“Кызымдын күнөөсү жок”: Он бир журналисттин сотуна баргандардын баасы

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сот өкүмдү угузуп жатканда баргандардын көбү тышта калды

Кыргызстандагы он бир журналисттин иши боюнча сот өкүмү ал жакка чогулгандардын көбүнүн нааразылыгын жаратты. Бүгүнкү отурумга айыпталып жаткандардын жакындары жана журналисттер гана эмес, айрым чет элдик уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар, укук коргоочулар дагы чогулду.

Сот өкүмдү угузуп жатканда баргандардын көбү тышта калды. Отурум өтүп жаткан залдын оозун кайтарып турган милиция кызматкерлери аны орун калбай калганы менен түшүндүрдү.

Ошентип сот Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыратты.

Temirov Live медиасынын журналисти Айке Бейшекеева менен долбоордун мурдагы кызматкери Актилек Капаровго үч жылдан пробациялык жаза берилди.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана ушул эле долбоордун мурдагы кызматкерлери Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков толугу менен акталды.

“Кызымдын күнөөсү жок”

Журналист Айке Бейшекееванын апасы Назгүл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист Айке Бейшекееванын апасы Назгүл

Ичте отурган адвокатынан кат алгандан кийин журналист Айке Бейшекееванын апасы кубанганынан, эмоциясын жашыра албай ыйлап жиберди.

Үч жылга пробациялык жаза берүү акталды дегенге жатпайт, бирок эне үчүн бул чечим дагы жагымдуу болду.

“Пробациялык жаза болсо дагы үйгө кетип жатат. Мен ошого сүйүнүп жатам. Бирок соттун чечими менен макул эмесмин. Кызымдын эч кандай күнөөсү жок. Эмне үчүн ал пробациялык жаза өтөөсү керек? Он айдан бери акталат деген үмүт менен келип жаткам”,- деди анын апасы Назгүл.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын апасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын апасы

Ал аңгыча отурум жыйынтыкталып, кызына карата чыккан өкүмгө байланыштуу Махабат Тажибек кызынын энеси Сулстан Сатыбалдиева буларды айтты:

“Кызым ичип-жеген коррупционерлерди жазып чыкканы үчүн алты жыл эркинен ажыратылып жатат. Кийинки инстанцияларга арызданабыз”,-деди ал.

Дагы бир журналист Жоодар Бузумов соттун аны актоо чечими күтүүсүз болгонун айтты.

“Биз дагы пробациялык жаза берилет деп ойлогонбуз. Кийинки баскычтарда калган кесиптештерим акталат деп үмүт кылам”,- деди журналист.

Укук коргоочу Рита Карасартова муну иликтөөчү журналистика үчүн чоң сокку деп атады.

“Адамдар өзүн-өзү цензура кыла баштайт. Пикир билдирүүдөн коркуп калышат. Ал эми мындай нерсенин аягы жакшы болбойт. Жашы жете элек баласы бар журналистти алты жылга эркинен ажыратты. Күйөөсүн Кыргызстандан чыгарып жиберишти. Убакыттын өтүшү менен тарых баары бир өз баасын берет”,- деди Карасартова.

“Эркин журналист дайыма бийликти сындайт”

Ленин райондук соту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ленин райондук соту
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сотко барган саясатчы Равшан Жээнбеков күнөөлүү деп табылган журналисттер саясий өңүттө камалып жатат деди.

“Эркин журналист дайыма бийликти сындайт. Бирок эч качан аларга каршы иштебейт. Массалык тополоңго чакырган деген айыптоо логикага жатпаган чечим. Кыргызстан үч жылдан бери күчтүү авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирди. Муну эл аралык кадыр-барктуу уюмдар изилдеп чыкты. Бийликке сын айткан журналисттерди камоо Кыргызстандын эл аралык айдыңдагы кадыр баркын мурдагыдан дагы төмөндөттү”,- деди Жээнбеков.

Жогоруда аты аталган журналисттер быйыл 16-январда кармалган. Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектелип жаткан.

Бул окуядан кийин БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюмдар журналисттердин камакка алынышын айыптап, аларды бошотууга чакырып келген.

Андан тышкары, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө дагы ушундай пикирлер айтылган.

Алар кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого үндөгөн.

Сентябрдын соңунда өткөн сот отурумда мамлекеттик айыптоочу он бир журналисттин ар бирин алты жылга эркинен ажыратууну суранган. Бул дагы эл аралык уюмдардын, эксперттердин сынына кабылган.

“Далил менен сайрай бер”

Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана мындан ары да боло бере турганын айткан

Сүрөттүн булагы, kabar.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана мындан ары да боло бере турганын айткан

Андан көп өтпөй “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана мындан ары да боло бере турганын айткан.

“Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Ал эми он бир журналист дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”,- деген эле президент.

Бул эл аралык коомчулуктун кабатыр кайрылууларына президент Садыр Жапаровдун биринчи жолку жообу эмес. Ал буга чейин дагы аталган агенттикке курган маегинде кармалган журналисттерди " кесипкөй журналисттер эмес" деп атаган.

Ал жакта отуруп, ден соолугунан ажырагандан көрө үйдө отурганы артык деп калышты да.