урууга түрттү. Иран режими мурункудай эле бул чабуул үчүн Израил менен АКШны негизсиз айыптады.
Албетте, Иранга карата бир катар резонанстуу чабуулдарынан кийин ИМХПнын тажик жана өзбек канаттары жихадчылык ландшафттын алкагында аймактагы өз таасирин кеңейтти окшойт. ИМХПнын көп тилдүү "Аль-Азаим" медиа өндүрүш фонду өзүнүн үгүт иштерин күчөттү, айрыкча постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндө алар зордук-зомбулук жана террордук аракеттерин жайылтууну көздөп жатышат. Жакында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жардыруу жасап, Жаңы жыл түнү чиркөөгө куралдуу кол салууну пландаган ИМХПнын эки мүчөсүн кармады.
Жакынкы Чыгыштагы шиит террордук топтору бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна чоң коркунуч жаратышы ыктымал, бул болсо секталар аралык кагылышуулардын күчөшүнө алып келиши мүмкүн.












