Мейкиндиктеги ордубуз, мезгилдеги аракет өзүбүздөн

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Жапаров Кытайда расмий сапарда

Сүрөттүн булагы, President.kg

Президент Садыр Жапаров 18-20 майда Кытайга мамлекеттик визит жасай турган болду. Кытайдагы эки күндүк сапар оор. Саякаттап барганы жок. Арбын милдет, татаал сыноо жүктөлүп турат. Дипломатиялык тил менен сыйпалатпай, ачык айтканда, ортодогу маcелелер жеңил эмес. Эптеп кутулаарбыз деп ала берип, улам өсүп, Кытайдын экспорт-импорт банкына 1 млрд 794,12 миллион $ карызыбыз бар (Караңыз: На сегодня внешний долг Кыргызстана перед Экспортно-импортным банком Китая составляет $1 млрд 794 млн, что эквивалентно 147.3 млрд сомов. Об этом сообщила пресс-служба Минфина. В этом году Минфин планирует выплатить кредитору $112 млн. По прогнозным данным увеличение обслуживания государственного внешнего долга перед Эксимбанком Китая начнется с 2025 года и достигнет своего пика в 2027 году с последующим его уменьшением” https://economist.kg/novosti/2022/06/30/vneshnij-dolg-kyrgyzstana-pered-kitaem-blizok-k-1-8-mlrd/.) Карыз маселеси ичте-тышта да талылуу маселе, айрыкча бизде саясий жалаасы көп кеп, ошондуктан эртең түшүндүрмө берип жүрбөйлү деп үзүктөй цитатаны толук келтирдик.

Аласа-бересе маселеси козголбой койбойт, андыктан МинКаб башчысы А. Жапаров былтыр Жогорку Кеңеште айткандай айрым социалдык-экономикалык объектилерди берип кутулабызбы (“ТЭЦ Бишкека, ЛЭП Датка — Кемин и строящейся альтернативной автодороге север—юг могут перейти под управление КНР, если страна не выплатит долг Китаю”. Караңыз: https://ru.sputnik.kg/20220629/kyrgyzstan-kitay-dolg-vyplata-zhaparov-1065661953.html) же башка вариант табабызбы, биздин президенттин сапарында изги натыйжаларга жетишип, мунасага келмегибиз абзел. Антпесе моюнда тура берип, өбөктөтө жерге тартып, колу-бутубузду байлайт. Бул визиттин мамлекеттик деген статусу колго оңой тийбегени турулуу иш. Дипломаттарыбыз жана сайкүлүк экономисттерибиз көп ишти жасаса керек. Болбосо, Кытай баардык учурда мамлекеттик сапарга макул боло бербейт. Ансыз деле биздин мамлекет башчысын эки жыл маалкатып келди. Анча бийик даражадагы сапар менен баратканы, анча даярданган соң, биздин президент С.Н. Жапаров биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш сунуштар менен баратат деп ниет кылалы.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмү маалымдагандай, Кыргыз президенти Си Цзиньпин менен жолугуп, “эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн актуал маселелерин талкууламакчы”. “Тереңдетүү” аныктамасы мааниге ээ, эгер өз ара дооматтар менен чектелсек, анда актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу деген жөндөмө айтылмак дипломаттардын маалыматында. Кытай тарап да чоң маани бергени көрүнүп турат.

Геосаясий кырдаалдын сыноосу

Вагнер солдаты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын мамлекет башчысы эл аралык мамилелерде баары чаташкан кезде баратат. Орус-украин кармашы, Батыш менен Кытайдын тиреши апогейине жеткен учурунда баратат. Эл аралык чырлуу маселелер арбыды, позициялар такталууга тийиш, ким ким тарапта деген суроолор кыйытма-жанытма, тике, бет маңдай да берилиши мүмкүн.

“Өзүңөр эсептешип, чечип алгыла, Биздин позиция менен ааламдын тагдыры чечилсе, анда ошентип жар салгыла, биздин аймактагы жана ааламдагы чечүүчү ролду мыйзамдаштыргыла. Ошондо оюбузду айтабыз, андай эмес десеңер, бизди ким тараптасың деп кур бекер кыйнабагыла, оокатыбызды тынч кылалы” деген жооп биздин дипломаттардын камылга капчыгында болуш керек, балким.

Жок, “аймактагы окуяларды бекер карап турбайбыз, биздин ой, сунушубуз мындай” деген батыл, өктөм позициябыз болсо, анда кудай жалгасын, жигердүү жолго түшүүгө кадам шилтегенибиз ошо. Геосаясаттагы ири өзгөрүүлөр чындыгында мамлекеттерге сыноо жаратты жана ар бирине ар кандай, ири алдыда саясий-дипломатиялык шанс берди. Кеп кимиси ошол мүмкүнчүлүктү кандай пайдалануусунда жатат.

Айрымдар, маселен кандаш бир тууганыбыз Түркия мыкты пайдаланууда. Башка көпчүлүгү не сунуш бербей, не суроого жооп бере албай мукактанууда. Мамлекеттин масштабына карабаган учурлар болот. Орус-украин жаңжалына байланыштуу масштабдуу окуялар өлкөнүн ролу, дипломатиялык салмагы анын аянты, калкынын саны, согуштук потенциалынан кыйла чоң болуусу мүмкүн, дал ушул кырдаал ошондой учурлардын бири, атаганат.

Кармашып жаткан Кытай, АКШ, Орусия, Европа, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын үлкөн дөөлөттөрү үчүн кыйылган жанга тете, агылган канга тете маселелери дайыма күн тартибинде. Кыргызстандын позициясы анык. Бирок бейтарап, эч жаңылык жок, кимдир бирөөгө пайда-зыяны аз. Бул бир эсе жакшы. Бирок дайыма жана баардык маселеде бейтарап болуу эң кыйын. Бара-бара эч ким да эсептешпей баштайт, өз пикири жок, оозунда кеби жок жөнсөөк, айдама катары мамилеге өтөт.

Кытай эң пайдалуу өнөктөш

Кытай-Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, President.kg

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биздин президенттин мамлекеттик визитинде дагы бир чоң эзелки маселе талкууланышы ыктымал. Бул Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу. Жер, ээлик кылуу, башкаруу, актив, логистикалык өзөмөл, технологиялык жагдайлар – мунун баары оор, бирок чечүүгө боло турган маселелер. Бир тарап жалгыз чече албайт, анткени ошол эле стратегиялык союздашпыз деген Орусия же башкасы тышта бейкапар карап турбайт. Эгер үчөө мунасага келмейин, улам кылчактаган сайын тышкы оюнчулардын тике жана кыйыр кийлигишмеги турулуу иш. Даайбы же жокпу, аны мезгил көрсөтөт.

Президент С. Жапаров ушул сапардын алкагында ”Кытай-Борбордук Азия” саммитине катышат. Борбордук Азия- АКШ, Орусия, Европа шериктештиги, Индия, Жапония ж.б. субъекттер менен ушундай формат эмнени билдирет. Албетте, диалог аянтчасы, функционалы аз, милдеттенмелери жокко эсе мамиле аянты. Борбор Азия мамлекеттери ар бири өзүнчө эмес, бир бүтүн геосаясий бирдик катары эсептелгенин туюнтат. Борбор Азия мамлекеттери ошол эле Орусия менен Америка кармашында кай тарапта экенин чече албай кыжаалат. Кытай менен Американын атаандаштыгы да колду байлап турат. Бирок Орусия да, Америка менен Европа да аймак менен экономикалык кызматташтыкта Кытайга али теңеле элек.

Кытайдын коммерция министри Ван Вэн-Таонун айтымында Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода алакасы ургаалдуу өсүүдө. 2022-жылы өткөн жылга караганда 22% көбөйүп, 70,2 миллиард долларды түзүптүр. Бирок ошол өсүш Кытай тараптын импорту экенин эске алууга тийишпиз. Кытайдын регионго суммардык тике инвестициясы 15 миллиарддан ашты. Негизинен кен байлыктар, нефть жана газ иштетүү, санарип технологиялар.

Биздин эбегейсиз мухит сымал коңшубуз Кытай менен дүйнөдөгү таасирин улам арттыргысы келген, эң кубаттуу мамлекет бойдон калууга дымагы күч Американын тиреши күчөп, жаңы кайрыктар пайда болууда. Вашингтон Кытайды терс фактор деп атап, “Америка жана дүйнө үчүн коркунуч” экенин соңку убакта баса белгилеп келет. Андан тышкары, Кытай дегеле каалабаган Гонконг, Тибет, Шинжан сыяктуу талылуу маселелерди козгоодон АКШ жакында баш тарта турган эмес.

"Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун Америка өз кызыкчылыктарын коргоого тийиш жана ага кудурети жетет. Адам укугу жана демократия улуттук кызыкчылыктардын анабашы. Америка өкмөтү улуттук кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү, ал үчүн Америка баарына даяр". АКШнын ар бир президенти ушул тезисти жар салып, беш-он жыл сайын кабыл алынуучу улуттук коопсуздуктун стратегиясында бадырайтып жазып келишет. Жазып тим калбайт. Америка айтылган жана жазылган нерселерди жерде калтырбаган, өзүнө келгенде эзелки бир убадасынан кайтпаган, сөзүнөн танбаган мамлекет. Башкалардын сөзүн, качанкы бир убадасын эгерим унутпаган, ылайыгы келсе, кызыкчылыктарына жарашса алмустактан берки нерселерди козгоп, башкаларды ынандырууга жөндөмдүү өлкө.

Европа Орусиянын газы жок калды десек, кышында үшүп, кор болгону жок, аны былтыр көрдүк. АКШ Тайванды колдон чыгаргысы келбейт, а кокус Бээжин кол салса канттик деп алдыңкы технологияларды иштеткен, компьютер чиптерин жасоочу ишканаларды туш-тушка, көбүнчө Америкага эвакуациялай баштады. Аризонода эле микросхемалар жайгашкан 20 миң нанометр тактаны даярдоочу 12 млрд долларлык ишкана курулуп жатат. Түшктүк Чыгыш Азиядагы ишканаларга удаа куну 50 млрд долларлык жарым өткөргүчтөр ишканаарын куруу боюнча мыйзам кабыл алынды. АКШда мыйзам кагазда калбайт. Intel, Түштүк кореялык Samsung жана башка ири технологиялык гиганттар АКШга же ага союздаш өлкөлөргө көчө баштады. Ал эми аталган чиптер, микросхемалар, так тетиктерсиз Кытайдын экономикалык кубаттуулугун камсыздаган технологияларды элестетүү кыйын.

Биздин Кытай, АКШ менен мамилебиз ушундай шартта өнүүгүүгө тийиш. Орус-Батыш кармашы, санкциялар, конфликттер, геосаясий таймаштар биздин эрктен тышкары процесстер. Бирок биздин кызыкчылыктарга ылайык жолдор да жетиштүү. Эң негизгиси, дайыма ийкем жана айрым учурда ыкчам дипломатия керек. Сыйыртмакка баш салбай, “Колобок” жомогунун накылын эске алып, жоопкерчиликтүү мамиле кылганыбыз оң.

Эгер тилин билсек, дилин тапсак – Кытай эң пайдалуу өнөктөш. "Же тигил, же бул” деген кескин дилемма бизге жарашпайт. Батышы да, Чыгышы да биздин тандоо, биздин кызыкчылыктар мейкиндиги деген саясат балким туура. Мейкиндиктеги ордубуз жана мезгилдеги аракет бизге жараша.